Саламатсызбы! Байкем менен жеңем көп жыл мурун ажырашып кетишкен. Төрт жана он жаштагы балдары бар. 10 жаштагы кызын апам 8 айынан баштап 8 жашына чейин өзү чоңойтту. Жеңем караган эмес. Ажырашкандан кийи нкызы биз менен жашап жүргөн эле, кокусунан келип балдарын талашып калды. Балдары аябай коркот апасынан, көрсө кадимкидей титиреп турат. Эки жактан райондук сотко кайрылдык, барсак бала эне менен калат деп жатышат. Сот залынан балдарды зордоп ыйлатып алып чыгып кетишти. Эми жеңем балдарын карабай, апасына таштап Москвада турмушка чыгып кетиптир. Балдарды каникул сайын алып келип турабыз. Үйгө келсе аябай сүйүнүшөт, «кетпей эле коелучу, таенем, таежем урат, урушат, бизди алып барбаңызчы»,- деп ыйлап таарынышат. 3000 сом алимент үчүн балдарды ушунчалык кыйнап жиберишти. Кантип балдарды өзүбүзгө алсак болот? Алар биздин бир тууганыбыздай болуп калышкан, апамды да аябай жакшы көрүшөт. Бала 10 жаштан кийин ата-энесин тандоого укугу барбы? Сотко кайрылсак энеде каларын айтышат, бирок алар баланын укугун, кызыкчылыгын коргогон жок.
Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары
31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...







