AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бала кошумча тамак бере баштаганда буларды эске алыңыз

Бала кошумча тамак бере баштаганда буларды эске алыңыз

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Педиатрдын кабылдамасында көпчүлүк ата-энелер балага качан тамак бере башташ керектигин сурашат. Мындан утурлай, педиатр Елена Халитова кошумча тамакты киргизүүнүн негизги эрежелерин айтып берди.

Кошумча тамакты качан бере башташ керек?

Бала 5,5-6,5 ай болгондо, кошумча тамак-ашка даяр болуу белгилери (тамак-ашка кызыгып, буюмдарды кармап, алардын даамын татат, бирөөнүн колдоосу менен отура алат) пайда боло баштайт. Мына ошол убакта киргизе бериш керек.Тиш же салмак кошумча тамактарды киргизүү убактысына таасир этпейт.

Эмнеден баштоо керек?

Көпчүлүк эксперттердин айтымында биринчи кошумча тамагы ар кандай болушу мүмкүн — дан, жашылча, эт же жемиштер дегендей. Баланы кыстабаса, мажбурлап тамактандырбаса, тамакты акыркы грамына чейин кыйнап жедирбесе, балада туура тамактануу калыптанып, ал жашылчаларды жемиштерден кийин, ал эми этти дан азыктарынан мурун берсе да, кубанып жей берет.

Салт боюнча, кошумча тамак катары жашылчалар биринчи киргизилет, эт дан жана жашылчалардан кийин рационго кошулат, бирок ырааттуулугун өзгөртүүгө болот. Дүйнөнүн кээ бир аймактарында аз кандуулуктун алдын алуу үчүн 6 айдан баштап биринчи тамак катары эт берилет.

Кошумча тамактарды киргизүүнүн максаты — баланы ныктап тойгузуу эмес, ага даамдардын, текстуралардын, түстөрдүн жана жыттардын максималдуу түрдүүлүгүн көрсөтүү.

Эмчек эмизүүнү уланта берсе болобу?

Кошумча тамактарды киргизүү менен бирге эмчек эмизүүнү улантуу сунушталат. Эмчек сүтү баланын тамактануусунун негизги булагы болуп кала берет. Кошумча тамактарды акырындык менен киргизүү баланын жашоосунда белгилүү бир режимди түзөт. Айталы, кошумча тамактарди берүү ​​бүт үй-бүлө дасторкон үстүндө отурганда жана тамак ичкенде сунушталат. Эмчек сүтүнө бала көнүп калгандыктан, аны кошумча тамактардын убактысына карабастан (тамактануунун алдында же кийин, уктаар алдында ж.б.) бере берсе болот.

Кошумча тамакты канча өлчөмдө бериш керек?

Кошумча тамак-аштын порциясы так мынча болуш керек деген нерсе жок, бала канча жесе, ошончо. Эң негизгиси балага гастрономиялык дүйнөнү ачып берүү. Жаңы продукт кичинекей дозада (~1/2 чай кашык) киргизилет, андан кийин баланын табитине жараша көлөмү көбөйөт. Андан ары көлөмү бир муштум менен өлчөнөт. Балага адегенде пюре, эзилген тамак же майда кесек жана жумшак бөлүкчөлөр сунушталат. 8 айдан баштап тилдин жана жаак булчуңдарынын жакшы иштешин өнүктүрүүгө, чайноону стимулдаштырууга ылайык тамактар сунушталат.

Кошумча тамакка тузду 1 жаштан, кумшекерди 2 жаштан кошууга болот.

Тамакты кантип жасоо керек?

Биринчиден кошумча тамактар ​​бууга бышырылган болушу керек. Андан кийин кайнатылган, демделган ж.б. кетет. Балага жумшак мөмө-жемиштерди чийки түрүндө берсе болот. Эгерде азыктар катуу болсо, анда аларды бышырып, жумшартып, анан балага берсе болот. Тамак даамдуу болушу керек. Бул үчүн 7-8 айынан баштап аз өлчөмдө кошулган татымал кошуп койсо болот.

Кандай тамактарга чектөө коюлат?

Жаңгак, жүзүм ж.б. сыяктуу тегерек жана катуу нерселерге тыюу салынат, какап калышы мүмкүн. 3-4 жашка чейин мөмө-жемиштерди туурап берген жакшы. Чийки же толук эмес иштетилген тамактар (туздалган же чийки балык, чийки жумурткадан жасалган майонез, икра ж.б.) 4-5 жаштан баштап сунушталат, анткени уулануу коркунучу бар. Козу карындар 1,5-2 жаштан баштап, ал эми бал бир жаштан кийин берилиши керек. Консерва жана өнүп чыккан чийки үрөндөргө дагы тыюу салынат.

Эмнени такыр жасабаш керек?

Кошумча тамакты ширелер менен баштоонун кереги жок. Ширелер 12 айга чейин сунушталбайт, ал эми 1 жаштан кийин алардын көлөмүн чектөө сунушталат. Мисалы, 4 жашка чейинки балдар үчүн күнүнө 120-180 мл, 4 жаштан кийин — күнүнө 250 мл чейин жетет.

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Бул 7 белги башкалар үчүн ыңгайлуу айым экениңизди билдирет

Бул 7 белги башкалар үчүн ыңгайлуу айым экениңизди билдирет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.