AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ажырашкандан кийин кайра жарашууну чечкен жуптар үчүн маалымат

Ажырашкандан кийин кайра жарашууну чечкен жуптар үчүн маалымат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

 “Ажырашуу адамдын психологиялык абалына аябай оор сокку. Анткени бири-бирин тандаган түгөйлөрдүн союзу бузулуп, эки башка жолго түшүшөт. Мурунку мамилеге кайтууну каалоо нормалдуу көрүнүш”, — дейт психолог Жибек Кенжебаева.

Алгач, эмне үчүн эски мамилени кайтаргым келип жатат? – деген суроого жооп издеп, анализ жүргүзгөнгө аракет кылып көрүү керек.

Көбүн эсе адамдар төмөнкү себептерден улам, эски мамилеге кайткысы келетт:

  1. Түгөйүңдүн өзгөргөнүнө ишенүү, үмүт кылуу.

Мындай учурда адам жубайын/жолдошун өзгөртө алышына жана мурдагыдан такыр башкача, мамиле кура ала турганына терең ишенет. Бирок, жашоо көрсөткөндөй, андай көрүнуш сейрек болот. Адам өзү кааламайынча аны эч ким өзгөртө албайт.

  1. Жаңы мамиледен коркуу

Адам жаңы мамиле баштоодон чоочулайт. Көнүп калган, адатка айланган жашоо образын өзгөртүүнү каалабайт, кыйналат. Чынында эле, жаңы мамиле, жаңы жашоо адамдан бир топ убакытты жана энергияны коротуусун талап кылат. Ошондон улам, эскини кайтарып алуу кыйла жеңилирээктей сезиле берет. Мээде калыпка түшүп калган программа, жаңыланып отурбай, мурунку жашоого кайтууну эп көрөт: “Кантсе да бири-бирибизди билебиз, өзүмдүн жолдошум/жубайым да, жаманбы-жакшыбы бир жашап калбадыкпы”, — деген сыяктуу.

  1. Жалгыз болуудан коркуу

“Убакыт өтүп жатат, эч нерсе өзгөргөн жок! Мен үй-бүлөм болуусун, бала-чакалуу болууну каалайм. Досторумдун балдары чоңоюп калышты. Мен мындан башка эч кимди жолуктурбайм”, — деген ойлор тынч койбойт. Ага кошумча ата-энелер, урук-тууган, жоро-жолдош да үйлөн/турмушка чык, деп какшап туруп алышат. Анан жалгыз болуудан корккон адам, башка кишини издеп отурбай мурункусу менен эле кайра мамиле баштоону туура деп ойлойт.

  1. Ортодогу балдар

Ортодо балдары бар болсо, “Бала үчүн бир бололу. Ал толук кандуу үй-бүлөдө чоңойсун” деген стереотиптердин негизинде кайра баш кошууну чечишет.

Эгер, жогорудагы мисалдар сиз тууралуу болсо, анда өзүңүздүн үстүнөн иштөө керек. Кээде жалгыздык туура эмес, адам менен бирге болууга караганда артык.

Ошол эле учурда экөөңөр тең бирге болууну кааласаңар, мамилени туруктуу кылуу үчүн экөөңөр тең өзгөрүүгө, түшүнүктүү болууга даяр болсоңор, бул сиздин акыл калчап кабыл алган чечимиңиз болсо, анда алга! Башкысы, аракет эки тараптан тең болууга тийиш. Ансыз бекем мамиле, бактылуу үй-бүлө куралбайт.

Бирге болууну чечсеңер:

  1. Бул кадамга эмне түрткү бергенин аныктагыла.
  2. Жаңы мамиле кандай боло турганын алдын ала макулдашып алгыла.
  3. Сүйлөшүүнү жана угууну үйрөнгүлө. Кайра башынан баштоодон мурун, кайсы көрүнүштөр нааразычылык жараткан, кайсы жараттар айыга элек, кандай мамиле кылуусун каалабайсыңар же каалайсыңар ачык айтып, сүйлөшкүлө. Бири-бириңерди угууга жана түшүнүүгө аракет кылгыла.
  4. Бардыгын ак барактан баштап жаткан соң мурунку таарыныч, нааразычылыктарды эстебегиле. Мурунку мамиледе болгон чыр-чатактар өткөн чакта калганы оң.
  5. Шашпагыла. Бири-бирибизди жакшы билебиз деп жарашып алганга шашылбагыла. Мамиле акырындык менен өркүндөп-өсүп өз нугунда жүрө берсин. Бири-бириңердин көңүлүңөргө кылдаттык менен мамиле кылгыла.

Бактылуу болгула!

Белгилер: Лайфстайл
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

17 ноября, 2025
3.3k

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез...

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

17 ноября, 2025
3.3k

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат....

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек

17 ноября, 2025
3.3k

Өспүрүм бул маанилүү сабакты жеке тажрыйбасынан негизинде үйрөнө алат. Кеп финансылык сабаттуулук жана акчаны башкаруу жөндөмүнө тууралуу болууда. Ата-эненин милдети - балдарына акчага туура мамиле кылуунун негизги эрежелерин...

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

Канткенде ата-энелер кадырын түшүрбөй баланын коммуникациялык жөндөмүн арттырат

17 ноября, 2025
3.2k

Коммуникация - адамдын жашоосунун бардык тармактарынын негизи болуп саналат. Заманбап дүйнөдө "коммуникация" түшүнүгү ар кандай чечмеленет, бирок акыр-аягы барып бул адамдардын ортосундагы маалымат алмашуу процесси экенине алып келет. Психолог Елена...

Кийинки макала
Фермер Николай Өмүрбаев: Төрт уйдун сүтүнөн жумасына 17-18 миң сом акча түшөт

Фермер Николай Өмүрбаев: Төрт уйдун сүтүнөн жумасына 17-18 миң сом акча түшөт

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.