Медицина илимдеринин кандидаты, улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы Азизбек Абдырасулов Bilesinbi.kg редакциясына энурез жөнүндө айтып берди.
Энурез деп — түнкүсүн төшөккө заара кылып койгонду айтышат. Көбүнчө 5 жаштан өйдө балдарда байкалат.
Себептери:
- түрдүү инфекциялар
- урологиялык оорулар
- нерв системасынын толук калыптанбагандыгы.
Организмдин баарын, анын ичинде табарсыкты нерв системасы башкарат. Бала чоңоюп, нерв системасы калыпка келгенде, энурез өзү эле жоголот.
Ата-эненин экөө тең кичинесинде энурез менен ооруса, анда оору тукум кууп балага өтөт.
Энурездин 3 түрү болот.
- Жеңил — жумасына 1-2 жолу заара ушатат.
- Орточо — 1 күн кылат, 1 күн кылбайт.
- Оор — күнүгө төшөккө сийет.
Эмне кылуу керек?
- Бала күндүз дааратканага баргысы келгенде 5-10 мүнөт токтотуп койгула. Ал заарасын кармаганга аракет кылганда, нерв системасы табарсыкты башкара баштайт.
- Уктаар алдында суюктукту аз ичиргиле.
Баланын төшөккө заара кылганы токтобосо, молдого эмес дарыгерге кайрылгыла!
- Энурезге чалдыккан бала кечкисин 9да уктаса, 11де ойготуп дааратканага алып баргыла. Бул аракетти 1-2 ай кайталап, кайра 11де эмес 12де ойготуп, улам-улам убакыт аралыгын чоңойткула. Жыйынтыгында рефлекс пайда болот.
- Календарь түзүп, түнкүсүн төшөккө сийбеген күндөрүн белгилеп, “мына карачы, азайып калды”,- деп колдоп тургула.
- Сийип койгон баланы урушпагыла. Көп стресс болгон бала энурезге чалдыгат.







