AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баланы тазалыкка үйрөтүүнүн 8 ыкмасы

Баланы тазалыкка үйрөтүүнүн 8 ыкмасы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бир нече китептин автору, журналист, котормочу жана үч баланын апасы Ксения Букша балдар менен чогуу үй жыйноонун ыкмалары менен бөлүшөт.

  1. Чачылып турганды дароо жыйноо

Бала мектептен үйгө келип, курткасын бир жерге, сумкасын башка жака ыргытты. Урушуунун кереги жок. Болгону, кийимдериңди ордуларына коюп кой, деп эске салуу керек. Бир нече жолу кайталаш керек болсо деле эринбеңиз. Сиз балаңыздан улуусуз, демек эстүүрөксүз. Сабырдуу болуңуз.

  1. Буюмдарды ордуна кою, жыйноо чоң көйгөй эмес

Балдар үй жыйнаганды кызыксыз жана оор жумуш катары көрүшөт. Сиз бул милдетти оюн катары көрсөтүңүз. “Кел, оюнчуктарды ким биринчи жыйнайт деп жарышабыз?”, — деп сунуштагыла. Бүткөндөн кийин “сен кыйын экенсиң, менден ашып кеттиң. Экөөбүз бир заматта жумуштун баарын бүтүрдүк”, — деп мактагыла.

  1. Бардыгын өзүңөр жасабагыла

Кээде, балдарга айтып отурбай өзүбүз жыйнап койгон тынчыраак жана тезирээк. Бирок, бул жаңылыштык. Бала чачкан жерин наалып, сүйлөнүп, чала болсо дагы өзү жыйнаш керек. Акыры, чачпай койгону туура экенин түшүнөт, жана тазалыкты сактоого үйрөнөт.

  1. Баланын да укугун сыйлагыла

Үйдүн ичинде балага тиешелүү бир бөлмө, бурч же чакан аймак болушу керек. Ал өзүнүн территориясына өзү ээлик кылат жана өзү башкарат.

  1. Таза үйдө жашоо жагымдуу

Үйдөгү аскердей тартипти жана тазалыкты талап кылуунун зарылчылыгы жок. Чогу иш жасоо бардыгыңарга тең кубаныч тартуулаш керек. Музыканы койгула, ырдап, бийлеп үй жыйнагыла. Бир маселени чече албай кыйналып жатсаң, үйдү ирээттеш керек, ошондо мээңдеги ойлоруң да бир нукка түшөт!

  1. Биз үйдүн кожоюнубуз

Үйдү жыйнагысы келбеген балаңыз “мен эмне малаймынбы?”, — деп айтышы мүмкүн. Бул үйдө эч ким малай эмес. Биз бул үйдүн кожоюнубуз. Демек жоопкерчиликтин бардыгы биздин мойнубузда. Балага жасатып коюп өзүбүз телефон чукуп отуруп алганыбыз туура эмес. Чогуу иштеп, чогуу эс алуу керек.

  1. Өзүңөр үлгү болгула

Өзүңөрдүн милдеттериңерди так аткарбай туруп, баладан талап кылуу адилетсиздик жана акылсыздык. Үйдүн таза болушун талап кыласыңарбы, өзүңөр да таза жүргүлө.

  1. Идеалдуу болууга ашыкпаңыз

Сиз тазалыкты сүйөсүз жана сиздин балдарыңыз бар. Сиз тууралуу жакшы бир ой айтылган: “Дени сак психика, идеалдуу тазалык, үйдөгү бала, ушулардын ичинен экөөсүн гана тандап алууга болот”.

Эгер сиз күндө үйдүн тазалыгы тууралуу ойлонуп, чачылып турган буюмдар маанайыңызды бузса, демек сизде көйгөй бар. Тиричиликке жөнөкөй мамиле кылганды үйрөнгүлө. Идеалдуу тазалыкка караганда ортодогу жылуу мамиле баалуу.   

Маалымат Mel.fm сайтынан алынды. 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялыма гүл бергенден уялам. Жаш күйөөнүн баяны

Аялыма гүл бергенден уялам. Жаш күйөөнүн баяны

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.