AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балдызым көз кысып

Балдызым көз кысып, айламды кетирди. Бир жезденин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жигиттин катында балдызынын таң калыштуу кылыктары жөнүндө айтылат.  

Дамир (аты өзгөртүлдү), 28 жаш

Саламатсызбы! Учурда өзүмдү күнөөлүү сезип жүрөм. Балким, балдызыма башкача мамиле кылсам, баары жайында болмок.

Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга 4 жыл болду. Эки балабыз бар. Мен келери-кеч жумушта, аялым үйдө. Элден калбай оокат кылып жатабыз. Тынч турмушубузду балдызым бузду.

Быйыл окуусун бүтүп, университетке тапшырганы айылдан келген. Шаарды жакшы билбегендиктен, аялым кошо жүрдү. Балдардан чыга албай калганда, мен машинам менен таштап койчумун.

Балдызым шайыр, шуулдаган кыз. Эжеси, менин келинчегим токтоо, жоош.

Атайын айылдан келсе, көңүлүн оорутуп албайын деп жакшы сүйлөп, окууга тапшырып жүргөндө ачка болду деп бир нерселерди алып берчүмүн. Жылуу мамилемди башкача түшүнүп жатканын кайдан билейин.

Кийинки күндөрү, жезделеп жаныман чыкпай турган болду. Кезектеги университетине талон таштатканы алып баратсам, машинамдын алдына отуруп алат, “чарчадым”, — деп ийниме башын коет. “Кой” деп дагы айта албайт экенсиң. Жигитине эркелегендей назданып, жумушта жүрсөм чалып, “алып кетиңиз”,- дейт. “Такси менен бара бер, эжең акчасын берип коет”,- десем, “сиз менен кетким келип жатат”,-деп оозумду ачырды.

Түндө коңшу бөлмөдө жатып алып, “жакшы уктаңыз”,-деп смс жазат.

Аялым сезип баштады. Жаркылдап тосуп алган баягы келинчегим жок. Менден бир нерсе шекшип турат.

Кечээ үйгө адаттан эрте бардым. Балдызым экөө урушуп жатыптыр. Акырын тыңшасам:

— Жездеңе да ошондой мамиле кыласыңбы? Уят эмеспи?

— Эмнеси уят?

— Кечээ телефонун көрдүм, смс жазыпсың?

— Ооба, жазгам. Эмне болду?

— Бул эмне дегениң? Ал менин күйөөм?

— Анан?

— Окууңа тапшырып бүткөндө, айылга жөнө!

— Жөнөй берем!

Үйгө кирген жокмун. Эки бир тууганды уруштуруп койдум окшойт. Кечинде келсем, аялымдын көзү шишип калыптыр. Эртеси балдызым айылга кетти. Узаткан жокмун. Эжеси өзү барып, таксиге салып келди.

Бүгүн жумушта отурсам, смс келди. Карасам, балдызыман экен. Жооп бербедим. Эмне кылсам болот? Кеңеш бергилечи?

Адистер кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Эмне кылуу керек? Ал кыз сизге, сиз ага кимсиз, тактап алуу зарыл. Мисалы, балдызга балдыздай мамиле жасап дегендей. Балким, кээ бир жерде, ага атасындай болуп ашыкча кам көргөнсүз, кыз туура эмес түшүнүп алган.

Сиз үчүн үй-бүлөңүз баарынан бийик болсо, жубайыңыз менен мамилени сактап калгыңыз келсе, аны менен болгон байлынышты токтотконуңуз оң. Мисалы, каттарына жооп бербей, блокко салып дегендей.

Аялыңыз акылдуулук кылып, бул маселени козгоп чыкпаптыр. Мүмкүн, келинчегиңиз менен ачык сүйлөшүү керек: мындай болоорун күтпөгөнүңүздү, аны гана сүйөөрүңүздү айтуу. Себеби келинчегиңиздин да сезимдери бар. Балким, ачык сүйлөшүп алсаңар, ортоңордогу түшүнбөстүктөр жоюлат.

Экөөңөр бир пикирге келип, ал кызды жеке турмушуңарга аралаштырбай эле койгонуңар туура болот. Силердин үйүңөрдө жашабай эле, конок катары келип кетип турсун. Мындайча айтканда, үй-бүлөңөрдү коргогула. Балдызыңыздын сезимдери – силердин көйгөй эмес.

Тамара Воронцова, психолог

21 кылымда салттардын жакшы гана жагын алгыла деп дайым айтам! Балдарды өз алдынча окуткула: жаш үй-бүлө болгон туугандарына токтобой, жатакана же батирге чыгышсын. Туугандар баары бир уюштуруу иштерине жардам берет. 

Тууганына жайгашты, акча үнөмдөлдү дейли. А үй-бүлөдө пайда болгон бактысыздыкка жана чыр-чатакка кандай баа берилет? 

Шаарыбыз чоң эмес: бир жолу жол көрсөтүп койсоңор, калганын өзү таап кетет. Ал башка өлкөгө барса эмне болмок? Тез эле үйрөнүп кетмек!

Мындай кырдаалда эркектин позициясы башынан бекем болушу зарыл: «сен менин тууганымсың, башкача болушу мүмкүн эмес!» деп айтышыңыз керек.  Жакындоого болгон бардык аракетин токтотуп, блокко салып коюңуз.

Чыр-чатактан коркпой, аялыңызга дароо билдириңиз, болбосо кийин өзүңүз күнөөлүү болуп каласыз. Кыздар сиз үчүн урушуп жатканда кетип калбай, кирип, келинчегиңизди колдоп, «биз туугандык мамиледебизби же жокпу»,-деп айтуу керек эле. 

Сиз байкамаксан болуп, унчукпай коюнуну тандап алыпсыз. Балдызыңыз бул аракетиңизди макулдук катары көрүп, мени жактырат, каршы эмес деп кабыл алат. Акыр-аягы ата-энеге айтуу зарыл. 

Милдетиңиз — башка бирөөлөрдөн үй-бүлөңүздү коргоо!

Эгер сиздин тууганыңыз, аялыңызга көз салса, унчукпай, кетип калбайт элеңиз да, туурабы?! Азыркы жагдай ошого барабар.

Эркек аялынын, үй-бүлөсүнүн коргоочусу болуш керек!

 

 

 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем милиция тайкесине ишенип мени урат. Кош бойлуу келиндин баяны

Кайын энем милиция тайкесине ишенип мени урат. Кош бойлуу келиндин баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.