AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баланы эмдөөнүн кандай зарылчылыгы бар? Эмдөө календары

Баланы эмдөөнүн кандай зарылчылыгы бар? Эмдөө календары

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Көптөн бери күткөн балалуу болушуңар менен куттуктайбыз! Бул ата-эне үчүн кубанычтуу, ошол эле тапта жоопкерчиликтүү учур. Баланы бардык кыйынчылыктардан коргогуң келет, өзгөчө кооптуу оору менен инфекциялардан. 

Баланын ден соолугун сактоого бир жашка чыкканга чейин эмдөөлөр жардам берет. Кээ бир ата-энелер жаңылыш пикирде болуп, вакцинацияга ишене беришпейт, ошондуктан бул процедураны жылдырып же такыр эле баш тартышат. Эсиңерде болсун, бир жашка чыкканга чейин баланын эмдөөсүн жылдыруу  — бул кооптуу инфекциянын өрчүшүнө кошумча шарт түзүү менен барабар!

Гепатитке каршы вакцина — В-ВГВ

Алгачкы 24 сааттын ичинде балага В гепатитине каршы вакцина саюу сунушталат. Ал баланы энесинен оору жугузуп алуу коркунучунан сактайт. Кош бойлуу кезде ар бир эне гепатит В вирусуна болгон антителолорго тест тапшырат. Жыйынтык оң болуп чыкканы менен баары бир төрөт учурунда аз болсо да энесинен В гепатитин жуктуруп алуу коркунучу бар. Эгер бул эмдөөгө маани бербей же белгисиз мөөнөткө жылдырып койгондо, баланын организминдеги инфекциянын өрчүшүн эч нерсе токтото албайт. В гепатитинен узак мөөнөттөгү коргоону камсыздоо үчүн эмдөөнү 3 ирет, 2, 3,5 жана 5 айында кайталоо зарыл. 

Кургак учукка каршы вакцина — БЦЖ

Кургак учукка каршы вакцина — төрөт үйүндө бир жашка чейин жасала турган экинчи эмдөө. Бала төрөлгөндөн кийин алгачкы күндөрүндө жасалган эмдөө кургак учуктун өлүмгө алып келген оор формаларынын өрчүшүнө жолтоо болот. Кыргызстанда кургак учук оорусуна байланыштуу кырдаал жагымсыз деп бааланат. Бардык социалдык катмардагы адамдар ооруйт. Балдардын арасында кургак учук оорусунун көп болушу — калк ичинде инфекциянын булактары бар экенин күбөлөндүрөт. 

Дифтерия, көк жөтөл (коклюш), тырышма (столбняк), полиомиелит, пневмококк жана гемофилдик инфекция

Мына бул инфекциялардан коргоочу эмдөөлөр да бала бир жашка чыкканга чейин жасалат. 

ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ) — көк жөтөл, тырышма, дифтерия, гемофилдик инфекция жана В вирустуу гепатитине каршы эмдөө. Ал 2, 3,5 жана 5 айында жасалат. 

ПКВ — пневмококк инфекциясына каршы вакцинация 2, 5 жана 12 айында өткөрүлөт. Пневмококктук инфекция — организмде ириңдөө-сезгенүү процесси катары өзүн көрсөткөн топ оорулардын себепкери. Бул топтогу инфекцияларды бардык жерден жугузуп алса болот. Микробдор негизинен аба аркылуу адамдан-адамга жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, ошондой эле шилекей аркылуу (кашык, чыны, оюнчуктар ж.б.) жугат. Иммунитети төмөн кичинекей балдар ар дайым жугузуп алуу коркунучу менен жашашат. 

ОПВ — полиемиелитке каршы вакцинация 2, 3,5 жана 5 айында жасалат. Полиемиелит — борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч вирустук инфекциялык оору. Жугузуу булагы оорулуу адам жана дени сак вирус алып жүрүүчүлөр (мындай формасы көбүрөөк кездешет). Оору жуулбаган кол, инфекциясы бар тамак-аш жана суу аркылуу жугат. Учурда атайын алдын алуучу эмдөөлөрдүн жардамы менен гана ооруну токтотсо болот.

КПК — кызылча, эпидемиялык паротит жана кызамыкка каршы вакцинация. Бала бир жашка чыкканда жасалат. 

Бала бир жашка чыкканга чейин эмдөөлөрдү жасатуу — келечекте узак убакытка чейин баланын ден соолугун сактап калуу үчүн жасалган ата-эненин орчундуу миссиясы

Эмдөө календары

  • Төрөлгөндөн кийинки 24 саат ичинде — Вирустук сарык оорусунун “В” түрүнө каршы биринчи эмдөө — ВГВ
  • Төрөт үйүндө болгон учурда — Кургак учукка каршы эмдөө — БЦЖ
  • 2 айында — Көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы биринчи эмдөө; Вирустук сарык оорусунун “В” түрүнө каршы экинчи эмдөө — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ)
    Пневмококк ооруларына каршы биринчи эмдөө — ИПВ
    Шал оорусуна каршы ооз аркылуу берилүүчү вакцина менен биринчи  эмдөө — ОПВ
  • 3,5 айында — Көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы экинчи эмдөө; Вирустук сарык оорусунун “В” түрүнө каршы үчүнчү эмдөө — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ)
    Шал оорусуна каршы жигердүү эмес вакцина менен биринчи эмдөө — ИПВ, ОПВ
  • 5 айында — Көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы үчүнчү эмдөө; Вирустук сарык оорусунун “В” түрүнө каршы төртүнчү эмдөө — ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ) 
    Пневмококк ооруларына каршы экинчи эмдөө — ИПВ
    Шал оорусуна каршы ооз аркылуу берилүүчү вакцина менен экинчи  эмдөө — ОПВ
  • 12 айында — Пневмококк ооруларына каршы үчүнчү эмдөө — ПКВ
    Кызылча, кызамык жана эпидемиологиялык тепки оорусуна каршы эмдөө — КПК
    Шал оорусуна каршы ооз аркылуу берилүүчү вакцина менен үчүнчү  эмдөө

Жатын моюнчасынын рагына каршы вакцина – ВПЧ-вакцина

Кыргызстанда цервикалдык рак боюнча көрсөткүчтөр жогорку деңгээлде. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ВПЧ-вакциналарды (Адамдын папиллома вирусу) улуттук программаларга киргизүүнү сунуштап жатышат.

ВПЧ-вакцинациясы 9-14 жаштагы кыздарга жүргүзүлөт. Бул жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча эң эффективдүү стратегия болуп саналат. Аны ишке ашыруу үчүн дыкат пландоо, жетиштүү каржылоо жана вакциналардын запасы болуш керек. Вакцинация кыздардын эле эмес эркек балдардын арасындагы ВПЧ инфекциясынын пайда болуу коркунучун төмөндөтөт.

Бул эмдөө азырынча эмдөө календарына кире элек. Учурда иш чаралардын планын бекитүү жана макулдашуулар жүрүп жатат. 2019-2023-жылдагы программага киргизүү каралууда. 

ВПЧ-вакциналар Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларда жасалат.

Маалымат privivka.kg сайтынан алынды.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кесарево менен төрөдүм

Кесарево менен төрөдүм, спираль салдырсам болобу?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.