AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Башка түшкөн бир балээ болдуң го!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы? Анда окугула

“Башка түшкөн бир балээ болдуң го!” Балаңарга ушинтип айтасыңарбы? Анда окугула

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ата-энелик директивалар деген эмне? Бул ата-энелер билип билбей баланын мээсине куйган маалымат, багыт, орусча айтканда “установка”, — дейт психолог Эльвира Чокоева. Андай багытты адатта бала менен эң көп убакыт өткөргөн адам берет, апасы, атасы, чоң энеси, таенеси ж.б.

Психологияда мындай багыттардын 12син бөлүп карашат. Ал директивалар биздин турмушубузга таасирин тийгизип, толук кандуу жашоого тоскоолдук жаратат.

Биринчиси “Жашаба!”

“Мен бүт өмүрүмдү сага арнадым”, “Сени багам деп жүрүп, жаштыгым өттү”, “Болбосо, ийгиликтүү бизнесмен, актриса, ырчы ж.б… болот элем”, “Төрөсөмбү же аборт жасасамбы деп көп ойлондум”. Бул фразалар тааныш угулган жокпу? Бул маалыматтын өзү, сен болбогондо мен бактылуу-таалайлуу болмокмун, дегендик.

Ата-эне буларды күнүмдүк жашоодо, жайдары, тамаша аралаш айтышы мүмкүн, кээ бири ачуусу менен.

Ошонусу менен өзүнүн ишке ашпай калган кыялдары үчүн жоопкерчиликти баласынын мойнуна жүктөп жаткандай. Натыйжада, ата-энесинин жашоосу ойдогудай болбой калганына бала өзүн күнөөлөйт.

Беш жаштагы балам “мага карантин жакты, апам экөөң үйдөсүңөр” деди

Бала мээримге бөлөнүп чоңойгондун ордуна, терс эмоцияларды кабыл алуучу бутага айланат. “Башка түшкөн бир балээ болдуң го!”, “Көзүмө көрүнбөй жогол!”, “Мага мындай жаман кыздын кереги жок!”, “Тил албасаң сени милиция байкеге берип салам!” ж.б.

Өзүн-өзү күнөлөө, жемелөө, жерүү сезими кенедейинен калыптанып калат. Өзүн эч нерсеге татыктуу эмесмин деген ой менен чоңоет.

Сөзсүз эле сөз менен эмес, айрым ата-энелер мамилеси менен билдиришет. Эмоционалдык жактан муздак болуп, баланы кийинтип, курсагын тойгузуу жетиштүү деген ойдо болушат. Бүттү, ата-энелик милдетимен кутулдум.

Бул сөздөрдү эч качан балаңарга айтпагыла

Ушундай дирректива менен өскөн адамдар байкабай түрдүү жаракаттарга туш болуп, травма алышат. Аңдабай, атайылабай өзүн-өзү ичинен талкалагысы келет. Улам-улам жыгылат, бир жерин оорутуп алат, же болбосо ооруп калат. Ошонусу менен өзүнө чоңдордун көңүлүн бургусу келгендей. Мен ооруганда гана мени жакшы көрүшөт, көңүл бурушат, деген ой менен жашайт.

Мындайда психологдин иши кардар менен маектешип, биринчи кезекте балачагындагы ал үчүн баалуу, абройлуу деп саналган адамдан эмоционалдык жактан бөлүнүүсүнө багытталат.

Сизге ушундай сөздөр айтылчу беле? Же балким сиз балдарыңызга ушул сөздөрдү айтасыз?

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.