AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Башкалардын аялына суктанып жүрүп

Башкалардын аялына суктанып жүрүп, өзүмдүкүн башкага алдырдым

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мынчалык өзүмдү жек көргөн эмесмин. Сыртыман байкатпаганым менен күйүп бараттым. Мен өрттөнүп бараттым. Эми бул айым менин жубайым эмес экенине ыза болуп бараттым.

— Сага турмушка чыккандан бери аябай чүнчүп кеттим.

— Чүнчүп кетсең, башкасын таап ал.

Эмне деп сөз баштабасын, ар дайым «башкасын таап ал» деп жооп берчүмүн. Маселени ортого коюп чечели деген нерсе жөнүндө ойлободум. Кур намыс — менин үй-бүлөмдү бузду. 

Удаасынан эки балалуу болдук. Үйдө отуруп калды. Мен адаттагыдай көчөдө. Жумуштан келип алып жатам. Жардам сурайт. Укпайм. Балдар ызы-чуу болуп жатса, кайра досторума кетип калам. 

Чай ичип отурганбыз. Тырмактары сынган, чачын ак баса баштаган, көздөрү муңдуу, кыскасы сулуулугу кайдадыр жашынып алыптыр. Билем, көр турмуш,  мени менен жашоо аны өзгөртүп баратыптыр. Бул чындыкты мойнума алгым келбеди, дагы сыртка чыгып кеттим.  

Эмнеге башкалардын келинчеги сулуу, анан дагы жадырап-жайнап күлүп жүрөт? Меники ар дайым муңдуу, карып дагы кетти, жайнаган көздөрүн унута баштадым. Ким күнөөлүү экенин билем, чындыкты моюнга алуу кыйын э… 

Бул жолу башкасын таап ал деген жообума, «макул» деди. Ошентип, ажыраштык. Артынан баргым келди. Балдарды көргөнү барганда кадимкидей аны дагы кучактагым келди. Кур намыс — менин үй-бүлөмдү бузду. 

Бүгүн балдар мени менен калмак. Алып кеткени баргам. Эшикти сулуу бир кыз ачты. Аялым экен. Көздөрү жайнаган. Башкача сулуу. Мени менен учурашып бир нерселерди сүйлөп жатты. А мен экөөбүздүн ажырашып жаткан күнүбүздү эстедим. Үйдөн жүдөп чыгып бараткан. Ачуу сөздөрүмдүн, тыюуларымдын, кайдыгерлигимдин издери жүзүндө эле.  Азыр бирөө дагы жок. 

Демек, мен аялыма берген сөзүмө тура албадым. Алып жатканда бактылуу кылам деген элем. Эх…

Балдарымды жетелеп бараттым. Сулуулугу дале көз алдымда. Аттиң, эми ал мага кайтып келбейт. Мен бул нерсени так билем. Көздөрүнүн жайнаганына бирөө себепкер экенин билдим. Бакыт кааладым. Чын жүрөгүмдөн кааладым. Балдарымдын апасы сөзсүз бактылуу болушу керек.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук: тобокелдиктер жана алдын алуу жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Адистердин айтымында, акыркы он жылда "сексуалдык дебюттун" жашы төмөндөгөн. "TEENS аймагы" нускамасынын түзүүчүлөрү өспүрүмдөрдө сексуалдык жактан активдүү болууга жөндөмдүүлүк жана каалоо, психологиялык жана социалдык жактан жетилүүгө караганда эртерээк...

Кийинки макала
10 жылдыкка барсам классташ балам "күйөөң жокпу" деп каткырды

10 жылдыкка барсам классташ балам "күйөөң жокпу" деп каткырды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.