Balance.kg тиркемесин колдонгондордун өздүгүн аныктоо (идентификация) кызматы башталды!
2018-жылдын 31 октябрына чейин өздүгүн аныктоо (идентификация) кызматына өтүүнү каалаган колдонуучуларга 5 ГБ интернет пакети жана «Элкарт» бренддүү карта белекке берилет.
Акциянын шарттары:
- Balance.kg тиркемесиндеги «Идентификация» бөлүмүнө жеке паспорттун сүрөтүн жүктөп жана андагы маалыматтарды толтуруу керек. Эртеси сизге 30 күнгө 5 ГБ интернет пакети берилет.
- Банк идентификациясынан өткөзүү үчүн контакт борбордун адиси сиз менен байланышат. Банктын же жеткирүүнү аткарган адис идентификацияны тастыктоочу барактар менен бренддүү «Элкарт» картасын жеткирип берет.
Өздүктү аныктоо кызматынан кийин:
- «Баланс» электрондук капчыктын балансы 15000ден 70000ге чейин жогорулайт;
- «Баланс» капчыгы аркылуу аткарылган төлөмдөрдүн көлөмү жогорулайт;
- «Элкарт» картасына акча которуу жана «Дос-Кредобанк» бөлүмдөрү аркылуу «Баланс» капчыгындагы акчасын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Акцияга Beeline кардарлары гана катыша алат!
Маалымат үчүн: 888







