AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ажырашууну эмнеден баштоо керек?

Ажырашууну эмнеден баштоо керек?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 2 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ажырашуу үчүн кандай документтерди топтоо керек жана процесс канча убакытка созулат?

Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөндөй никени бузуунун эки жолу бар.

  1. Ортодо жашы жетпеген балдары жок, мүлк жана башкалар жагынан бири-бирине доосу болбогон жубайлар ажырашуу жөнүндө макулдашса — никени бузуу ЖААКта (ЗАГС) жүргүзүлөт.

Эгерде жубайлардын бирөөсү:

— сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса;

— сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

— кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса, анда ортодо жашы жетпеген балдар болгонуна карабастан, жубайлардын биринин арызы менен эле ЖААКта никени бузса болот.

  1. Үй-бүлөдө жашы жетпеген балдар жана мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү керек болсо — ажырашуу соттук тартипте жүргүзүлөт.

Кайда кайрылуу керек?

Ажырашууну эки орган жүргүзөт:

  1. КРнын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары (ЗАГС)
  2. Сот органдары.

Кандай документтер керек?

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн туп нускасы же дубликаты;
  2. Арыз берүүчүнүн өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт, аскердик же айдоочулук күбөлүк)
  3. Жубайлардын ортосундагы никеден пайда болгон балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү:
  4. Арыз берүүчүнүн жашаган жеринен тактама (эгерде өзү жашаган аймактык сотко арыз берсе);
  5. Арыз бербеген жубайдын паспортунун көчүрмөсү (эгерде бар болсо).

Сот аркылуу нике бузулса 1000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алым төлөнөт.

Нике канча убакытта бузулат?

  • Жубайлар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына чогуу арыз берсе нике 1 айдан кийин бузулат.
  • Соттук тартипте ажырашуу процесси 1 айдан 2 жылга чейин созулушу мүмкүн.

Буларды дагы билүү керек:

  • Эгерде ортодо жашы жетпеген балдар болсо жана жубайлар ажырашууга өз ара макул болушса, сот ажырашуунун себептерин териштирбестен никени бузуу жөнүндө чечим чыгарат. Практикада мындай иштер 1 айдын ичинде чечилет.

  • Жубайлардын бири ажырашууга макул болбосо сот жарашууга үч ай мөөнөт берет. Берилген аралыкта жубайлар жарашпаса сот никени бузат.
  • Жубайынын боюнда бар болсо жана ал ажырашууга макул болбосо, бала төрөлүп, бир жашка толмоюн күйөөсү ажырашуу боюнча сотко кайрыла албайт.

Анткени КРнын Үй-бүлө кодексинин 18-беренесинде, «Аялы кош бойлуу кезинде жана ортодогу баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок» деп көрсөтүлгөн.

Ажырашуу арызы кантип жазылат?

  • ЖААКта атайын арыздын үлгүсү берилет.
  • Сотко жазуу же басылма текст түрүндө берилет.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) доогердин аты-жөнү, анын жашаган жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аты-жөнү жана анын дареги;

3) жоопкердин аты-жөнү, анын жашаган жери;

4) доогердин талабы;

5) доогер өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

6) эгерде доо бааланууга жатса, доонун баасы;

7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

Арызда талашты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү, ошондой эле доогердин өтүнмөсү баяндалышы мүмкүн.

8) Арызга доогер же кол коюуга жана арыз берүүгө анын ыйгарым укугу өкүлү болсо кол коёт.

9) Эгерде жаран дене-бойлук кемчилдигинен же оорусунан улам өзү кол коё албаса, арызга анын өтүнүчү боюнча башка жаран кол коюшу мүмкүн. Бул жарандын койгон колун нотариус же болбосо мындай нотариалдык аракетти жасоого укугу бар башка кызмат адамы доогер арызына өзү кол коё албаган себептерди көрсөтүү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.

Ажырашуу арызынын үлгүсү

Ленин райондук сотуна

Доогер: Кадырова Наргиза Базарбаевна

дарегим: Бишкек шаары, Ленин району, Б. Бейшееналива көч., 9-үйү. тел.: 0778123456

Жоопкер: Кадыров Амантур Кадырович,

дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Б. Бейшеналива көч., 150-үйү. тел.:0778654321.

ДОО АРЫЗ

(никени бузуу жөнүндө)

Мен, Кадырова Наргиза Базарбаевна, жоопкер Кадыров Амантур Кадырович менен 2006-жылдан бери бирге үй-бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2006-жылдын 28-январында Ленин райондук ЖААК бөлүмү тарабына катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0615516).

Ортодогу турмуштан үч перзенттүү болгонбуз:

  1. Кадыров Бектур Амантурович, 2006-жылдын 20- сентябрында төрөлгөн;
  2. Кадырова Айгүл Амантуровна, 2008-жылдын 15-августтунда төрөлгөн;
  3. Кадырова Жазгүл Амантуровна, 2012-жылдын 19-декабрында төрөлгөн.

Бирок 2018-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр чатагыбыз көбөйүп, бирге түтүн булата албай калдык. Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.   

Азыркы учурда үч балам менен чогуу ата-энемдин үйүндө жашаймын, ал эми жоопкер Кадыров Амантур менен мындан ары үй-бүлө болуп жашоону каалабаймын. 

(Эгерде ортодогу мүлкту бөлүштүрүү боюнча маселе болсо анда бул жөнүндө көрсөтүү керек жана өзүнчө мүлктү бөлүштүрү боюнча соттук процессте өтүнүч келтирүү керек)

Жогоркулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 134-136-беренелерин жетекчиликке алып

СУРАНАМ:

Мен, Кадырова Наргиза Базарбаевна менен жоопкер Кадыров Амантур Кадыровичтын ортобуздагы 2006-жылдын 28-январында Ленин райондук ЖААК бөлүмү тарабына катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0615516 никени бузуп берүүнү.

 Тиркеме:

  1. Никелешүү жөнүндөгү күбөлүк;
  2. Жашаган жерден тактама;
  3. А.Кадыровтун жана менин паспорттумдун көчүрмөлөрү;
  4. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
  5. Мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастоочу документ;

Доогер:                                                                                                            

Кадырова Н. Б.

19.11.2018-ж.

Эгерде ажырашууну каалап жаткан жубайга экинчи жубай ажырашууга же мүлктү бөлүштүрүүгө керектүү документтерди бербей жатса анда доо арызга бул тууралуу кошо кетсе болот. Ошондо сот андан керектүү дөкументтерди талап кылат. Ал сотко берүүгө милдеттүү.

Өтүнүчтүн үлгүсү

Ленин райондук сотуна

Доогер: Кадырова Наргиза Базарбаевна

дарегим: Бишкек шаары, Ленин району, Б. Бейшееналива көч., 9-үйү. тел.: 0778123456

ӨТҮНҮЧ                                                                                                                               (далилдерди талап кылуу жөнүндө)

Мен, Кадырова Наргиза Базарбаевна жоопкер Кадыров Амантур Кадырович менен ортодогу никени бузуу жана ортодогу кыймылсыз мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылуудамын, ал эми жоопкер өзүндө никелешүү тууралуу күбөлүктү жана ортодогу балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрдү өзүндө сактап мага бербейт же алардан көчүрмө алууга жол бербейт.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 133-беренесинин 6-бөлүмүн жетекчиликке алып ортодогу никеден болгон үч баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жана никелешүү тууралуу күбөлүктүн түп нускасын жоопкерден талап кылууну суранам. 

Доогер:                                                                                       

Кадырова Н. Б.

19.11.2018-ж.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Селфи сен жөнүндө эмнелерди айтып берет?

Селфи сен жөнүндө эмнелерди айтып берет?

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.