AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баласы сөз укпаган ата-энелер үчүн

Баласы сөз укпаган ата-энелер үчүн

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Өз баласын мындай кой, чоңдор бири-биринин өтүнүчүнө “жок” деп айта алышпайт. Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова бир жолу “жок” дегенди бала угуп кала тургандай кылып кантип айтса болоорун  түшүндүрүп берди.

— Апа конфет жегим келип жатат.

— Азыр тамак бышат, тамак ичип алып анан жейсиң, болбосо тоюп каласың.

— Апа конфет жейм, тамак ичпейм:(

— Жок дедимби жок!

— Апааа! Конфет жейм! Апааа….

— Макул, шкафта турат, алып же.

Балага “жок” деген сөздү айтып жатып, биз үч тоскоолдукка учурашыбыз  мүмкүн. Кээ бир ата-энелер туура сөздөрдү табууда кыйналышат, кээ бири “жок” деген сөздү айта албай бушайман болушат. Көпчүлүк ата-энелерди “жок” деген сөзгө болгон баланын  “сен мени жаман көрөсүң”, “мен сени жаман көрөм” деген жооптору кыжаалат кылат. Жогоруда себептерге карабастан балага тыюу салуу керек.

Эч качан минтип айтпаңыз!

Ар дайым балага тыюу салуу,  алардын ачуусун келтирип, кыжырлантат!

Биринчи ката:

— Апа, жүр ойнойбуз.

— Кызым, анан, көрүп турасың го, бошобой жатам.

— Апа, кечээ чогуу ойнойбуз дебедиң беле!

— Анан ойнойбуз, бар өзүң ойноп тур.

— Апааа….

— Апаңды аяп койчу, жумушум аябай көп болуп жатканда, сеники өттү!

Кээ бир ата-энелер  тескерисинче зомбулук жана бийлик абалына салып, тыюу салышат. Мындай учурда ата-энелер баланын жүрүм-турумуна же конкреттүү абалга карап тыюу салбай, баланын өзүн жаман экендигине басым жасашат.

Экинчи ката:

— Ата мултик коюп берчи, бул кино мага жаккан жок!

— Бар эшикке ойночу, анан көрөсүң, мен көрүп алайын.

— Атаа, мултик көргүм келип жатат.

— Жок дегенди укпайсыңбы, тур эшикке ойно!

— Ата, мултик коюп берчииии….

— Сен ар дайым өз каалаганыңды кыласың! Жап оозуңду! Конфет жеп, мултик көрсөң эле болду сага! Уялбайсыңбы! Мен сен үчүн эмнени гана кылган жокмун!

Мындай сөздөрдү бала агрессия жана кол салуу катары кабыл алып, “Мен жаман экенмин” деген ойдо калат. Жооп катары бала сөзсүз түрдө нараазычылыгын билдирет, ыйлайт, кыйкырат, көйгөйлүү журум-турумду көрсөтөт. Ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелер бузулат.

 Кантип туура тыюу салыш керек?

Кичинекей балага “жок” дегенди айткандан коркпош керек. Тыюу салуу баланын кийинки жашоосуна керектүү нерсе.

  • Бир чектен экинчи чекке аша чаппаңыз. Тыюу көп боло баштаганда, эркиндик чектеле баштайт. Келечекте баланын өз алдынчалыгы, каалоолору жоголушу мүмкүн.
  • Ата-энелер бирдей ой-пикирде болушу өтө маанилүү. Эгерде күйөңүз кокусунан тыюу салган нерсеге уруксат берип койсо, баланын көзүнчө урушуп –талашпай, кийин сүйлөшүп алыңыздар.
  • Тарбиялоодо ирээтүүлүк, туруктуулук өтө маанилүү. Эгерде бала эртең менен “жок” дегенди угуп, ал эми кечинде “макулдукту” алса, сизди укпай жана урматтабай калат.
  • “Жокту” жан тартуу менен айтуу керек. Себеби бала ушундай учурда “жок”  дегенди жеңил кабыл алып, сизге болгон мамилеси бузулбайт. “Мен сени түшүнүп турам, бирок болбойт, себеби………” деген сөздөр туура болот.
  • Балага “жок” деп атканда, өзүңүздү ишенимдүү жана жай сезиңиз. Эгерде жинденип баштасаңыз, анда жакшы жыйынтык болбойт.
  • Сөзсүз түрдө балага өзүнүздүн колдооңузду көрсөтүңүз: “Сенин ойногуң келип жатканын түшүнүп турам, бирок азыр уктоо убактысы келди”, “Сен капаланып жатканыңды түшүнүп турам. Келегой мага, мен сени жакшы көрөм!”
  • 5 жашка чейин баланын көңүлү башкага бат эле бурулат. Ошондуктан кыжалат кылуучу жагдай пайда болгондо балаңызды башка ишмердүүлүккө көңүлүн буруңуз. “Сенин жакшы көргөн оюнчугуң кайсы? Кайсы мультфильмди көрөлү?”

Ар бир бала тыюу салууга каршы болот. Бирок, жашоодо бала дайыма каалаганын ала албайт!

Бул сөздөрдү колдонсоңуз болот

  1. «Биз атаң/апаң экөөбүз ушундай чечим кабыл алдык»

Суроолор тынымсыз берилип, аны токтотууга башка мүмкүнчүлүк жок болуп,   токтотуш керек  болгон учурда, ушундай сүйлөмдөр өтө маанилүү болот. 

  1. «Биздин үй-бүлөдө ушундай эреже бар»

Мындай сүйлөмдөр үй-бүлөлүк баалуулуктарды, каада-салттарды балаңызга үйрөтүүдө колдонсоңуз болот.

  1. «Мындай кылган болбойт», «Мындай сөздөрдү айтканга болбойт», «Коомдук жерлерде катуу кыйкырганга болбойт»

Мындай тыюу салуу жумшагыраак кабыл алынат, себеби бул эреже катары кабыл алынат. Дагы бир маанилүү нерсе баланын өзүнө болгон көз карашы өзгөрүлөт. Андан сырткары, мындай жагдайда балада өзүнө болгон терс ойлор да жаралбайт да, өзүн жаман, күнөлүү сезбейт.

“Жок” деп жатканда балага карата түз “сен” кайрылууларды бергенден баш тарткыла (“Сен жамансың”, “Сенин жүрүм-турумуң абдан жаман”, “Сен мындай кылба”). Себеби  ар бир адам сен жамансың дегенге каршылык көрсөтөт, кабыл албайт, коргонот жана талаш-тартышат.  

  1. «Мындай кылганга болбойт. Тандап ал – мындай же тигиндей кылабыз?»

Мындай формуланы, балага тыюу салып жатып, анын ордуна башка ыңгайлуу эки-үч  ишмердүүлүктү   сунуштаган учурда,  колдонсо болот.

  1. «Мындай кылганың жаман»

Биз бул сөздөрдү колдонуп жаткан учурда, баланын өзүн эмес журум-турумун баалап, балага “ярлыктарды” илбейсиңер. Бала анын жүрүм-туруму гана жамандыгын дароо сезет. Ошондо гана балага тыюуну кабыл алганга жеңил болот.

Ал эми “жакшы балдар мындай кылбайт” деген сыяктуу сүйлөмдөрдү колдонуу сунушталбайт. Себеби бала  мындай сүйлөмдөн кийин өзүн “жамандардын” арасына кошулуп калгандагын сезип, психикасына доо кетиши мүмкүн. Мындай көрүнүш эч бир демилгенин өнүгүүсүнө шарт түзбөйт.

 “Жок” деген сөз, баланын кийинки турмушунда айлана-чөйрө менен баарлашууга жардам берүүчү, эрежелерди жана чектөөлөрдү киргизүүгө өбөлгө болот. Чектер баланын тынчсыздануусун төмөндөтүп жана чындыкты жөнгө салганга жардам берет. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эгерде буларды аткарсаңыз

Эгерде буларды аткарсаңыз, жигиттер сизди сүйүп калат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.