AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баланын билим алуусуна качан каражат топтоп баштаса болот?

Баланын билим алуусуна качан каражат топтоп баштаса болот?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү
Жогорку билим адамга көптөгөн горизонтторду ачат. Бул маселе балдардын чоңоюшуна байланыштуу барган сайын актуалдуу болуп баратат. Бирок көптөгөн үй-бүлөлөр балдарынын жашоосундагы маанилүү этаптардын бирин ишке ашырууну кечеңдетишет.
 
Кыргызстанда келишимдик окутуунун баасы жыл сайын өсүүдө. Айрым үй-бүлөлөрдө аны төлөө үчүн керектүү каражат жок. Бул маселени чечүү үчүн келишимдин суммасын бөлүп төлөшөт же насыя алышат. Ошондуктан мындай учурларда финансисттер так каржылык план түзүүнү сунушташат.

Акчаны матрацтын астына же башка жерде топтоо – бул вариант эмес.

Узак мөөнөткө чейин аларды иштетүүгө жана кошумча пайыз арттырууга убакыт болушу керек. Бул учурда коммерциялык банктардын депозиттик өнүмдөрү жардамга келет. «Айыл Банк» ААКсынын Маркетинг жана PR бөлүмүнүн башкы адиси Айчурек Нурматова белгилегендей, ата-энелер акча топтоону канчалык эрте баштаса, үй-бүлөлүк бюджетке ошончолук жеңил жана пайдалуу болот.

“Эгерде сиз наристе төрөлгөндөн баштап баланын билим алуусуна акча топтой баштасаңыз, бала эр жеткенге чейин бир топ чоң сумма чогулта аласыз. Анын үстүнө ай сайын топтолуучу сумма көп деле болбойт. Мисалы, ата-энелер айына беш миң сом үнөмдөсө, бул сумма жылына 60 миңди түзсө, 18 жылдын ичинде 1 миллион сомдон ашат. Депозиттик пайыздар жөнүндө унутпашыбыз керек, алардын жардамы менен жалпы сумма дагы жогору болот”,- дейт финансист.

Бирок ошол эле миллион сомду топтоого ата-энелердин беш гана жылы бар дейли. Керектүү суммага жетүү үчүн айына
16 миң сомдон ашык акча бөлүү керек болот жана бул бюджет үчүн сезилерлик сумма.

– Үнөмдөөнү балдар менен чогуу жасаган жакшы. Үй-бүлө билим алуу үчүн алдын ала каражат топтоп жаткандыгын билгенде ысырапкорчулук азайып, чыгашаларын эсептөөнү бала кезинен үйрөнүшөт. Эгерде мындай көрүнүш биздин өлкөдө кеңири жайылса, анда азыркы муунга караганда кийинки муун каржылык жактан сабаттуу болот,- деп түшүндүрөт эксперт.

«Айыл Банк» балдардын келечегин азыртан ойлонуп, «Наристе» аманатын колдонууну сунуштайт. Бул депозит Орусиядагы мигранттар үчүн да ыңгайлуу. Каражат топтоону 1000 сомдон же 20 доллардан баштасаңыз болот. Депозитти 24 айдан 36 айга чейин ачууга болот, сом менен пайыздык чендер жылдык 10-11 пайызды, АКШ долларында 3 пайызды түзөт. Депозиттерди толуктоонун минималдуу суммасы – 500 сом же 10 доллар. Бир депозитке топтолгон акчанын жалпы суммасы көпчүлүк депозиттик өнүмдөр сыяктуу эле 10 миллион сомдон, 200 миң доллардан же 10 миллион рублдан ашпашы керек. Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин 30 күн мурун токтотулат. Депозиттин негизги суммасы боюнча 12 айга эсептелген пайыздар мөөнөт аяктагандан кийин алынышы мүмкүн же бул пайыздар депозиттин негизги суммасына кошулушу мүмкүн. Ал эми 14 жашынан баштап бала депозиттик эсеп боюнча операцияларды өзү жүргүзө алат.

Айчурек Нурматова “Айыл Банк” ар бир жаш курак боюнча депозиттерди сунуштап жаткандыгын эскертет. Мисалы, пенсионерлер үчүн сомдук депозиттер боюнча максималдуу 11 пайыз жана чет өлкө валютасында 3 пайызга чейин пайыздык чен менен “Ардагер” депозиттери бар.

“Ардагер” кошумча киреше булагы жана пенсиянын кыйла көбөйүшү болуп калышы мүмкүн. Банк ай сайын аманатчыга пайыздарды төлөп берет, ошондой эле төлөнгөн пайыздарды капиталдаштыруу кардардын каалоосу боюнча жүргүзүлөт”, — деп түшүндүрдү ал.

Эң активдүү кардарлар каражатты жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү каралган “Алтын” кызматын колдоно алышат. Мындай өнүм керектөө үчүн сумманын бир бөлүгүн алып, бирок өз депозитин кайра толтура алары менен актуалдуу. «Алтын» минималдуу суммасы беш миң сом же рубль жана 100 доллар менен ачылат. Толтурула турган суммаларга эч кандай чектөө жок. Максималдуу пайыздык чендер төмөнкүдөй: сом менен 8 пайызга чейин, АКШ долларында 2 пайызга чейин, рубль 4 пайызга чейин.

“Айыл Банк” эң үнөмдүү кардарларга «Керемет» деп аталган топтолуучу аманатты сунуштайт. Депозиттин минималдуу суммасы миң сомдон, 20 доллар же 1000 рублдан башталат. Капиталдаштыруу аманатчынын каалоосу боюнча жүргүзүлүп, пайыздар ай сайын төлөнүп турат. Сом менен максималдуу пайыздык чен 10 пайызга чейин, АКШ долларында 3 пайызга чейин, рубль менен 5 пайызга чейин болушу мүмкүн.

Мындан тышкары “Айыл Банкта” үч жылга чейинки депозиттер менен “Кенч” кызматы бар. Банктын кардарлары депозитти 1000 сомдон же 20 доллардан баштап сом менен 12 пайызга чейин, АКШ долларында 4 рублга, рубль менен 6 пайызга чейин бир жолу толуктай алышат. Кардар аманаттын узактыгын өнүмдүн стандарттык шарттарынын ортосунда тандайт.

Кошумча суроолор боюнча ab.kg сайтына же «Айыл Банк» ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Эч жерде каттоосу жоктор кантип паспорт алат? Паспорт боюнча суроо-жооптор

Эч жерде каттоосу жоктор кантип паспорт алат? Паспорт боюнча суроо-жооптор

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.