AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балаңыз зордуктоого кабылбасын десеңиз

Балаңыз зордуктоого кабылбасын десеңиз, бул нерселерди билиңиз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg психолог Асель Суюнбаева менен “Бала зордук-зомбулукка кабылбаш үчүн кантип тарбиялоо керек” деген темада баарлашты. Маектин урунтуу учурларын, тактап айтканда, психологдун кеңештерин төмөндөн окуй аласыз. Видеону толугу менен ютуб каналыбыздан көрсөңүз болот.

  • “Сенин денеңе эч кимдин тийгенге акысы жок!” деп айтыңыз. Бул нерсени балаңыз эсине бекем түйүп алсын. Ар бир адамдын жеке мейкиндиги болорун, аны эч ким басып өтпөшү керек экенин түшүндүрүңүз. Өзүнүн чегин коргонду үйрөтүңүз.
  • Балаңыз зордук-зомбулукка кабылбасын десеңиз, жаш кезинен баштап ага туура мамиле кылыңыз. Бизде кандай, “чыдабай кеттим” деген шылтоо менен көтөнүнө чаап же кол көтөрүп жиберет. Бала “мени урса болот экен” же “мени сабаса, мейкиндигимди бузса, кармаласа нормалдуу эле турбайбы” деп ойлоп калат. Бул абдан өкүнүчтүү кесепеттерге алып келет.
  • Ата-эне катары балдарыбызды коргоп, алысыраак туугандар менен аралыкты сактоого үйрөтүңүз. Анткени, көп зомбулуктар туугандар тарабынан жасалат. Балага анын денесине эч ким тийгенге акысы жок экенин айтыңыз, жадакалса тууганы. Анткени, көпчүлүк курмандыктар “менин тууганым” деп унчуга албай калышат.
  • Үй-бүлөдөгү жакшы мамиле баланы зордук-зомбулуктан сактап калат. Андыктан ата-эненин бири-бири менен болгон мамилеси мыкты деңгээлде болушу керек. Бул абдан маанилүү нерсе.

Балага ушунчалык жакын болуңуз, сизге ар бир сырын бөлүшкөндөй ишенсин.

  • Эгерде балдар денелери кандай түзүлгөнүн жакшы билишсе, алар анын өзүнө гана тиешелүү экенин түшүнүшөт, башка эч кимге тийүүгө уруксат беришпейт. Андыктан, балага дененин бөлүктөрү, анын ичинде жыныс органдары тууралуу туура маалымат бериңиз.
  • Бала сизге ишениш керек. Бир нерсе болгондо колдой турган, аны коргоп, айткандарына ишене турган тиреги бар болсун. Ишеним болбосо бала сынып калат.
  • Балаңызга тандоо бериңиз, мажбурлабаңыз, кыйнап бир нерсе жасатпаңыз. Эң негизгиси ага өзүн коргогонду үйрөтүңүз. Бул сиз тараптан жасала турган чоң салым.
  • Балдардын суроолоруна алар түшүнгөн сөздөрдү колдонуу менен жөнөкөй жана так жооп бериңиз. Ойдон чыгарылган нерселерди айтпаңыз.
  • Балаңызга чоңдорду урматтоо керек экенин, бирок ар бир чоң кишиге баш ийип, айткандарын жасай берүү керек эмес экенин түшүндүрүңүз. Кээде бул нерсе коркунучтуу болушу мүмкүн экенин айтыңыз.
  • Балаңызга «жок» деп катуу айтканды үйрөтүңүз!

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Жолдошум жумуштан келээри менен кайын энем эси ооп кулап түштү

Жолдошум жумуштан келээри менен кайын энем эси ооп кулап түштү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.