AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
“Бангиликтин” азабын тарткандар

“Бангиликтин” азабын тарткандар

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

 

сүрөт интернеттен алынды

Банги затын колдонгон өспүрүмдөрдүн баардыгы тең алгач тамеки чегип, пивонун даамын татышкан, анын арты менен кандайдыр бир компанияларда өздөрүн эркин сезип, акырындап клей, лак, бензин сыяктуу заттарды колдонуп галюцинация болушат дейт адистер. Мунун негизги өзөгү тарбияда жатканын, ата-эне бала менен сырдаш болуп, проблемалары болсо кагып силкип, же кош көңүл болбой тескерисинче аны чечкенге жардам бериш керек дешет. Жашы жете электерге медика-психологиялык жардам берген борбордун адиси Лариса Иванова банги заттарынын кесепеттери тууралуу эмнелерди айтат

  • Энергетикалык ичимдиктердин зыяны жокпу?
  • сүрөт интернеттен алынды

Учурда өспүрүмдөр арасында эң белгилүү алкоголдук ичимдик-энергетикалык ичимдиктер. Көрүнүшү кооз, жеткиликтүү, баасы арзан. Бир заматта таасир этип, көңүлдү көтөрөт. Бирок 45 мүнөткө гана энергия берип, дозасы таркагандан кийин, ачуулантып, көңүлдү түшүрүп, кайра ичүүгө мажбурлап, көз карандылыкка алып барат. Европа өлкөлөрүндө бул ичимдиктер, дары катары колдонулуп, дарыканаларда сатылса, бизде каалаган соода күркөлөрүнөн сатып алсаң болот. Коркунучтуусу ичимдиктин курамы, себеби анда 50 грамм таза этил спирти, эки эсе күчтүү кофеин сыяктуу зыяндуу заттар бар. Энергетикалык ичимдиктер гастрит, ичеги жарасы, бөйрөк ооруларына, тукумсуздукка, нерв жана жүрөк ооруларына чалдыктырат.

  • Клей, бензин жыттоо канчалык коркунучтуу?

Клей, бензин психоактивдүү заттар болуп саналат. Тактап айтканда токсикомания-уулу заттарга болгон көз карандылык. Айрым өспүрүмдөр бул химиялык заттарды целлофан баштыктар, инголятор, карбюратордун жардамы менен жытташат. Улам дозасын көбөйтүп олтуруп, баш оору, дем алуу органдарынын жабыркашы, галлюцинация, апатия илдеттерине чалдыгышат. Мээ жабыркап, тери оорулары күчөп, күйүккө дуушар болушат. Аба аркылуу организимге кирген клейдин жыты бат таасир берет. Бара бара өспүрүм көбүрөөк ырахат алуу үчүн, баңгизаттын башка түрүнө өтөт.

  • Баңгизат колдонгон өспүрүмдөрдө кандай белгилер болот?

Өспүрүм бензин, ацетон жыттана баштайт. Өңү бозоруп же тескерисинче кызарып, алакандары бат тердей баштайт. Каректери чоңойуп, денелери кычышат. Кыймылдарынын багыты өзгөрөт. Көп сүйлөп бир орунда тура албай, таттуу азыктарды көп жеп калат. Арыктап, чүнчүп, колдорунда ийне тактарынын изи болот.

  • Экстази кандай баңгизат?

Экстази-курамында амфетамин бар баңгизаттын бир түрү. Алгач согуш мезгилинде стимулятор катары, кийинчерээк психиатрияда колдонула баштаган. Экстазини кабыл алгандан 15-20 мүнөт өткөндөн кийин адамдын көңүлү көтөрүлүп, чарчоо абалынан кутулат. Баңгизаттын бул түрү таблетка, капсула же порошок түрүндө кездешет. Эң коркунучтуусу курамында амфетаминден тышкары героин менен келемиштерди өлтүрүүчү уу бар.

  • Спайс деген эмне?
  • сүрөт интернеттен алынды

Спайс — түрдүү синтетикалык заттардан турган, чөп түрүндөгү чегүүчү кошулмалар. Курамында марихуана бар болгондуктан, анын аналогу деп дагы айтышат. Баӊгизаттардын эӊ зыяндуусуна кирет. Аны колдонгондо баш ооруйт, кусуп, депрессия болуп, бийиктиктен учууну каалап, көп кабаттуу имараттардан боюн ташташат. Психозго дуушар болот, депрессияга чалдыгат. Спайсты көп колдонгондордун мээ клеткалары өлүп, иштөө функциясы бузулат. Жүрөк, боор, өпкөнү жабыркатып, көзүнө ар нерсе көрүнүп, өзүн-өзү өлтүрүүгө алып барат.

  • Сыра (пиво) алколдук ичимдикке киреби?

Ооба. Көпчүлүк сыранын зыяны жок, тескерисинче пайдалуу деп ойлошуп, күнүнө бир эки бөтөлкө ичип коюуну туура көрүшөт. Бирок сырада 14% спирт бар. Бул ичимдиктин курамындагы токсикалык кобальт заты жүрөккө терс таасирин тийгизип, ашказан, ичеги карындарды жабыркатат. Гормондук системаны бузуп, эпилепсия, боор циррозу, гепатит, гастрит дарттарына чалдыктырып, көрүү, угуу функцияларын начарлатат.

  • Кара куурай башка бангизаттка караганда коопсузбу?

Кооптуу, ал туруктуу психологиялык көз карандуулукка түртүп, кем акылдуулукка алып барат. Эң коркунучтуусу, баңгизаттын башка түрүн колдонууга жол ачат. Гашиш, марихуаналар кара куурайдан жасалат. Зыяндуулугуна токтолсок, адамдын эс тутуму начарлап, ар нерсени сүйлөп, дөөрүп калат. Жүрөккө терс таасирин берип, өпкө рагына чалдыктырат.

  • Насвай баңгизат түрүнө киреби?
  • сүрөт интернеттен алынды

Ооба, насвайда никотин бар болгондуктан көз карандылыкка алып келүүчү баңгизаттын бир түрү болуп саналат. Оозго салгандан 1-2 мүнөттөн кийин, никотин мээге жетет. Көпчүлүгү тамекини таштоо үчүн насвай тартышат. Бул туура эмес. Себеби насвайда тамекиге салыштырмалуу никотиндин өлчөмү эки эсе көп. Насвай адамдын нерв системасын, эс тутумун жана акыл эсин жабыркатып, ооз көңдөйүн ракка чалдыктырат. Курамына аки таш, тамеки, күл, клей жана суу кирет. Айрым учурда канаттуулардын заңын кошуп коюшат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Үйдүн улуусу болгондуктан баардык түйшүк менде, мен ага милдеттүүмүнбү?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.