AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Байкем менен жеңемдин сүрөтүн сындаган туугандардын оозун чоң апам жапты

Байкем менен жеңемдин сүрөтүн сындаган туугандардын оозун чоң апам жапты

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурмандан келип түшкөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Жеңелүү болдум! Ура! Жеңелүү болдум!

Мектептен чыгып алып, кыздар менен сүйлөшүп отургам. Иним байкем келин алып келгенин айтып чалды. Сүйүнгөн бойдон үйгө чуркап жөнөдүм. 

Бир жылдан бери тойго даярданып жүргөнбүз. Байкем «мына алып келем», «ана алып келем» деп жүрүп акыры сөзүнө турду. Атамдын «келин алсам союем» деп багып жүргөн кою картайып деле калды (күлүп). 

Шайыр жеңелүү болдум. Быдылдап зериктирбейт экен. Ага суктанып коюп эле отурдум. Ватсаптан толтура статус чыгарып, кыздарга мактандым. Мен жеңелүү болгум келчү. Аябай күткөм. Мага жакты.

«Маңдай жарык жаркылдаган кыз экен» деп чоң энем дароо жактырды. Анан мага бербей жүргөн алтын билеригин жеңеме такты. Ошентип той башталды. Эң кызыгы байкемдин достору экөөнө Түркияга жолдомо беришти. Жеңеме «мага муну ала келиңиз» деп  толтура буйрутма бердим. 

Жеңем инстаграмга биринчи сүрөтүн жүктөдү. Экөө бактылуу самолетто кетип баратышат. Анан артынан видеолор кетти. Экөө чын эле бактылуу. Байкем жеңемди өөп, кучактап, сонун романтика кыскасы. Туугандар ошондо «уялышпайбы» сөз кыла башташты. Баарыбыз үйдө болчук. Чоң энем «крутой» да. Бир заматта ордуларына койду.

— Ай, келиниңиз ачык кийинет экен.

— Жаш кезде кийинбеген, сендей карыганда кийинеби анан.

— Тим эле келин болгонун унутуп бийлейт го.

— Жыргай берсин, азамат. 

— Карап көй, өбүшуп түшкөн сүрөттөрүн.

— Сага эмне, кайра жакшы кийин түшүнбөстүктөр болсо, ошол сүрөттөрүн карап, дароо элдешишет. Бул нерсе адамды жакындатат. Жылуу элестерди тартуулайт. Аялын өөп, кучактап турган күйөө кандай сонун. Сеникиндей кургак болсунбу.

— Жыргал эле ушулардыкы.

— Бул сүрөт. Сүрөттө баары жыргап жүрөт. Түйшүк сүрөткө түшпөйт.

— Кичине сезимдерин катышпайбы.

— Катып жүрүп, канча адам бактысыз. Сезимдер ачыкка чыгыш керек. Силерге эмне ай. Бирөөнү ушактап, өзүңөрдү ылдый түшүрөсүңөр да. Жыргап жүрө беришсин. Силерге эмне? Силердин акчаңарга жыргап жүрөбү. Ушу силердей көрө албас адамдардын айынан үй-бүлө бузулат. Тур ишиңерди кылгыла. Адамдын ичи кандай болсо, оозунан ошондой сөз чыгат. Ачуумду келтирдиңер. Тур!

Баары унчукпай калышты. Сыртка бултуюп чыгып кетишти. Акырын чоң энемдин жанына барып, «бешти бериңизчи» дедим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

Киберкуугунтук. Баланын коопсуздугун сактоо боюнча адис кеңеш берет

17 ноября, 2025
3.3k

Киберкуугунтук деген эмне, аны менен күрөшүү жана чоңдордун жана өзгөчө балдардын жашоосунда алдын алуу жолдору тууралуу "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси Татту Мамбеталиева менен маек курдук.- Алгач киберкуугунтук...

Кийинки макала
Өзүмдү бактысыз сезем. Ичкиликке берилген күйөөм менен кантип ажырашам?

Өзүмдү бактысыз сезем. Ичкиликке берилген күйөөм менен кантип ажырашам?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.