AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баласына убакыт бөлө албай

Баласына убакыт бөлө албай, жумуштан колу бошобогон аталарга кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Келээри-кечке жумуштасыз. Дээрлик балдарыңызды көрбөйсүз. Аталык ролуңузду аткара албай жатканыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезесиз. Кабатыр болбоңуз. Бул кеңештерге кулак салыңыз. 

1. Балага жакын болуу үчүн көп убакыт керек эмес

Бир саатты да кызыктуу, көңүлдүү кылып өткөрсө болот. Болгону аталык тарбия берүүгө аракет кылбаңыз. Апаңыз же жубайыңыз “балага атанын тарбиясы керек” деп айтышы мүмкүн. Бирок, бала менен өткөргөн убакыт – пикир алышуу үчүн болсун. Жашоосунда эмне болуп жатканына кызыгып көрүңүз. Күндөлүк же сабактарынан эмес, ал үчүн эмне маанилүү жана баалуу, мисалы, жаңы «Lego», машыгуулары, куурчагы, китеп, кино, достору. 

2.  Аял “баарын мен жасап жатам, а сен эч нерсе кылбайсың” деп даттанса эмне кылуу керек?

«Эртеден-кечке жумуштасың, а балдар атасыз чоңоюп жатат», — учурдагы абалы менен ыраазы болбогон аял күйөөсүн ушинтип жемелейт. Мүмкүн аялыңыз үйдө отургандан тажады. Чыр-чатакты өз-ара, балдарды пайдаланбастан чечкиле. Эскерте кетейин: балага тарбияны жашоо образыбыз, бири-бирибиз жана бирөөлөр менен түзгөн мамилебиз аркылуу беребиз.

3. Балдарыңыз иштеген жериңизди, аткарган жумушуңузду билеби? 

Кээде өспүрүмдөрдөн атасынын жумушу жөнүндө эмне билээрин сурайм. Кызмат ордун эмес (аны оңой эле эстеп калышат), атасы жумушта эмне кылаарын. Бардык эле өспүрүмдөр атасы кантип акча таап жатканын билбейт.

Эртең менен костюмуңузду (же башка кийим) кийип, портфелиңизди алып, машинаны айдап каякадыр жоголуп кетесиз. Кечке чейин эмне кылдыңыз, эмне үчүн чарчап келесиз, балага таптакыр түшүнүксүз.

Өспүрүмдөр апасынын жумушу жөнүндө көбүрөөк билет. Айрыкча, энеси иштебесе балдарды мектепке, поликлиникага алып барат, мугалимдери менен сүйлөшөт, тамак жасап берет. Үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканыңыз балага көрүнбөйт.

Мезгил-мезгили менен балаңызды жумушуңузга алып барыңыз, айрыкча, өспүрүмдөрдү. Аткарган милдеттериңизди айтып бериңиз. Кесиптештериңиз менен тааныштырыңыз — сиздин сыйлуу адам экениңизди көрсүн, үй-бүлөңүз жакшы жашашы үчүн эмне кылып жатканыңызды түшүнсүн.

4. Эми жакшы кабар

 “Атам көп иштегенине карабастан, мага жакын болууга аракет кылчу, бул үчүн мен ага ыраазымын”, -деп эскерген адамдарды көп билем. Демек, бала менен каалаган убакта мамиле түзсө болот. Кымбат болгон башка адамдар менен дагы. Мисалы, көп убакыт бою балдарынын жашоосуна тартыла албай «менин милдетим матераилдык жактан камсыздоо»,- деп гана ойлогон эркектер бар. Балага чыныгы, бекем мамиле менен гана жардам бере ала турчу бир убакыт келет. Өспүрүмдөрдүн орой мамилесинен, какшыгынан коркпогула! Чынчыл болуудан, алар менен сүйлөшүүдөн качпагыла! Жагымсыз маекке даяр туруңуз. Тил табышуу оор болсо да, чыдамдуу жана кайраттуу болуңуз.

 

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234
admin

admin

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Китеп окугусу келген

Китеп окугусу келген, бирок окуй албай кыйналгандарга кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.