AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балаңыз уят кинолорду көрсө

Балаңыз уят кинолорду көрсө, бул нерсени жасаңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жоопкерчиликтүү ата-эне уят киного баласын ээрчитип барбайт!

Клиникалык психолог Ольга Грузберг ата-энелердин кинолор тууралуу суроолоруна жооп берди.

Балам 6 жашта. Кээде «16+» тасмаларды көрөт. Психикасына зыян эмеспи?

6 жашка чейинки баланын психикасы зордук-зомбулук, кандуу жана сексуалдык сценаларды кабыл алууга даяр эмес. Айрыкча, сезимтал балдар катуу таасирленип, түнүчүндө уктай албай, коркуп, ыйлап  чыгышат. 

«16+», «18 +» болсо эмне болуптур? Баары бир эч нерсе түшүнбөйт. Мен тыюу салганда күндө деле бекинип көрүп алат.

Бала экранда эмне болуп жатканын түшүнбөйт, демек, анда реакция (өйдөдөгү жоопту караңыз)  болбойт дегенди билдирбейт. Бул жерде сөз кичинекей балдар жөнүндө болуп жатат. ал эми өспүрүмдөр каалаган тасмасын уруксаты жок деле жашынып көрүп алат, аларга тыюу салуунун эч кандай мааниси жок. Бирок, балаңыз кандай кино көрүп жатканын билишиңиз керек. Эң мыкты чечим — бул чогуу кино көрүү

Балама белгилүү бир кинону же мультфильмди көрбө десем укпайт. Азырынча эрте экенин кантип туура түшүндүрсөм болот?

Биринчиден, сизге ата-эне катары кинолордун кандай жерлери жакпайт, тактап алыңыз. Мүмкүн ал кино сиз үчүн акылсыз же пайдасыз көрүнөт? Жыныстык катнаш барбы? Ырайымсыз согуш көрсөтүлгөнбү? Каармандар салттуу эмес жыныстык мамиледеби? Эмнеден коркосуз: ал кино же мультфильм балаңыздын жүрөгүн түшүрүп же жагымсыз жүрүм-турумга үлгү болот деппи? Же балаңызда сиз жооп бере албаган суроо пайда болушу мүмкүнбү? Тынчсызданууңуздун себебин билгенден кийин гана балага кантип түшүндүрүү керек экени айкын болот.  

Катуу тыюу салсаңыз, уурданып барып классташынын үйүнөн көрүп алышы мүмкүн. Баарынан жакшысы, чындыкты айтканыңыз: «Бул тасманы көрбөй эле койгонуң туура деп ойлойм, сени коркутуп же уялтып коюушу мүмкүн. Кааласаң чогуу көрөлү, сага бир жери түшүнүксүз болсо, түшүндүрүп бергенге аракет кылам.»

Жумуштарымды бүтүргүчө балама мультфильм коюп берип коём. Балдар канча жашынан баштап өз алдынча телевизор көрсө болот?

5 жаштан баштап жалгыз көрсө болот. Жашына ылайык келген мультфильм коюп берсеңиз зыяны жок. Жанында ата-энеси же чоң адам бар болсо бала өзүн жакшы сезет.

Балаңыз кичинекей болсо, мултиктерди азайтып, аны менен көбүрөөк байланышта болуңуз.

Сыналгынын алдында канча саат олтурат жана андан кийин өзүн кандай алып жүрөт байкап туруңуз. Телевизор, гаджет ата-эненин ордун баспаш керек. Балаңыздын тарбиялоочусу кино болуп калбасын!

Баламдын компьютерине кирсем «18+» тасмаларын көрүптүр. Эмне кылсам болот?

Балаңызды кантип көзөмөлдөйсүз? Тыюу салганыңызга көңүл бурбаса, балким, балаңыз чоңоюп, бир нерсени жашырууга жетишип калгандыр (айрыкча, өспүрүмдөр)? Тим коюңуз, балаңыздын да жеке жашоосу, сырлары бар экенин кабыл алыңыз. Колдон келишинче ачык жана ишенимдүү мамиле куруу керек.

Эгер ата-энелер өздөрү көргөн кино, спектакль же окуган китеби тууралуу ой бөлүшүп  кандай таасир алгандыгын айтып берип бала менен бөлүшсө, ал дагы өз оюн ачык билдирип, башкалардын пикирин угуп, анализдегенди үйрөнүп калат. Сиздин далилдериңизге кошулса, азырынча ага ылайык келбеген кинону көрбөй турууга макул болот. Эң негизгиси  — ишеним!

Кээде ата-энелерди алдап «16+» ордуна «18+» деп жазып коюшат. Кинонун рейтинги канча жашка ылайык экенин кантип билсе болот?

Мүмкүн болсо, биринчи, кинону өзүңүз көрүп чыгыңыз. Тасма тууралуу жакындарыңыздын пикирин угуңуз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүп, кооптонууларыңызды айтыңыз.

Ата-энелер үчүн сунуш

Балаңыздын табитин калыптандыруу үчүн сапаттуу жана жаш курагына ылайыктуу тасмаларды тандаңыз. Кинолорду же мультфильмдерди чогуу көрүп, андагы окуяны, каармандарды, алар туш болгон кырдаалды талкуулаңыз. Мунун баары ортодогу мамилени бекемдейт.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Өзүңөргө ишенгиле

Өзүңөргө ишенгиле, жолуңарды тоспогула. Беназир Баялиевадан кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.