AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балдарымдын аталары ким экенин да билбейм... Мигрант келиндин баяны

Балдарымдын аталары ким экенин да билбейм… Мигрант келиндин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  — мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Bilesinbi.kg Россияга барып, үч баласы менен эч нерсеси жок калган Маликанын окуясын окурмандарга сунуштайт.

Чоң үйлүү болсок деп кыялданчу элем…

Чоң үй-бүлөдө үчүнчүсү болуп төрөлгөм. Өмүр бою турмушка чыгып, чоң үйдө жашайм, үйүм жарык, эмеректери аппак болсо, деп кыялданчумун. Ферганалык бир жигитке турмушка беришти. Юсуф жакшы жигит болчу, бирок турмушу орто эле. Адаттагыдай бир жылдан кийин уулду болдук.

Кичинекей Аброрду бешикте терметип жатып, көп акча таап, чоң үйлүү болуп, уулумду Ташкентке окууга жөнөтүп, туугандар келгенде дасторконумду укмуш даярдап алып тосмокмун, анан баары бизди кандай жакшы, бактылуу үй-бүлө, деп суктанышмак, деп элестете берчүмүн.

Россияга баралы деп чечтик

Күйөөмө кыялдарымды ар дайым айтып берем. Бир күнү Юсуф үйгө келип, анын таанышы Россияга барып жакшы акча таап келиптир, кызына укмуш той бериптир деп айтып калды… Россияга барып келсек кантет деп, улам ойлонобуз. Досторубуздан, тааныштардан сураштырып, бир топ маалымат чогулткандай болдук.

Акыры баралы деп чечтик. Ата-энеме келип айтсак, барбагыла деп атам аябай суранды. Болбой кетип калдык.

Биз кеткенден кийин көп узабай атам көз жумуптур. Бир туугандарым анын өлүмүндө мени күнөөлөштү. “Атам аябай санааркап, сенин кетип калышыңды көтөрө албай койду”, — дешти. Алардын сөзү мага абдан катуу тийди.

Мени бир кожоюнга, күйөөмдү башкасына жөнөттү

Россияга келгенге чейин бардыгын билебиз, кабарыбыз бар деген ойдо элек. Бирок биз жаңылыптырбыз. Өтө ишенчээк экенбиз. Жердештерибиз бизди алдап кетет деген нерсе оюбузга да келген жок. Бизди алып келген Сардор паспортторубузду алып алды. Жол кире үчүн карыз экенибизди, ага барын кайтарып беришибиз керектигин айтты. Мени бир кожоюнга, Юсуфту башкасына жөнөттү. Экөөбүз чанда гана жолугуп турчубуз…

Балдарымдын аталары ким экенин да билбейм

Мен иштеген үй тегерете бийик тосмо менен курчалган. Сыртка чыгууга уруксат беришчү эмес. Эң коркунучтуусу балам экөөбүз толугу менен алардын карамагында калганыбыз болду. Өзүмдүн да, баламдын да эч кандай документерибиз жок, абсолюттук түрдө укугу жок адамдарга айландык. Аброр менен өзүмдү аман алып калуу үчүн бардык кордукка чыдадым. Кийин дагы бир кыздуу, анан уулду болдум. Алардын аталары ким экенин деле айта албайм. Эми мен кенедей бир укугу жок, үч баланын энесине айландым…

Ал жакта көп жашадым, бирок бир күнү качып чыктым. Ферганага калп-чынды аралаштырып, эптеп жетип келдим. Эч нерсебиз жок болчу: үйүбүз жок, балдарымдын күбөлүктөрү жок, паспортум жок, эч нерсе. Үй-бүлөм мени кабыл алган жок… Балдарым менен көчөдө калдым.

Бактыма “Мехрибон” уюму тууралуу угуп калдым. Ал жактагылар мага жардам берип, жаңы паспорт, балдарга күбөлүк алдык, поликлиникага учетко туруп, балдарым мектепке, бакчага бара башташты. А мен болсо, жашоомду кантип кайра калыбына келтирип, сыныктардан бир бүтүндү курасам деген ой менен жүрөм. Азыркы кыялдарым такыр башка, мурункудай асмандын башы эмес.   

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Социалдык тармактагы тренддер жөнүндө кызыктуу маалымат

Социалдык тармактагы тренддер жөнүндө кызыктуу маалымат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.