Саламатсызбы. Адвокаттан жооп алып бере аласызбы? Апам жакында эле жер сатып алган. Аны өзүнө каттатайын деп барса, күйөөңүздүн колу керек деп айтышыптыр.
Атам менен апам ажырашып кетишкен, бирок ЗАГСы кыркыла элек болчу. Андан кийин апам жерди өзүнө “дарственный” кылып жаздырып алды.
Ушул боюнча көйгөй жаралбайбы? Саткан адам белекке бергем деп кайра тартып ала албайбы? Бул ишти жокко чыгарып, кайра башка адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп жаздырса болобу?







