AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Азыркы кыздар жеңил ойлуубу?

Азыркы кыздар жеңил ойлуубу?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Үйлөнгөнгө чейинки кыз-жигит мамилеси кандай болушу шарт, чыгыш өлкөлөрүндө жаш жубайлар үй-бүлө кураарда темпераменти, мамилелери, сексуалдык дал келүүлөрүн илимий негизде сөзсүз аныктап анан мамиле түзүүгө кадам ташташат. Бизде негизинен кыз-жигит мамилесинин бузулуусунан көп учурда кыздар гана жабыркашат. 

Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп эле бир күнү бири-бирине болгон мамилелеринин сууп калгандарын айтышат. Мына ошондой кыздардын бири өзүнүн окуясын айтып берди, учурда психологдун жардамына муктаж экендигин, кийинки турмушума залалы тийбейби деп кабатыр.

  • Мен жигитим менен сүйлөшкөнүмө жалпысынан 4 жыл болду. Үйлөнөбүз деген ниет менен интимдик катнашта да болуп койгонбуз, ошентип 2 жыл мурда боюман да түшүп калды. 5-6 айдан бери жигитим менен жакшы сүйлөшпөй жатабыз. Азыр анда-санда гана телефон аркылуу чалып жигиттериң көп деп сөгөт, мен ага абдан капа болуп ыйлайм. Эмне кылаарымды дагы билбей калдым, кийин башкага жар болсом эмне деп айтам деп аябай кыжаалат болом.

«Мындай учурда сүйлөшүп жүргөн эки жаш ачык айрым сүйлөшүүлөрү керек экенин, айрым учурларда махабат менен кызганыч бирге өсөөрүн айтып, кыз-жигит кийинки турмуш куруу маселесине балта чаппашы керек»,- дейт психолог Каныша Кожогелдиева.

  • Маселен жогорудагы кыздын жагдайына түшүнсө болот. Эркектер көпчүлүк учурда, өзгөчө кыргыз жигиттери өздөрүн бийик кармашат. Ошондуктан алар мен жактырган кыз баардык жагынан мага баш ийип туруш керек деп эсептешет. Демек меники гана деп кабыл алышат. Мамиле бузулуп жатса кызбы же эркек болобу ачык сүйлөшүп, бири-бирин канчалык деңгээлде жактыраарын, келечек эмне болот, чындап эле жактырып жатабы же жөн эле кызганып убакыт өткөрүп жүрөбү, мына ушунун баарын ачык айтып сүйлөшүп алуулары керек. Жаштар кызганууга шарт түзбөгөнгө аракет кылуулары керек.

“Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болуу мүмкүн эмес. Өзгөчө жаштар улуттук каада салттын, менталитеттин өзгөчөлүктөрүн, эске алуулары абзел” –дейт психолог Бермет Наралиева. Коом тарабынан миңдеген жылдар бою тастыкталган эрежелер, коомдук аң сезимде жашап калган, аны аткарбаса сөзсүз терс жыйынтыктарды алып келээрин эстен чыгарбоо керектигин айтат.

Ошол эле учурда эң жакын көргөн адамдарынан кордук көрүп, түрдүү зордук зомбулуктарга дуушар болгон кыздар да жок эмес. Алардын дагы бири өз турмушун төмөндөгүчө баяндайт.

  • Мындан 3 жыл мурун курбумдун тууганы мас абалымдан пайдаланып зордуктап койгон. Айылга, туугандарга уят болбоюн деп үстүнөн арыз жазган жокмун. Андан кийин бир бала менен мамиле түздүм, бирок ал да таштап кетти. Азыркы учурда колумду сурагандар бар, бирок кыздык намысым жок экенин айтсам дароо таштап кетишет, эмне кылсам болот«,- деп кейийт.

Азыр кыздар алданууга дапдаяр..

Тажырыйбалуу психологдордун бири Каныша Кожогелдиева, “негизинен кыздар алданганга дапдаяр, башкача айтканда өзүнүн терс мүнөзү, же өтө ишенчээктиги менен таштак жолго кептелип калат”,-дейт.

  • Негизги изилдөөлөрдө көпчүлүк мамиленин туруктуу болбошу инсандык сапатынын туура келбегендигинде. Инсандык сапат бул эң маанилүү, себеби бул нерсе адамдын мамиле куруусунда өтө чоң жардамын берет.

Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн учурларда үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка барып коюшкан соң кадимкидей эле үй-бүлөлүк турмуштай жашоо улана баштайт. Маселелери да көбөйүп, бойго бүтүп калса аны жаштар алдырууга аракет кылышат, андан сырткары бири-бирине көндүм болуп калган соң мамилелер бузулуп бир тарап өзгөрө баштаарын айтат психологдор.

  • “Сексуалдык кошулуу болгондон кийин тилекке каршы эркек киши өзүнүн мамилесин дароо өзгөртөт. Алыстап баштайт, бош убакыт аялдар үчүн азаят же такыр эле жоголуп кетет”. Мамиленин өзгөрүп кетишинин себеби, жыныстык катнаштан кийинки аял затынын жүрүм-турумунун өзгөрүп кетиши менен байланыштуу. Эркектин жеке жашоосуна кийлигишип, андан адаттан тышкары убакытты талап кылгандыгында. Мындай өзгөрүүлөр эч качан мамилени бекемдебейт. “Эгерде эркек кандай абал болбосун сүйлөшүүдөн качып калса, канчалык кыйын болсо дагы, анын чечимин кабыл алуу керек. Анткени туруктуу, түбөлүктүү мамиле куруу үчүн эки кишинин тең каалоосу болушу маанилүү, бир тарап баардык маселени оордуна коё албайт”,- дейт психолог Гүлмира Молдокулова.

Мындай учурларга дин кызматкерлери эмне дейт?- үйлөнгөнгө чейинки жаштардын карым-катнашы, мамилеси кандай болушу керек, теолог Улан Усупов буларды айтат.

  • “Үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит болуп жүрүүгө шарыят жол бербейт. Бирок, адалдыктын чегинде, башкача айтканда ээн жерде жалгыз экөө гана калбоо, шарты менен таанышып, сүйлөшүп, бири-бирин жактырышып үйлөнүшсө мүмкүн”- дейт. Бул эрежелер ар бир мамиледе сакталса, шайтан азгырыгы аз болуп, бактылуу турмуш болмоктугун кошумчалайт.

“Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду ар бир өспүрүмгө же жаштарга жеке алып берет. Келип түшкөн суроолордон улам кыз-жигит мамилеси канчалык олутту маселе экенин байкоого болот.

  • Мен 20 жаштамын, жигитим экөөбүз жакын мамиледе (кошулуп) болуп койдук. Бул нерсени эч кимге айта албай кыйналып жүрөм. Жигитимдин апасы менен телефон аркылуу сүйлөшсөм, 5-6 ай кое тургула, күзүндө баш кошосуңар деди. Ойлоно берип депрессияга учурап калдым, эмне кылсам болот?
  • Жигитим менен жыныстык кошулууга барганбыз. Күзүндө үйлөнөлү деп план коюп, бирок ортодон таарынышып кетип, эки жолго түштүк. Жакында ал башка кызга баш кошкону жатат. Мен эмне болом, кантип турмушка чыгам?
  • Мен кыздыгыман ажырап калдым. Болгондо да өзүм жактырбаган жигит менен болуп кетти. Ал экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Ал башка, мен башка жол менен кеттик. Болгону менин тынчымды алган нерсе бул жөнүндө жакын курбуман башка эч ким билбейт. Ата-энем, туугандарым мени эң мыкты кыз деп ойлошот, менден үмүттөрү чоң. Бул болгон окуяны апама, эжекелериме айтканым туура болобу же ичтеги сыр бойдон калтырганым оңбу?

Окуяларга психологдор  “Эч бир психолог кыздык белгиңди тиктирип алып, болочок жарыңды алда, “турмуш” деген фундаментиңди калп менен кур, эптеп жолун таап алдап кой”-деп кеңеш бере албаарын, ар бир адам жеке кеңешке муктаж экендигин айтышат.

Урматтуу окурман мына ушул окуянын баары биздин айланабыздагы жаштар арасында болуп жатат. Эгерде кимде ким сырын айткысы келсе, же жооп таппай жүрсө, www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолорун узатса болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Үйдөн чыкпай китепкана арала

Үйдөн чыкпай китепкана арала

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.