AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Банан жеп СПИД жуктуруп алсам болобу? ВИЧ тууралуу 5 миф

Банан жеп СПИД жуктуруп алсам болобу? ВИЧ тууралуу 5 миф

30 ноября, 2022
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Салам, достор! 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата, ВИЧ тууралуу мифтерди чогулттук. Албетте, мындай жалган маалыматтар көп деңизчи, биз бүгүн алардын айрымдарын гана жокко чыгарабыз. 

1-МИФ. СПИДди банан аркылуу жугузуп алсам болот

Бул жалган маалымат. Адам эч убакта дароо СПИД менен оорубайт, алгач ВИЧке чалдыгат. Экинчиден, ВИЧтин вирустары тышкы чөйрөгө такыр туруктуу эмес. Алар адамдын организминде гана жашай алышат. Бананды жеп ВИЧ вирусун жугузуу үчүн ага жаңыдан шприц менен кан куюлуп, аны сиз дароо жеп, сиздин тиштериңиз ооруп, бүлөлөрүңүз канаса, ошол кан аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок андай факты бир да жолу катталган эмес.

2-МИФ. Дарыланып жатам, демек, вирусту тарата албайм

ВИЧти дарылоо кандагы вирустун санын кан анализинде аныкталбаган деңгээлге чейин азайтат. Бул «аныкталбаган вирустук жүк» деп аталат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер сиздин вирустук жүгүңүз аныкталбаса, сиз вирусту жугуза албайсыз. Бирок ВИЧке каршы дары-дармектериңиздин дозасын өткөрүп жиберсеңиз же аларды колдонууну токтотсоңуз, вирусту башкаларга жугузуп коюшуңуз мүмкүн. Андыктан аларды так жазылгандай кабыл алышыңыз керек. Башка бирөөгө жуктуруп албаш үчүн жыныстык катнашка барууда презервативди колдонушуңуз зарыл. Өнөктөшүңүз экөөңөр тең ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган болсоңуз да, презервативдерди колдонуу сизди  жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргойт.

3-МИФ. Менде ВИЧ аныкталды, эми жашоом бүттү

Заманбап дары-дармектер ВИЧ, ал тургай СПИД менен ооруган адамдарга узак жана нормалдуу жашоого мүмкүндүк берет. Эгерде сиз дароо дары-дармектерди баштап, туура кабыл алсаңыз, таштап койбосоңуз, дарыгер менен тыгыз байланышта болсоңуз, анда сиз эч качан СПИДге чалдыкпашыңыз мүмкүн. Жана башкалардай эле көп жыл жашай аласыз.

4-МИФ. Күн сайын ондогон таблеткаларды ичишим керек

Бир нече жыл мурун ВИЧке чалдыккандар чындап эле көп таблеткаларды ичиши керек болчу. Азыр ВИЧти дарылоону баштагандардын көбү күнүнө бирден төрткө чейин таблетка ичишет. Замандын өнүгүшү менен бир таблеткада эки же үч дары айкалыштырылып жасалып баштады. Дарыгерге кайрылсаңыз, сизге керектүүлөрүн айтып, жазып берет. 

5-МИФ. ВИЧке чалдыктым, эми балалуу боло албайм

Бул жалган, сиз балалуу боло аласыз. АРВ-препараттарды ичүү менен дени сак балалуу болуу мүмкүнчүлүгү бар. Дарыгерлер кош бойлуулук учурунда өнөктөшүңүзгө вирус жугузуп алуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу же жок кылуу боюнча чараларды көрүүгө жардам берет. Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз, дарыгер сизди жана балаңызды коргоо үчүн ВИЧке каршы дарыларды жазып берет. 

А сиз кандай мифтерди билесиз?

Белгилер: Укугуңду бил
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул 10 азыкты жесеңиз тишиңиз көпкө сакталат

Бул 10 азыкты жесеңиз тишиңиз көпкө сакталат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.