Саламатсызбы. Менин да суроомо жооп алып бере аласызбы, сураныч. Аялым менен ажырашкам, ортобузда бир бала бар. Мен соттун чечими жок эле аларга колуман келишинче жардам берип турам. Мисалы жакында машинамды сатып, акчасын тең экиге бөлүп жарымын бердим.
Бул жакта жумуш жакшы болбой жатканына байланыштуу чет жака барып иштесемби, дегем. Бирок аялым сотко барып, ажырашканга арыз жазып салыптыр. Биздин иш сотто каралса, мен чет өлкөгө чыга албай каламынбы? Алимент төлөөдөн баш тартпайм.







