AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баланы ыйлаба

Баланы ыйлаба, деп тыйган болбойт! Мындан тышкары болбой турган дагы 10 тыюу

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

  1. Ыйлоо. Адамдын көңүлү жок болгондо, бир жери ооруганда, же корккондо ыйлагысы келет. Себеби, көз жаш стресстен чыгууга жардам берет. Айрымдар эркек баланы күчтүү, эр жүрөк кылып тарбиялагысы келгендиктен “кызга окшоп ылайсыңбы, ыйлаба” – деп айтышат. Кээде ата-энелер ыйлаган бала аларды элдин көзүнчө уят кылып жатат, деп кабаатырланышат. Бирок ата-эне баланы жалаң эле тил алчаак, жыргап күлүп жатканда эле эмес, ыйлап, кайгырганда деле жакшы көрөрүн, аны ар дайым колдоорун көрсөтүшү керек.
  2. Коркуу. Коркуу сезими баарында болот. Кыздар да, балдар да, чоңдор да коркушат. Бир нерседен коркуу — бул нормалдуу. Эгер бала сизге коркуп жатам, деп айтса, “Ошондон да коркобу? Коркок, десе” – деп айтпаңыз. Биринчиден, сиз ал эмне сезип жатканын билбейсиз, экинчиден, баланын сезимдерине ишенбегениңизди көрсөтүп жатасыз.
  3. “Жок” деп айтуу. Албетте эч ким жок деген сөздү уккусу келбейт. 3 жашка чыккан бала жаңыдан гана өз алдынча адам, өз пикири бар инсан экенин түшунө баштайт. Эгер бала бир нерсе жасоодон, же сиздин тилиңизди алуудан баш тартып жатса, эркелигинен чыр салууда дегендик эмес. Бала өз алдынча чечим чыгарып, анын жыйынтыгы кандай боло турганын көрүш керек. Сиз баланын “жок”, “жасабайм, ичпейм, жебейм, кийбейм” дегендерин сыйласаңыз, келечекте ал өзүнүн жеке көз карашын, позициясын коргой алат. Айдатма эмес, өз алдынча иш кылып, ал үчун жоопкерчилик алганга үйрөнөт.
  4. Каалоо. Балдардын чексиз каалоолорунан чоңдор тажап, “бер, бер деп эле турат”, деп нааразы болобуз. Өзүң каалап турган нерсени түшүнүү, каалаган нерсеге жетүү, каалооңду канааттандыруу, ар бир адамга керек. Ойлонуп көрсөңүз, көпчүлүк чоңдор чындап эмнени каалап турганын жакшы түшүнүшпөйт. Алар “Керек”, “Пайдасы тиет” жана “Эл эмне дейт” деген сөздөргө гана таянышат. Өзүңдүн каалооңду билүү ар бир адам үчүн зарыл нерсе.
  5. Өз алдынча болуу. Ар дайым баланын жанында болгондуктан, андагы өзгөрүүлөрдү, чоңойгонун байкоо кыйын. Биз адатыбызча бир жашка чыккан балага кашыктап тамак беребиз, үч жаштагы баланы шаштырып кийинтебиз, биринчи класс окуган баланын үй-тапшырмасын кошо аткарабыз. Биз бардыгын тезирээк, тазараак, жакшыраак жасап коебуз, балага өнүгүүгө, өз алдынча болууга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Бирок бул процесс бала үчүн, анын калыптануусу үчүн абдан маанилүү. Өзү жаңылып, катасын оңдоп, кайра-кайра кайталап жасап, үйрөнсүн.
  6. Уялуу. Бала бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүдөн тартынып жатабы? Учурашкандын ордуна сиздин артыңызга жашынабы? Сиз өзүнүздү башкалардын алдында ыңгайсыз сезип, баланын активдүү, тартынбаган, өтүмдүү, курч болушун талап кыласыз. Бирок темперамент жана мүнөз, балада тубаса болот. Аны күчкө салып өзгөртүү мүмкүн эмес. “Уят, тур учураш! Чоң балдар антпейт!” – дегендин ордуна, “Уялып жатасыңбы. Мейли эч нерсе эмес. Бир аз убакыт керек. Бул нормалдуу нерсе”, — деп айтканыңыз туура.
  7. Суроо берүү. “Эмнеге?”, “Кантип?”, “Качан?” – деген суроолорго жооп берүүдөн тажап, кыйкырып, урушуп салгың келет. “Ошого” же “жаман болот” деп жооп берген кыйла жеңил. Бирок, баланын калыптануусу үчүн, дүйнө жөнүндө көп маалымат алып, өзүндө болгондору менен салыштырып, мээсинде иштеп чыгып, кайра жаңы суроолорду берүү кадыресе көрүнүш. “Тажаттың”, же “болду, сураба” – деген болбойт. Азыр кызыктуу китептер, энциклопедиялар, макалалар абдан көп. Болбоду дегенде интернет бар. Суроолоруна жөнөкөй жана түшүнүктүү жооп бергенге аракет кылыңыз.
  8. Ачкөздөнүү. Балаңыздын оюнчугун башка бала талашса, “бер, уят, бул конок да. Сен аныкына барганда ал да сага берет” – деп айткан туура эмес. Бул балаңыздын буюму, береби, бербейби анын жеке чечими. Мындай учурда алмашууну сунуштасаңыз болот: “Сен бул балага машинеңди бер, ал сага өзүнүн тобун берет. Анан кайра алмашып ойнойсуңар”
  9. Сыр катуу. Балаңыз өзүнүн сүрөтүн көрсөтпөй койду, же эмне үчүн досу менен урушуп кеткенин айткысы келбей атат. Мындайда “Эмне болду эле? Кана айт!” – деп талап кылууга акыңыз жок. Сизге эмнесин айтып, берет эмнесин жашырат бул анын жеке чечими. Албетте, ортоңордо ишеним болгону жакшы. Эгер сиз урушуп, кыйкырып, күнөөлөбөй, анын көйгөйүн чечүүгө жардам берсеңиз, бала айтып берет жана сизден кеңеш сурап кайрылат.  
  10. Ачуулануу. Бала кыйкырып, жер тепкилеп, ачууланып жатабы? Мунун барын элге көрсөтүү уят деген ойдосузбу? Бекер эле антесиз! Сезимдер туура жана туура эмес болуп бөлүнбөйт. Алардын бардыгы бирдей. Ачуулануу, жинденүү, өзүңдүн таламыңды коргоого жардам берчү сезимдер. Демек алар да адамда болууга тийиш. Болгону баланы башкаларга жана өзүнө зыян тийгизбей туруп ачууланууга үйрөтүңүз. Жаздыкты соксун, кыйкырсын, секирсин, кыскасы, ашыкча терс энергиясын сыртка чыгарсын.
  11. Жаңылуу. Эгер балаңыз жаңылган сайын аны урушуп, жемелеп, уяткарып турсаңар, ал бара-бара мокок болуп, өз алдынча чечим чыгаруудан коркуп калат. Өз алдынча иш баштап, жаңылгандан коркот. Алдын ала, утулуп калам, колуман келбейт, уят болом — деген ойлор ийгилик жаратуусуна тоскоол болот. Жаңылуу, адашуу, туура эмес ойдо болуу, мунун бардыгы нормалдуу! Жаңыдан тай-тай басып, улам жыгылып кайрадан туруп, алдыга кадам шилтеген баланы бирөө жарым урушабы? Биринчи жолу баштаганда эле дароо бардыгы ойдогудай боло калбайт. Жеңишке жетүү үчүн көп машыгуу, көп ирет жыгылуу керек. Жаңылгандан эч качан коркпоңуз, баланы да ошого үйрөтүңүз.
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялым мени эмес

Аялым мени эмес, апасын угат. Жубайына сөзү өтпөгөн күйөөнүн баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.