AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
БАРДЫГЫ мүмкүн! Студенттер үчүн бекер wi-fi

БАРДЫГЫ мүмкүн! Студенттер үчүн бекер wi-fi

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

«Можно ВСЁ! 2.0»  аталышындагы жаңы тарифтик планды Beeline  атайын студенттер үчүн иштеп чыкты. Жогорку окуу жайларында окугандардын муктаждыктарын эске алып, компания жумасына 8 гигабайт интернет-топтому, түнкү чектөөсүз интернети, тармак ичинде акысыз чалуулар жана башка тармактарга акысыз 10 мүнөттү камтыган тарифти ишке киргизди.  

Бул тарифтик план — технологияларга жана билим берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү. Долбоордун алкагында Beeline компаниясы студенттер үчүн жеңилдетилген тарифтен тышкары Кыргызстан университеттерин  зымсыз интернет менен акысыз камсыз кылат.   

Азыркы учурда компания ылдам wi-fi-га 17 университетти жана 3 колледжди кошту. Алар  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Раззаков атындагы Кыргызстандын Мамлекеттик Техникалык Университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин бардык корпустарын туташтырды.     

«Компаниябыздын негизги багыттарынын бири — билим берүү. Кыргызстандын окуу жайларынын студенттеринде билим берүү ресурстарына тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүгү болуш керек деген максатты койгонбуз. Азыр жаштарга университеттерде берилген окуу куралдары жетишсиз. Алар онлайн китептерди окушат, өзүнүн долбоорлорун иштеп чыгышат, онлайн университеттерде билим алышат. Интернет — дүйнө жүзү менен болгон байланышты өркүндөтүү үчүн зарыл. Жакынкы арада биз — Оштун жана Жалал-Абаддын окуу жайларына да  wi-fi роутерлерди орното баштайбыз», — деди Ирина Хегай, Beeline  МТда бизнес-тиркемелер архитектураларын өнүктүрүү кызматынын жетекчиси.  

Бишкек гуманитардык университетинин өкүлүнүн айтканына караганда, телекоммуникациялык компания менен кызматташуу ЖОЖдор үчүн стратегиялык жактан маанилүү, анткени, алар студенттер үчүн кошумча шарттарды түзүп жатышат.   

«Beeline компаниясы менен жарым жылдан бери кызматташып келебиз. Алар биринчи кезекте  университеттин бардык корпустарында wi-fi роутерлерди орнотуп беришти. Биз мониторинг жүргүздүк, ылдамдыкты карадык. Beeline бүгүнкү күндө мобилдик операторлордун арасында алдыңкы орунду ээлерин эске алып, туруктуу кызматташууну чечтик. Биринчи кезекте, студенттер үчүн шарттарды түзүү керек – алар зарыл маалыматты алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Сиз билгендей, азыркы маалымат жана технологиялар доорунда бардык информацияны интернеттен алабыз», — деп БГУ өкүлү Ялкун Даутов белгилеп кетти.   

«Биздин башкы милдет — студенттер үчүн сапаттуу билим берүү жаатында кызмат көрсөтүү жана зарыл болгон шарттарды түзүү. Биздин миссиянын жана милдеттерибиздин контекстинде мындан ары да компания менен өнөктөштүктү караштырып жатабыз, анткени биздин студенттерибиз wi-fi, мобилдик тиркемелерди колдонууларын каалайбыз. Мүмкүн мындан ары аларда электрондук китепканаларга жана билим берүү ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Биздин өнөктөштүк негизделген контент кеңейиши керек», — деп ал кошумчалады. 
 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Контрактын чегин жоготуп алдым

Контрактын чегин жоготуп алдым

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.