AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бала төрөбөгөнүмдү

Бала төрөбөгөнүмдү, ичкен күндөрүмдү көтөргөн күйөөмө рахмат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет аялдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

— Жаку, менде сага көптөн бери айталбай жүргөн бир сөзүм бар. 

Коркуп кеттим. Ажырашалы дейт го дедим. Ушунча жыл чыдамын деле түгөттүм. 

Чай ичип жатканбыз. Жанатан бери унчукпай отурган күйөөм минтип сөз баштады. Акыркы күндөрү тамак деле жебей калган. Ой басып эле жүрөт.

Турмуш курганыбызга 14 жыл болду. Биз биринчи курсубузда эле баш кошконбуз. Кайда барбайлы чогуу жүрүп көнүп калганбыз. Менин жашоомдун ар бир көз ирмеми күйөөм менен байланыштуу. Мага жакшы эле чыдады.

Окуубузду бүтүп-бүтпөй соода тармагына өтүп кеттик. Россия, Сибирге чейин барып иштеп келдик. Ар дайым жанымда болду. Жадакалса, ичкиликке бериле баштаганымда дагы.

Балалуу боло албай койдук. Ал жылдары кээде күйүтүмдөн ичип койчу болдум. Эсимде, бир жолу «менден уялып жатасыңбы» деп сурасам, «аялымдан уялып акылыман адашыпмынбы» деген. Туугандарым, кайын-журтум баары мени таштап башка алышын айтып чыгышты. Таштаган жок. Ичпе деп дагы айтпады. Жөн гана жанымда болду.

«Мен сага бир жолу бала төрөбөйсүң дедимби!» Катуу урушуп кеттик. Ошондо ушинтип бакырды. Эстесем, бир дагы жолу «төрөбөйсүң» деп айтпаптыр. Кечирим сурадым. 

Бир нерсени эстесем күлкүм келет. Атайын сынап, башка номерлер менен таанышып алалы деп жаза берчүм. Ошондо жооп берчү эмес. Жөн гана блокко салып койчу. 

Кудай күйөөмдүн сабырын баалады окшойт. Ичимде алты айлык бала бар. Бирок, айта элекмин. Коркуп жүрөм. Адаттагыдай түшүп калат деп коркуп жүрөм. Дарыгер, «эже баары жакшы» десе деле ишене албай жүрөм. Күйөөмө кур үмүт бергенден коркуп жүрөм.

— Эмнени сүйлөшөлү дедиң эле?

— Жүр, айылдан биротоло көчүп кетебиз, чет жакка.

— Эмнеге?

— Могу таш боор эл бизди жөн жашатпайт го… Чарчадым Жаку…

Унчукпай отурдук. 

— Балабыз өз жеринде эле туулса жакшы го.

— Балабыз?

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Айызы 10 жашында башталган кызын апасы урушкан

Айызы 10 жашында башталган кызын апасы урушкан

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.