AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Бала канчалык жаман окуса

Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бала чагы советтер союзуна туш келгендердин көбү “азаматсың”, “коркпо, колуңан келет”, “эң сонун жасаптырсың” деген мактоо сөздөрдү өтө эле аз укса керек. Анткени балага мактоо жарашпайт, дароо дардаңдап кетет, деген түшүнүк бар болчу.

Бирок баланы мактоо өтө маанилүү. Мээрим төгүп айтылган сөздөр эч кимге зыянын тийгизген эмес. Башкысы баланс сактоо керек.

Педагог-дефектолог Татьяна Мировскаянын пикири боюнча балдарды ата-энеси гана эмес мугалими да мактап турушу керек.

Мектептеги тапшырмаларды аткара албайт, бирок мындай сурасаң же сүйлөшсөң бардыгын сопсонун билген жана түшүнгөн окуучуларды көп эле жолуктурам.

Бир кичинекей бала менен сүйлөшүп калдым:

— Эмне үчүн текшерүү ишиңде ката көп? Сен булардын барын жакшы эле билет экенсиң го? Же мектептен чыгарыш оор болдубу?

— Жок. Мен башында эмне кылыш керек экенин түшүнгөн жокмун. Анан жазыш керек болгондо убакыт аз эле калды. Мен жетишпей калдым.

— Түшүнбөсөң эмне үчүн мугалимден сураган жоксуң?

— Мугалим сабак учурунда суроо бергенге уруксат бербейт.

— Мугалим сени мактайбы? Бала түшүнбөгөндөй карап турду. – Мугалим силерди урушабы?

— Ооба, урушат. Перемена учурунда ары-бери чуркасак, чуркабагыла, деп урушат. Сабакта тынч отургула, суйлөбөгүлө, деп урушат.

Мен балдарды ар дайым мактайм. Кенедей ийгилиги үчүн болсо деле. Ошол учурда баланын көздөрүнүн жайнаганын байкасаңар. Дагы-дагы айтчы, дагы мактачы, деп суусап турган гүл суу сурагандай суранат көздөрү.

Ата-энелер менен сүйлөшүп жатканда жүзүнчү жолу айтсам да баланы макташ керек, деп айткандан тажабайм. Эч качан Асанды Үсөнгө салыштырбагыла. Эч качан баланын жетшкендиктерин өзүңөрдүн ийгиликтериңерге салыштырбагыла. “Сендей кезимде, мен жалаң бешке окуп, уй саап, беш бала багып, кечкиге манты түйүп койчумун” – деп балага айткан болбойт.

Ал сиздин балалыгыңыз. Сиздин жашооңуз. Асан менен Үсөндүн ар биринин өзүнүн жеке жашоосу бар. Асандын жетишкендиктерин анын мурунку ийгиликтерине гана салыштырабыз. Үсөндүкүн да өзүнүкүнө гана.

Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек. Мактаганда баланын канаты пайда болот. Жаңы бийиктиктерди багынтып, жаңы ийгиликтерге жеткиси келет.

Балдар “жаман бала”, “жалкоо” атка конгусу келбейт. Болгону ар биринин ийгилиги ар башка нерседе, ар башка учурда. Бири эртерээк жетет, экинчиси кечирээк. Болгону чоңдор баланын ийгиликтерин байкашпайт же маани беришпейт. Бирок балдар үчүн мактоо абдан маанилүү. Ата-энең, мугалимиң мактап, жылуу сөз айтып, кучактап, сыймыктанып турушса кимге жакпасын.

Ойлонуп көрсөңүз, мактоо сөзүн айтуу оор деле эмес да.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Мен үй-бүлөлүү эркек болгонду үйрөндүм. Мага бул тууралуу эч ким айткан эмес

Мен үй-бүлөлүү эркек болгонду үйрөндүм. Мага бул тууралуу эч ким айткан эмес

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.