AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
БАДдар бул жөн гана текке кеткен каражат

БАДдар бул жөн гана текке кеткен каражат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бермет Барыктабасова, Далилдөө медицина боюнча адис 

БАД деген эмне

БАД  — бул биологиялык активдүү кошулмалар (биологически активные добавки). Бардык тиешелүү тоехнологиялар менен жасалган, туура сакталган, орду менен колдонулган БАДдар ден соолукка пайда алып келет. Бирок, бул дары эмес, бул – азыктык продукт! Ал адамдын күнүмдүк тамактануусундагы жетишпеген элементтерди толуктап турат.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктарга сунушталган БАДдардын түрү өтө көп. Жарнама аркылуу берген убадаларына ылайык алар бир топ оорулардан айыктырат, семиздерди арыктатат, карып калгандарды жашартат.

БАДдын жарнамасына кыйла каражат жумшалат. Үймө-үй кыдырып атайын гезиттерди да таратышат. Анын ичинде БАД ичип, сакайып кеткен бейтаптардын ыразычылык сөздөрү, алкоолору жазылган. Кооз фото сүрөттүн алдында майда шрифт менен, бул дары каражаты эмес, жана негизги терапиядан баш тартпагыла деп жазылган. Бирок түстүү, көркөмдүү тартылган сүрөттүн алдындагы майда жазууларга ким көңүл бурмак эле, туурабы?

БАД бул алдамчылык

БАДдардын жарнамасы гезиттер, социалдык тармактар, ватсап аркылуу таркатылат. Андан тышкары, интернетте атактуу адамдардын, анын ичинде абройлуу медиктердин сүрөттөрү колдонулат. Ишенчээк адамдар “медиктер өздөрү сунуштап жатса, демек ишенсе болот экен” деп ойлошот дагы анын курамын текшербей туруп эле ала беришет. (Кантип текшерет англисче, кытайча же арабча жазылып турса?)

Кыргызстанда БАД менен дарылоого тыйуу салынган

Бир нече жыл мурун “Дары каражаттары тууралуу ” жаңы мыйзам долбоорунан биологиялык активдүү кошулмалар алынды. Алар узак убакытка чейин дарылык каражат катары эсептелинчү.

Ошондой эле, БАДдын жарнамасында медицина кесибине тиешелүү атрибуттарды: ак халатчан адамдарды, медициналык имараттарды, жабдыктарды колдонууга да тыйуу салынды.

Саламаттыкты сактоо системасына тиешелүү имараттарда БАДдарды сунуштоого жана таркатууга да болбойт. Башкача айтканда сизди көрүп жаткан дарыгердин БАД жазууга жана сунуштоого акысы жок. Медиктер бейтаптар менен чынчыл болуп, БАД — бул дары эмес, негизги тамактанууга кошулма деп айтып, туура маалымат берүүгө милдеттүү.

БАДдар зыян

Биологиялык активдүү кошулмаларды каттоого алып, алардын курамын текшерүү зарыл. Эч кандай пайдасы жок болсо го мейли, бирок айрымдары ден соолукка зыян. Себеби курамында уулу заттар, наркотикалык, гормоналдык, катуу таасир берүүчү веществолор болушу мүмкүн.

Эсиңерде болсун! Биздин мамлекетте тармактык маркетингге (сетевой маркетинг) бизнес катары тыйуу салынган.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Бала маңкасын жесе эмне болот? Педиатр айтып берет

Бала маңкасын жесе эмне болот? Педиатр айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.