AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баланын тили эрте жана так чыксын дегендерге 7 кеңеш

Баланын тили эрте жана так чыксын дегендерге 7 кеңеш

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Доктор Комаровский атактуу педиатр, тили чыккан балдардын сүйлөө речин өнүктүрү үчүн 7 жөнкөй кеңеши менен бөлүштү. Bilesinbi.kg Евгений Олеговичтин кеңештерин сизге сунуштайт.

  1. Бүт бардыгын сүрөттөп бериңиз

Кайсы жерде жүргөнүңөрдү, эмне кылып жатканыңарды, тегеректе кандай окуялар болуп жатканын, аба ырайын, табияттын кубулуштары тууралуу айтып бериңиз.

  1. Суроо бериңиз

Балаңыз суроого жооп бере албаса деле сурай бериңиз. Суроо бергенде интонацияңызды ошого ылайыктаңыз.

  1. Окуяларды айтып бериңиз

Кандайдыр бир буюмду көрсөңүз же кызыктуу окуяга туш болсоңуз, ал тууралуу балага максималдуу маалымат бергенге аракет кылыңыз. Жөнөй бирок түшүнүктүү сүйлөңүз. Татаал терминдерди колдонуунун зарылчылыгы жок.

  1. Позитивдүү болуңуз

Бир нерсени айтып берүү, сүрөттөө сиз үчүн формалдуу милдетке айланбасын. Баланы кызыктырып, жылмайып, үнүңүздү табышмактатып же шаңдуу кылып айтып бериңиз. Баарлашуу сиз үчүн да бала үчүн да жагымдуу процесс болсун.

  1. Кичинекей балача сүйлөбөңүз

Кичинекей балдар биз ойлогондон көбүрөөк түшүнүшөт. Ошондуктан сүйлөгөндө тамгаларды так эмес, сөздөрдү кыскартып, кичинекей балача чулдурап сүйлөөгөнгө такыр болбойт. Чоң адам менен сүйлөшүп жаткандай бирок жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшүңүз.

  1. Кол жаңсаңыз

Вербалдык эмес сүйлөшүү бала үчүн маанилүү. Бир нерсени айтып бергенде кол жаңсап, жандуу эмоция менен баяндаңыз. Көбүрөөк кучактап, колунан кармап, бетинен өбүңүз.

  1. Токто жана ук

Балаңыз сизге сүйлөп жатканда жөн гана баш ийкеп, “ии, ооба, бар эми ойно”, — деп, кайдыгер мамиле кылган болбойт. Сизге айтып берип жаткан окуясын укмуштуудай кино көрүп жаткандай кызыгуу менен угуңуз. Жасап жаткан ишиңизди токтотуп коюп, балага 2-3 мүнөт бөлүңүз. Көздөрүн карап, дитиңизди коюп, чын дилиңизден угуп жатканыңызды көрсөтүңүз. Сөзсүз жооп бериңиз.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

Эркек баланы тарбиялоодо ата-энелер кетирген 5 жаңылыштык

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.