AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балдарым чарчап

Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Мигранттардын окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын журналисттери Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен “Дети мигрантов” аттуу социалдык долбоорду ишке ашырышты. Долбоордун максаты  — мигранттардын балдарына көңүл буруу, алар туш болгон кыйынчылыктарды аныктоо.

Blesinbi.kg беш баласы менен көчөдө калып калган Чынгыз менен Алманын окуясын айтып берет.

Биз Кыргызстанданбыз. Бир нече жыл мурун Россияга барып иштеп жакшы акча таап келгенбиз. Тажрыйба топтоп, байланыш түзүп, бул жерде акча тапса болоруна көзүбүз жетип кайтканбыз. Бул жолу балдарыбызды туугандарга калтырбай эле кошо ала кетели деп чечтик. Беш тентек баланы караш оңой иш эмес. Албетте, кабатырланып жаттык. Жаңы жерге балдар көнүп кетеби, кыйналышпайбы, деп. Эмнеси болсо да бирге кетели, бирге бололу деген чечим кабыл алдык. 

“Бардыгы жакшы болот деп ишенгем: Екатеринбургда кафеде мени күткөн жумушум бар эле. Жумуш бар болсо, жашооң жүрө берет дегендей. Ал эми Алма үйдө отуруп, нан жасап сатмак. Балдар да жанында, аз болсо да киреше табат. Ошентип Кыргызстандан чыгып узак жолго аттандык. Челябинскийдеги “Бугристое” постуна келип жеттик” – дейт Чынгыз.

“Алманы чек арачылар өткөрбөй коюшту. Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн анын фамилиясына өлкөгө кирүүгө тыюу салынган экен. Кеңешип-кептешип, акыры жолумду жалгыз улантып, Алма үйгө кайтып мени күтмөк болду. Үй-бүлөмөн ажырап, жалгыз жөнөп кетүүдөн башка арга жок. Бирок кайра бирге Кыргызстанга баруудан пайда жок. Жол киребизге көп каражат коротуп койдук, аны текке кетирүүгө шартыбыз жок эле» — деп ал күндөрду Чынгыз эсине салды.

Артка кайтуу үчүн чектелүү эле акчабыз бар. Бүт Казакстанды аралап өтүш керек. Жаңы жылдын алды болчу. Поезддин билеттери эбак эле сатылып кеткен. Бир нече күнгө көчөдө калып калдык, — дейт Алма. Балдарым ыйлап, менин айлам түгөнүп эмне кыларымды билбей турдум. Вокзалдын алдындагы скамейкада бир нерсе күткөндөй отурдум. Билет өзү келчүдөй отура бердим, отура бердим. Балдарым чарчап, курсактары ачкан. Бул жаңы жыл өмүр бою эсибизде калды.

Бактым бар экен. Вокзалдан жердештерибизге жолугуп калдым. Ошолор жардам беришти. Алар болбосо азыркы күнүм эмне болмок, элестете албайм. Жердештерибиз бир нече күн үйүнө батырып, кийин мекенибизге кетишибизге жардам беришти.

Сиз да өзүңүздүн окуяңарды айтып бериңиз. Bilesinbi.kg сайтына же 0704004608 ватсап номерине жазсаңыз болот. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
ТЕСТ: Кыргыздын ак куусу Таттыбүбү Турсунбаева эсиңиздеби?

ТЕСТ: Кыргыздын ак куусу Таттыбүбү Турсунбаева эсиңиздеби?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.