AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балдар бизге жооп кайтара албайт

Балдар бизге жооп кайтара албайт, ошондуктан биз аларды урабыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун психотерапевти

Балдарды эч качан урбаш керек. Айырмасы жок, сенин балаңбы, башка бирөөнүн баласыбы. Баланы уруу зомбулук болуп эсептелинет.

Эмне үчүн биз балдарыбызды урабыз?

Ушул суроону өзүңүзгө берип көрдүңүз беле? Мисалы, жаш эне жолдошуна ачууланат, же кайын энесине жини келет, бирок алардын өзүнө нааразычылыгын билдире албайт. Ачык айтып каршылык көрсөткөнгө эрки жетпейт. Ошондо, эне өзүндөгү терс энергиянын бардыгын балдарынан чыгарат.

Мындай көрүнүш адатка айланып калгандыктан, ал балдарын эмне үчүн урушуп жатканын деле билбейт. Бала чындап эле, уруш жегидей кылгылыкты кылдыбы, же жөн эле жининин чыгарып жатабы айырмасы жок болуп калат.  

Бул аталарга деле тиешелүү. Жумушундагы, чөйрөсүндөгү негатив менен кыжырдануунун бардыгын үйго алып келип, баладан чыгарат.

Албетте, маанайың чөгүп турганда өзүңдү контролго алуу кыйын. Бирок, чоң адамдын баладан айырмасы ошондо. Ал өз эмоцияларын башкара алат. Чоң кишинин маанайы балдарга терс таасирин тийгизбеши керек.

Жиним келип турганда кантип карманам?

Баланы чаап жибергиң келип турган учурда, өзүңдү токтотуп, төмөнкү суроолорду бер:

  • Мен чынында кимге ачуум келип жатат?
  • Балким ачуум келип турган адамдын өзүнө барып айтышым керек?
  • Баланын буга кандай тиешеси бар?
  • Эмне үчүн чоңдордун акылсыздыгынан алсыз бала жабыркашы керек?

Болбой эле уруп салгандан кийин эмне кылышым керек?

Балага кол көтөргөндөн кийин ата-энелердин көпчүлүгү аны кайра аяп, өз жоругунан уялышат. Бул сезим адамды эзип, кыйнап жиберет.

Балдарыңыздан кечирим сураганды үйрөнгүлө. “Балам (кызым) мени кечирип койчу. Туура эмес кылдым, экинчи мындай кылбайм”, — деп айтып, кучактагыла. Көрөсүз, балаңыз сөзсүз кечирет. Балдар чоңдордон айырмаланып, абдан кечиримдүү болушат.

Сөзсүз айткан сөзүңөргө тургула. Эгер баланы урганыңар көнүмүшкө айланса, тарбия бергениңердин мааниси жок болуп калат. Баланы ура бергенге сиз да көнөсүз, бала да көнөт. Анын алдында аброюуңуз жоголот, айткан сөзүңүз маанисиз болуп калат.

Алгач өзүңөрдү тарбиялагыла

Адамдын айбандан айырмасы эмнеде? Адам баласы оюн ички туюмун сөз менен билдирет. Балага тарбия берерден мурун, өзүңөрдөн баштагыла. Башка бирөөнүн пикирин, каалоосун сыйлаганды, адамды угуп, сүйлөшүп, кандайдыр бир чечимге, компромиске келгенди үйрөнгүлө. Бул — сезимдериңди ичке катып, бардыгына чыдаш керек дегендик эмес. Тескерисинче, пайда болгон түшүнбөстүктөрдү, көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен чечкиле.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бул табышмакты тапкан адам акылдуу

Бул табышмакты тапкан адам акылдуу

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.