AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балалуу болууну чечкен жубайлар үчүн гинеколог кеңеш берет

Балалуу болууну чечкен жубайлар үчүн гинеколог кеңеш берет

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бойго бүтүүнүн алдында эмнелерди билүү керек? Анын кандай кереги бар? Бул тууралуу Bilesinbi.kg’ге гинеколог Светлана Коздрович айтып берди.

Пландаштырууну эмнеден баштоо керек?

Алгач аял өзү моралдык жактан жана физиологиялык жактан даяр болушу керек. Биздин коом жаштарга аябай басым кылат. Башкача айтканда, үйлөнүштүбү, болду,  9 айдан кийин балалуу болушун күтөт.

Болочок ата-эненин моралдык, материалдык, физиологиялык жактан даяр болуусу, баланы каалоосу наристенин ден соолугуна, психологиялык жактан туруктуу болуусуна чоң таасирин тийгизет.

Идеалдуу пландаштыруу — бул бойго бүткөнгө чейин 2-3 ай мурун даярдык көрүп баштоо. Жубайлар толугу менен текшерүүдөн өтүп, дарылануу керек болсо дарыланып, бардыгы жайында болсо, витаминдерди ичип баштоосу керек.

Кандай витаминдер керек?

Фолий кычкылы – түйүлдүктүн нерв системасын калыптандырууда негизги азык болуп саналат, ошондой эле кан жаратуу процессин жакшыртат. Фолий кислотасынын жетишсиздиги кыр арка омурткасынын өрчүбөй калышына (спина бифида оорусу), эс тутумунун начар болушуна, аялдын өңүнүн кубарышына жана сепкилдин пайда болушуна алып келет. Фолий кычкылын гравидардык даярдык катары бойго бүткөнгө чейин үч ай мурун, кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин үч ай күнүнө 400 мкгдан ичүү керек.

Йод – бул микроэлементти калкан бези гормондорду иштеп чыгуу үчүн колдонот. Ал гормондор адамдын бардык системаларынын иштешине олуттуу салымын кошот. Биз эндемикалык райондо жашайбыз. Деңиз жээгинде жашап, йодду балык, балырды жеп тамак-аш аркылуу алган элдерден айырмаланып, биздин табиятта йод жокко эсе. Йоддун жетишсиздиги богок оорусунун пайда болушуна себепкер жана баланын акыл-эси кем төрөлүп калуу коркунучун жогорулатат. Йод микроэлементин бойго бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин күнүнө 200 мгдан кабыл алуу зарыл.

Темир — бул адамдын организмине керектелүүчү олуттуу микроэлементтердин бири. Темир организмдин кайра калыбына келүү процессин жакшыртат (метоболизм). Анын функциясы- кан аркылуу бардык органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүү. Ал эми негизгиси — темир баланын мээсинин калыптануусуна, өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө жооптуу. Темир микроэлементи кош бойлуу айымдын организмине күнүнө 60 мгдан керектелет.

Эркек кантип даярданат?

Бойго бүтүүнү пландоого эркек да катышып, өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, витамин ичүүсү керек. Витаминдер комплексинде селен жана цинк сөзсүз болсун. Аталган элементтер сперматозоиддин сапатын жогорулатат. Себеби мырзалардын тамеки чегүү, ичимдик ичүү жана башка зыяндуу адаттары, стресс болушу, экологиянын начарлашы уругунун сапатын төмөндөтүүдө. 

Урологго көрүнүп, анализ тапшырып бир сыйра текшерилгени ашыктык болбойт. Спермограммага тапшырса, сперматозоиддердин сапаты, алардын активдүүлүгү, сперманын башынын, куйрукчасынын сапаты текшерилет.

Тамактануу

Бизде негизги басым эркекке жасалат. Башкача айтканда, эркек ток болушу керек, анын көңүлүнө жаккан тамак жасалышы керек, тамактын көбүрөөк бөлүгү эркекке берилиш керек деген түшүнүктөр калыптанып калган. Бул туура эмес. Эркек төрөбөйт. Атасынын гемоглобининин түшүп кетиши түйүлдүккө таасирин тийгизбейт. Анын организминдеги пайдалуу заттар, элементтер эч жакка кетпейт. Ал эми эненин ден соолугунан түздөн-түз көз каранды. Аялдагы витаминдердин бардыгы балага өтөт.

Ошондуктан кош бойлуу аял түрлөп тамактанышы керек. Бул ашыкча же көп дегендик эмес. Болочок эне туура тамактанып, рационунда эт, сүт азыктары (айран, быштак, сыр, йогурт, кефир ж.б.), дан азыктары (күрүч, гречка, буурчак, нокот ж.б.), жаңгактар (чеги менен), анан баарыбызга белгилүү болгондой, мөмө жана жер-жемиштер болууга тийиш.

Кош бойлуу айым 10-13-жумада так мөөнөтүн аныктоо үчүн, 18-20-жумада ымыркайдын өнүгүүсүндөгү кемтиктерди (порок развития) аныктоо үчүн УЗИге түшүшү керек. Бир ирет мите курттарга каршы препараттар ичилет.

Төрөттөрдүн ортосундагы аралык

Боюнда бар ар бир аял контрацепция каражаттары тууралуу билип, үй-бүлөнү пландоо ыкмаларын колдонушу керек. Андан тышкары аял төрөт үйүндө көз жаргандан кийин 2 сааттын ичинде спираль салдыруу мүмкүнчүлүгүн колдоно алат.

Төрөттөрдүн ортосундагы оптималдуу аралык 3-5 жыл. Себеби эмизип жаткан аял өзүнө жана кийинки баласына бере турган тиешелүү витаминдерди чогултуп жетишпейт. Ал эми кош бойлуу аял үчүн витаминдердин жетишсиздиги кандай кесепеттерге алып келери жогоруда айтылды.

Балдардын ортосундагы жаш аралыгы аз болгондо балдар да кыйналат. Үч жашка чейинки бала өзүнө жетиштүү көңүл жана көп убакыт бөлүнүшүн каалайт.

Дени сак, алты саны аман, акыл-эси жетилген балалуу болуу үчүн алдын ала даярдануу жана ден соолукка кам көрүү зарыл.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Аялым менен ажырашкандан кийин элдин сөзүнө киргенимди түшүнүп өкүндүм

Аялым менен ажырашкандан кийин элдин сөзүнө киргенимди түшүнүп өкүндүм

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.