AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баламды колума беришкенде "эмне кылам" дедим. Декретте отурган айымдардын баяны

Баламды колума беришкенде «эмне кылам» дедим. Декретте отурган айымдардын баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Биз бир нече апалардан декретке чыккандан кийин жашоосу кандай өзгөргөнүн, өздөрүнө убакыт таап жатабы, дегеле бала төрөлгөндөн кийинки жашоосу кандай болуп жатат сурадык. Эскертүү! Ар бир апа өз баяндары менен бөлүштү. 

«Эми эмне кылам?»

Университетти бүтүп эле баш коштук. Экөөбүз тең жаш. Дароо боюмда болду. Кыйын киши болуп даярданып эле жаткам. Баланы колума алгандан кийин моралдык жактан эне болууга даяр эмес экенимди билдим. Деги эле балага кандай кам көрүү керек экенин такыр билбейт экем. Медайым баламды бергенде «эми эмне кылам» дегеним эсимде. Күйөөм үчөөбүз батирге келдик. Экөөбүз тең коркуп жаттык. Ошол учурда жоопкерчилик пайда болду. Балабыз өзү курсагын тойгуза албарын билдик. Азыр күйөөм иштеп жүрөт. Мен бала менен үйдө. Пландарым экинчи орунга жылды. Чынын айтайынбы, өзүмдүн келечегим азырынча белгисиз. 

«Күйөөмдүн ким экенин билдим»

Бала төрөгөндөн кийин урушчаак болуп калдым. Баары кыжырыма тиет. Төрөттөн кийинки депрессия бар экен. Бирок бул нерсеге өзүмдүн апам да, кайын энем да ишенбей койду. Ыйлайм, унутчаак да болуп калдым. Балам ыйласа нерв болуп кетем. Күйөөмө рахмат. «Жумушка чык» деди. «Үйдү жыйнабай эле кой» деди. Күйөөм болбосо, эмне болмок билбейм. Жумушка чыгып алаксыдым. Мурдагыдай ачуулуу болбой да калдым. Азыр арыкташым керек деп жүрөм. Күйөөм залга жаздырып берди. Жаным го…

«Декретте отурбаш керек экен»

Мен балам менен чогуу иштейм. Жок, балабыз биз менен жумушка барат. Кээде күйөөм алып кетет, кээде мен. Күйөөм экөөбүз баягыда отуруп сүйлөшкөнбүз. Бала деп өзүбүздү таштап койбойбуз деп чечтик. Экөөбүздө тең пландар бар болчу, ал планга балабыз кошулуп бир аз өзгөрдү, бирок максаты жоголгон жок. Декретте отура берсең, билинбегени менен көп нерседен артта калат экенсиң. Мен анте албадым. Келечегим ачык.

«Өкүндүм»

Кош бойлуу учурумда күйөөм менен ажырашып кеттик. Баягы эле акча, жетишпеген турмуш себеп болду. Балалуу болууга даярданыш керек экен. Бизди туугандар шаштыра берчү. «Качан анан?» деген суроону укпаш үчун балалуу болдук өңдүү. Мен дагы, ал дагы даяр эмес болчу. Бул чоң катабыз болду Төрөп алып, убагында иштеп акча таап койбогонума өкүндүм. Ата-энем каржылап жатат. А мен үйдөмүн. Менин кеңешим балалуу болууга акча жагынан даярданыш керек экен. Бирөөнү эмес, өзүңөрдү угуп туруп балалуу болгула. 

Бул окуялардын кайсынсы сизге тааныш?

 

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Жаңы жылда көп тамак жеп

Жаңы жылда көп тамак жеп, ден соолукка зыян келтирбеш үчүн 7 кеңеш

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.