AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Балага туура китеп окуп берүү

Балага туура китеп окуп берүү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Балаңыз келечекте акылдуу, билимдүү болсун десеңиз китеп окуп бериңиз. Кандай китептер деп билбей жатсаңыз, бул макала сиз үчүн. Баланы эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова балага китеп окуп берүү боюнча пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.

Алты айга чейин

Жаңы төрөлгөн бала ата-энесинин мээримдүү үнүн угуп, өзүн жайлуу, коопсуз жана тынч сезет. Ошондуктан ымыркай менен сүйлөшүп, китеп окуп берүү өтө маанилүү.

Китеп тандоо:

  1. Созуп, ыр сымал окуп берүүгө ылайыктуу.
  2. Сүрөттөрү ачык жана ар түрдүү түстө.
  3. Аудио китептер.
  4. Фактура боюнча түрдүү китептер сунушталат (жылмакай, катуу, оор, жеңил, назик жана орой).

Окуп берүү шарттары:

  • Ырдап окуп берүү.
  • Сүрөттөрүн көрсөтүп, кызыгуусун ойготуу.
  • Үнүңүздү жоон, ичке, катуу, акырын чыгарып баланы алаксытуу.

Балага канчалык эрте китеп окуп бере баштасаңыз, ал ошончолук бат сүйлөгөнгө аракеттенет.

Эки жашка чейин

Бул куракта баланын китепке болгон көңүл буруусу бир нече секундга гана созулат. Ошондуктан бул куракта 3-4 ачык түстөгү китептер жетиштүү. Көп учурда бала китепти кармалап, оозуна салып көрөт дагы, тартылган сүрөттөрдү карайт. Баланын сүйүктүү китеби пайда болуп, кайра-кайра ошол китепти окуп берүүнү суранат, тааныш сүрөттөр жөнүндө айтып бере баштайт.

Китеп тандоо:

  1. Сүрөттөрү көлөмдүү жана ачык түстө болсун.
  2. Баланын кызыгуусун арттыруу үчүн, китептерди улам алмаштырып туруңуз.
  3. Көп учурда жаныбарлар жөнүндө китептерди тандаңыз.

Окуп берүү шарттары:

  • Баланы китепке туура мамиле жасоону үйрөтүү, үндү бийик чыгарып окуу.
  • Бөбөк менен бирге отуруп, китепти акырын барактап, сүрөттөрүн көрсөтүү.
  • Китепти анча бийик эмес, бөбөк жете ала турган жерге коюу.
  • Бала жомокко, аңгемеге байланыштуу суроо берсе сөзсүз жооп берүү.
  • Китепти карап, балага “Бул эмне?”, “Эмне кылып жатат?” деген жөнөкөй суроолорду берип туруу.

Сунушталган китептер:

  • “Чамгыр”;
  • “Көмөч нан”;
  • “Торгойдун топусу”;
  • Т. Кожомбердиев “Түйдөк жип”;
  • Т. Кожомбердиев “Боорукер жаан”.

Төрт жашка чейин

Бул курактагы бөбөктөр чыгармалардын сюжеттерин түшүнүп, көп суроолорду бере баштайт. Жөнөкөй рифмаларды кайталап, ырларды жатка айтат. Апасы же атасынан көп уккан чакан жомокторду айтып бере алат. Чоңдорду туурап, жакшы көргөн китебин сөөмөйү менен саптап окуп баштайт.

Китеп тандоо:

  1. Сүрөттүү болушу шарт эмес.
  2. Каармандары көп чыгармалар.

Окуп берүү шарттары:

  • Каармандардын үнүн коштоп, кыймыл аракетин туурап берүү.
  • Балага каармандарды тууроону сунуштоо.
  • Бир китепти бир нече жолу окуу.
  • Китептин түзүлүшүн түшүндүрүп берүү. Мисалы, китептин кабы, барактары, мазмуну эмне үчүн керек экенин.
  • Чыгарманы окуп бергенден кийин, айтып берүүсүн сурануу.

Сунушталган китептер:

  • Каныбек Жунушовдун “Жашынмак”.

Алты жашка чейин

Бул курактагы бөбөктөр жомокту же аңгемени угуп же спектакль көрүп олтуруп, каармандар менен бирге болуп жаткан окуяларга кирип, кайгырып, сүйүнө баштайт. Баланын тамгаларга, тыбыштарга, сөздөргө, сандарга, жазганга жана окуганга болгон кызыгуусу алда канча жогорулайт. Өзү жөнөкөй сөздөрдү окуй алат, атын жазат, сюжеттүү сүрөттөрдү тарта баштайт.

Китеп тандоо:

  1. Мазмуну татаалыраак, сюжети эки-үч эпизоддон турган чыгармалар.
  2. Китепканага алып барып, өзү каалаган китептерди тандап берүү.

Окуп берүү шарттары:

  • Китеп окуп жаткан учурда токтоп, “Сенин оюң боюнча, каарман туура кылдыбы?”, “Ал эмне себептен мындай жооп берди?” деген сыяктуу суроолорду берип талкуу жүргүзүү.
  • Каармандарды анализдөө.
  • Кызыгуусун арттыруу максатында, жакынкы китепканага экскурсияга барып, китептер, китепкана, китепканачы жөнүндө түшүнүктөрүн кеңейтүү.
  • Күндө китеп окууну адатка айлантуу.
  • Чыгарманын кийинки бөлүгүнө өтөөр алдын, мурунку бөлүктүн мазмунун суроолор аркылуу балага эстетип туруу.
  • Каармандын келечеги эмне болоору жөнүндө сүйлөшүү.

Сунушталган китептер:

  • Кыгыз эл жомоктору.

Китеп окуу баланын эмоциялык, психологиялык өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет. Бала күн сайын ата-энеси менен бирге китеп окуп убакыт өткөрсө, чексиз бактылуу болуп, өзүнө болгон ишеними артат.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Этек кир: Прокладка же чүпөрөк

Этек кир: Прокладка же чүпөрөк

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.