Саламатсызбы. Суроо берейин дегем. Балам ушул айда үчкө чыгат, бирок дагы деле сүйлөй элек. Нан, чай, суу — деген жөнөкөй сөздөрдү да айтпайт. Кээде эле “ата, апа” дегени болбосо.
Көбүнчө өзүнүн тилинде сүйлөйт. Ушундай кеч сүйлөсө эч нерсе эмеспи? Кооптонууга негиз барбы?







