AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балдардын милдетин мойнума жүктөп коюп таштап кеттиң. Жалгыз бой атанын баяны

Балдардын милдетин мойнума жүктөп коюп таштап кеттиң. Жалгыз бой атанын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет «Аялымдын таштап кеткенине дагы да болсо ишене албайм»,- деген Мураттын (аты-жөнү өзгөртүлдү) баяны айтылат.

Мен сейрек кездешчү жалгыз бой аталардын бирөөсүмүн…

Айпери (жубайым) менин классташым. Шайыр, бир орунда тура албаган активист. Качан сүйүп калганым эсимде жок, бирок ал дегенде денемди кара тер басып, акылымдан адашып калаар элем. Азыр да сүйөм…

Ошондо эрте турсам, баары башкача болмок…

Түнү менен кино көрүп, эртең менен уктап калыпмын. Жуунуп-жуунбай сабакка чуркап баратсам, алдыман Айпери чыкты. Көздөрү кызарган, шишиген. «Жүр бүгүн сабакка барбай эле коебуз»,-деди. Дароо макул болдум. Айылдын ары жагындагы сайга жөнөдүк. 

Кечке чейин сүйлөшүп олтурдук. Аягында, «мен жакында алыс жакка кетем»- дедиң. Коркуп кетип, «менчи», — деп кантип айтканымды билбей калдым. Экөөбүз тең күлүп жибердик. Ошондо сезимдеримди ачыкка чыгардым. Мүмкүн ал күнү жолукпасак, биринчи сүйүүм бойдон калмаксың. А мен башкага үйлөнмөкмүн…

Дайым шашып жүрчүсүң…

2-курста баш коштук. Сунушума дароо макул болгонуңа таң калдым. Дайым шашып жүрчүсүң. Бир нерсеге жетишпей калчудай коркчусуң. 

Ата-энебиздин каршы болгонуна карабай (жашсыңар, окууңарды бүткүлө жана башка) баш кошуп алдык. Окуумду сырткы бөлүмгө которуп, дүкөнгө жүк түшүргүч болуп жумушка орноштум. 2 кыздуу болдук. Бактылуу болуш үчүн заңыраган үйдүн, акчанын, машинанын кереги жок экенин сага үйлөнгөндөн кийин билдим. 

Уулубузду өзүң менен алып кеттиң…

Жумуштан жаңы эле келгем. Көздөрүң кудум баягыдай шишип, кызарып калыптыр. «Мен алыс жакка кетип жатам»,-дедиң. Түшүнгөн жокмун. Эмне болгонун сурадым. Ошондо айыкпас дартың бар экенин айттың. Эшикке кандай чыкканымды билбейм. Жөө басып кете берип, шаар четине жетип калыпмын.

Күн сайын көргөзбөй ыйлайм. Үйдөн качып калдым. Сени көргүм келбейт…

Көп өтпөй бизди таштап кеттиң. Палатадан, «Мурат, кечирип кой, жетишпей калдым, уулубузду өзүм менен алып кетип жатам»,-дедиң. Ошондо кош бойлуу экениңди билдим.

Кыздарым үчүн жашап келем..

Канча күн ичкенимди билбейм. Көзүмдү ачсам бейтапканада жатыпмын. Атам жанымда экен. Колумдан кармап, «Уулум, өзүмчүл болбо, кыздарың кыйналып кетти»,-деди. 

Сүрөтүң менен жашаганыма 6 жыл болду. Кыздарыбыз акылдуу болуп чоңоюп жатат. Сендей активист. Сенсиз жашоомду гүлгө айланткан ошол экөө. 

«Жашсың, үйлөн!» дегендер толтура. А мен дале болсо сени сүйөм. Анан да, кыздарымды башка бирөөгө кор кылгым келбейт. Мыкты ата болгонго аракет жасап келем, колумдан келип жатабы же жокпу, кийин кыздарым чоңойгондо айтат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
“Даже”

“Даже”, “уже", "прикинь" деген сөздөрдүн маанисин билесизби? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.