Мен да өз көйгөйүм менен бөлүшүп кеңеш алгым келди. Турмуш курганыма 8 жылдын жүзү болду. Турмуштун ысыгын, суугун да көрдүм. Өзүмдү, балдарымды да коргой алам. Кеп менин кайын энемде.
Чогу турабыз. Мүнөзү өтө оор, корс, темир аял. Мен көңүл бурбаганга, жакшы сүйлөгөнгө аракет кылам. Азыр кыш, каникул, эшик суук үйгө эч эле батпай атабыз. Кайын энем катуу кыйкырып каргана берет. Отурса сопок, турса опок.
Жумуштан келе жатып, 1 кмден кыйкырганын угам. Шашып келем. Кыйкыра берип балдарым кок бет болуп бүттү. Бала да олтурган жерде олтурбайт да, ойнойт, күлөт. Элдин балдары тигиндей, мындай, булар адам болбойт, эшектер өлүп эле калгылачы, деп сүйлөйт.
Эх, кудайым сабыр берчи. Унчукпасам балдарым экен, чыдай албай бүгүн айттым. Кыйкырбай акырын айта бериңиз, сизди тоготпой да калышты, сыйыңыз кетип калат десем, менин болгонум ушу, мен ушундаймын деди. Кечке кабагы ачылбайт же жарылып сүйлөбөйт. Адамдардай кенен олтуруп сүйлөшпөйбүз. Мага кылыгын көрсөтсө көрсөтсүн, балада эмне күнөө.
Мени бир гана кайын эне менен чогу айылда тургандар түшүнсө керек. Жумушка кетейин десем, «мени таштаба, энем урат» деп жалдырашат. Кандай кылсам болот? Кандай кеңеш берет элеңиздер? Эне экенмин чыдамым түгөнүп бара жатат.







