Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. 7-8 жашыман бери көпчүлүк менен тамактанганды жактырбайм, өз алдынча отургум келе берет. Себеби тамак ичкенде башкалардын ооздон чыккан үндөр кыжырымды келтирет, денем башкача болуп, ыйлагым келип кетет.
Андай кылбаганга аракет кылам, бирок такыр өзүмдү алаксыта албай койдум. Бир угулса, болду шылтоо айтып туруп кетем.
Эмнеге мындай? Бул адатым менен кантип күрөшсөм болот?







