AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баласы ыйлап жатса жөн эле отура берет. Төрөттөн кийинки депрессия

Баласы ыйлап жатса жөн эле отура берет. Төрөттөн кийинки депрессия

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Эне жана баланы коргоо Улуттук борборундагы “Ата-энелер мектебинин” инструктору Мээрим Эркебаева Bilesinbi.kg’ге төрөттөн кийинки депрессия тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

— Төрөттөн кийинки депрессия дароо пайда болбойт. Тактап айтканда, аял төрөтканадан чыкканда эле депрессияга түшүп калбайт. Көпчүлүк айымдар төрөп келгенден кийин түшүнүксүз бир нерсе болуп жатса, депрессия деп ойлошот. Бирок, башында 10-15 күн хандра болот, бул нормалдуу көрүнүш.

— Төрөп чыккандан кийин бат-баттан чарчап, уйкусу келип, табити жоголушу мүмкүн. Бул учурда айымдар өздөрүнө-өздөрү депрессия болуп жатам деп диагноз кое беришет. Эгер аял балага бат эле көнүп, жаңы статусуна адаптацияланып, мурдагыдай болуп жашап кетсе, анда эч кандай депрессия болбогонун билдирет.

— Аял өзүн карабай калса, уйкусуздукка чалдыкса, ачууланса, баласына көңүл бурбай, эмизгенден качса, баласы ыйлап жатса, аны байкабай ой басып отура берсе, максатын жоготсо, чүнчүп кетсе жана башка ушул сыяктуу белгилер байкалса, анда депрессияга чалдыкканынан кабар берет.

Төрөттөн кийинки депрессия өтүшүп кеткенде– аял баласынан баш тартып, кыйынчылыктарга даяр эмес экенин айтып, карабай коюушу мүмкүн.

— 10 жылдап төрөттөн кийинки депрессияда жүргөн айымдар бар. Мисалы, баланы багыш керек, үй жумуштарын жасаш керек деп, өздөрү байкабашы дагы мүмкүн.

— Менталитетибизге ылайык кыздарыбызды мыкты эне, келин болушуң керек деп айтып чоңойтобуз. Айымдар ошого жооп бергенге аракет кылышат. Өздөрүнө чоң талаптарды коюшат. Бирок, аларды аткаруу мүмкүн болбогондуктан, чүнчүй башташат. Өз каалоолорунан кечишет. Акыры барып депрессияга кабылат.

— Өзүнө болгон баасы төмөн айымдар депрессияга оңой чалдыгат.

— Бизде турмушка чыгып, дароо төрөш керек деген нерсе бар. Айымдар ошол талаптарга жооп бериш керек деп, өздөрү психологиялык жактан даяр болбосо дагы эптеп төрөп, кайын-журтунун оозун жапкылары келет. Бирок, эне болууга моралдык жактан даяр болбогондуктан, баласына болгон энелик сезимдери ойгонбой калышы мүмкүн. Баласынын курсагын тойгузуп, ден соолугун карап, ыйлатпай кам көрүү менен өз милдетин аткарап жатам деп ойлоп жашап жүрө берет. Бирок, чынында андай эмес.

— Мээрим төгүп, баласына үйрүлгөн энелер дагы төрөттөн кийинки депрессияга чалдыгат.

— Энеге колдоо керек, эң бирини күйөөсүнөн, жакындарынан. Анын абалын түшүнүп, жардам берип, керек болсо адиске кайрылуу зарыл. Өз алдынча депрессиядан чыгуу кыйын, ал эми чогуу аракет кылса бат жыйынтыкка жетишет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Мүнөздү кантип өзгөртсө болот? Практикалык кеңештер

Мүнөздү кантип өзгөртсө болот? Практикалык кеңештер

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.