AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

«Баарыңардан суранам, ачка же көчөдө калсаңар да, балаңарды жаныңардан чыгарбай, кучактап гана отургулачы!»- деп, сөзүн баштаган жаш келин өз башынан өткөн баянын айтып берди. 

«Кайын атам менен кайын энем ичип келип мушташышат»

Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир күнү “жүр, ата-энем менен тааныштырам”,-деп үйүнө чакырды. Жаман оюм жок, сунушуна макул болдум. Босогосун аттарым менен, кайдан-жайдан эжелери чыга калып, жоолук салып киришти. Жигитимди катуу сүйгөнүм үчүн отуруп калдым.

Туугандары жактырбай коюшту. Ачык эле кетирүүнүн айласын көрүп жатышты. Анын үстүнө, кайын атам менен кайын энем ичишет. Бир жолу бычак көтөрүп алып бири-бири менен мушташкан. Мындайды көрбөгөн жаным нес болуп калдым. Баарына чыдадым. Көп өтпөй боюмда бар экенин билдим.

Кайын энеме чай куюп берип жатып, кускум келип сыртка чуркап чыктым. Таксикоз болуп жатканымды билип турса да, артыман келип “эмнеге менден уруксат сурап чыкпайсың”,- деп тилдеди. Күйөөм жумуштан келгенде болушунча жамандап, сөзү түгөнгөндө “үйүмөн чыгып кет”,- деп кубалады. Макул болуп шаарга жөнөдүм.

Көп өтпөй күйөөм артыман келди. Бир күнү ичим катуу ооруп, тез жардам чакырып бейтапканага бардык. Балам ичимде өлүп калганына бир ай болуптур. “Буйрук экен, дагы көп балалуу болормун”,- деп өзүмдү жубаттым.  

Күйөөм Москвага кел, деп чакырды

Кайын энем Москвага кетти. Күйөөмдү жанына чакыртып алды. Мен кийинки баламды жаңы эле төрөгөм. Ошентип балам менен кайын эжемдин үйүндө жашап калдым. Бул арада күйөөм чалып “бул жакка кел” дей баштады. Балам бир жарым жашка толуп калган эле. Өзүм менен кошо алып барайын десем, кайын энем да, кайын эжем да болбой, бул жака эле ташташымды айтып туруп алышты. Айласыздан макул болдум.

Москвага келгениме эки ай болгондо, айылдан суук кабар келди. Балам сууга агып, чарчап калыптыр. Балама кошулуп өлгүм келди. Мен баргыча көмүп коюшуптур. Баарына жүрөгүм муздап калды. Азыр эч бирөөсү менен сүйлөшпөйм.

Акыркы күндөрү баламды ойлой берип акылымдан тайып баратам.  Эмне кылып өзүмдү алаксытсам болот? 

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам! Башыңыздан көп нерсени өткөрдүңүз — күйөөңүздүн тууган-туушкандарынын катаал мамилесинен баштап, балдарыңызды жоготконго чейин.

Чындыгында, бардыгын алып туруп, унутуп коюунун атайын бир рецепт жок. Бардыгыбыз сезимдери жана кайгылары бар тирүү адамбыз.  

Жоготуудан/кайгыдан өзүңө келүү үчүн сөзсүз өтүү керек болгон 4 баскычы болот:

1) Уккан кабардан шок абалына түшүү.

2) Кабыл албоо. Адам мындай окуяга туш болгонуна ишенгиси келбейт.

3) Депрессия. Көптөгөн адамдар бул этаптан коркушат, бирок бардык эмоцияларды чыгаруу үчүн бул этаптан милдеттүү түрдө өтүү керек.

4) Кабыл алуу. Буга чейинки баскычтар бүткөндөн кийин гана келет.

Адатта, төрт баскычтын бардыгын басып өтүү үчүн алты айдан эки жылга чейинки убакыт керектелет. Айрым учурда, адам бир эле баскычта бир нече жылга туруп калышы мүмкүн.

Өзүңүз жөнүндө көбүрөөк ойлонуп, өзүңүзгө кам көрүңүз, каалоолоруңузду жана муктаждыктарыңызды биринчи орунга коюңуз. Азыр өзүңүздү арткы планга түртүп, баарына жакшы көрүнө турган убак эмес, антпесе катуу ооруга чалдыгып калышыңыз мүмкүн.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим «ата-энеңе акча салба» деп айлыгымды алганга шашылат

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Чамдаңыз! "Депозит+1" акциясынын мөөнөтү август айына чейин узартылды

Чамдаңыз! "Депозит+1" акциясынын мөөнөтү август айына чейин узартылды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.