AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ажырашууну чечкен жубайлар үчүн бардык суроолорго жооптор

Ажырашууну чечкен жубайлар үчүн бардык суроолорго жооптор

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Эң көйгөйлүү маселе болгон жубайлардын ажырашуусу тууралуу юрист Нурислам Раимжанов юридикалык жактан кеңеш берип, маселени чечүү аракетин көрсөтүп берди.

Ажырашуудан мурун эмнелерди билүү керек?

Ажырашуу сот же жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Эгерде ортодо жашы жетпеген балдары болбосо жана мүлк жагынан жана башкалар боюнча бири-бирине доосу болбогон жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу болгондо, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт.

Жубайлардын биринин арызы боюнча жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болгонуна карабастан, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында жүргүзүлөт, эгерде башка жубайы:

-сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса;

-сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

-кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса;

Ал эми мындай арыз бергенден кийин бир ай күтүлөт.

Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат жана ажырашууда же никени токтотуу катталган учурдан тартып үч жыл ичинде бул мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө сот аркылуу талап кыла алышат.

Үйбүлөдө жашы жетпеген балдар болсо мүлктү жубайлардын ортосунда бөлүштүрүү доогер жубайдын арызы боюнча анын колунда калган балдардын үлүшүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырылат.

Сот ажырашуу чечимин кабыл алса, ал 30 күндөн кийин күчүнө кирет жана күчүнө киргендиги боюнча сот чечим тастыктоочу мөөрүн басып берет. Чечимди алып, никеден өткөн жарандык абалдын актыларын жазуу органына ажырашуу жөнүндөгү күбөлүктү алуу үчүн кайрыласыз.

Жубайлардын бирөөсү ажырашууга макул болбосо эмне кылуу керек?

Жубайлардын бирөөсү ажырашууга макул болбосо, ажырашуу сот тартибинде жүрөт. Сот жубайлардын жарашуусу үчүн үч ай мөөнөт берет. Белгиленген мөөнөттө жубайлар жарашпаса, сот жубайлардын мындан ары чогуу жашоосу жана үй-бүлөнү сактап калуусу мүмкүн эместигин аныктап, никени бузуу жөнүндө чечим чыгарат.

Ортодо балдар бар болсо ажырашуу процесси кандай болот?

Ортодо жашы жетпеген балдары бар жубайлардын ажырашуулары сот тартибинде жүргүзүлөт. Эгерде жубайлар никени бузууга өз ара макул болушса, сот ажырашуунун жүйөөсүн териштирбестен эле никени бузуп берет.

Сот кандай учурда ажыраштыруудан баш тартат?

Аялы кош бойлуу болсо же баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажыраша албайт

Ажырашуу үчүн кандай документтер керек?

  • Доогердин паспортунун же анын керт башын ырастоочу башка документинин көчүрмөсү.
  • Никелешүү жөнүндөгү күбөлүк.
  • Балдардын тулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү.
  • Жашаган жерден тактама.
  • Мүлктү бөлүштүрүү боюнча мүлктүн документтери жана мүлктүн жалпы базар баасы боюнча канча тургандыгы жөнүндөгү тактама.

Ажырашуу процесси канча мөөнөт каралат?

Соттук тартипте үч айга чейин, жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында бир ай мөнөөт өткөндөн кийин каралат.

Арызды кантип берүү керек?

Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында арыздын мамлекет жактан бекитилген үлгүсүнө карап, ал эми сотко жазуу же басылма текст түрүндө берилет.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • арыз берилүүчү соттун аталышы;
  • доогердин аталышы, анын жашаган жери, ошондой эле, эгерде арызды анын өкүлү берсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги;
  • жоопкердин аталышы, анын жашаган жери;
  • доогердин талабы;
  • доогер өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;
  • эгерде доо бааланууга жатса, доонун баасы;
  • арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

Эгерде жаран дене мүчөсүнүн кемчилигинен же оорусунан улам өзү кол коё албаса, арызга анын өтүнүчү боюнча башка жаран кол коюшу мүмкүн. Бул жарандын койгон колун, нотариус доогер арызына өзү кол коё албаган себептерди көрсөтүү менен күбөлөндүрүүгө тийиш.

Арыз берүүдө сөзсүз түрдө жубайлардын экөө тең болуш керекпи?

Эгерде ортодо жашы жетпеген балдары жана мүлк жагынан доосу болбогон жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу болгондо, никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органында эки жубайдын тең катышуусу менен жүргүзүлөт.

Ал эми жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп табылса же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылса, анда ажырашууну каалаган жубайдын жеке арызынын негизинде жүргүзүлөт.

Сот тартибинде жубайлардын экөө тең келиши керек болот жана алар сотко чакыртылат. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабар бергенине карабастан тараптардын кимдир-бирөөсү келбесе, себептери жөнүндө маалымат жок болсо, сот алардын себептерин жүйөлүү эмес деп таанып, ишти карап, чечим чыгара алат.

Ажырашуу үчүн жазылган арыз үлгүсү:

Ленин райондук сотуна

Доогер: Кадырова Наргиза Базарбаевна

Дарегим: Бишкек шаары, Ленин району, Б. Бейшееналива көч., 9-үйү. тел.: 0778123456

Жоопкер: Кадыров Амантур Кадырович,

Дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Б. Бейшееналива көч., 150-үйү. тел.: 0778654321.

ДОО АРЫЗ

(никени бузуу жөнүндө)

Мен, Кадырова Наргиза Базарбаевна, жоопкер Кадыров Амантур Кадырович менен 2006-жылдан бери бирге үй бүлө куруп жашап келгенбиз. Биздин нике 2006-жылдын 28-январында Ленин райондук ЖААК бөлүмү тарабынан катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0615516).

Ортодогу турмуштан үч перзенттүү болгонбуз:

Кадыров Бектур Амантурович, 2006-жылдын 20- сентябрда төрөлгөн;

Кадырова Айгуль Амантуровна, 2008-жылдын 15-августа төрөлгөн;

Кадырова Жазгул Амантуровна, 2012-жылдын 19-декабрда төрөлгөн.

Бирок 2018-жылдын январь айынан бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо чыр-чатагыбыз көбөйүп, мураса кыла албай калдык. Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.

Азыркы үчүрда үч балам менен чогуу ата-энемдин үйүндө жашаймын, ал эми жоопкер Кадыров Амантур менен мындан ары үй бүлө болуп жашоону каалабаймын.

Жогоркулардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин 134-136-беренелерин жетекчиликке алып

СУРАНАМ:

Мен, Кадырова Наргиза Базарбаевна менен жоопкер Кадыров Амантур Кадыровичтын ортобуздагы 2006-жылдын 28-январында Ленин райондук ЖААК бөлүмү тарабына катталган (Никелешүү жөнүндө күбөлүк серия номери КР- ХI № 0615516 никени бузуп берүүнү.

Тиркеме:

Никелешүү жөнүндөгү күбөлүк;

Жашаган жерден тактама;

А.Кадыровтун жана менин паспорттумдун көчүрмөлөрү;

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;

Мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастоочу документ;

Доогер: Кадырова Н. Б.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
COVID-19га каршы вакцина албай койсо эмне болот? Дарыгер жооп берет

COVID-19га каршы вакцина албай койсо эмне болот? Дарыгер жооп берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.