AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим. Өзүмө кантип жардам бере алам

Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим. Өзүмө кантип жардам бере алам

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg окурмандардын анонимдүүлүгүн сактап эксперттерден жооп алып берет. Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим, деген Жаркынайдын (аты өзгөртүлгөн) суроосуна психолог Эльвира Чокоевадан кеңеш алдык.

Кичинекейимен эле оор басырыктуу болчумун. Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим.

Баары: Эмне мынча аз сүйлөйсүң? Сүйлөбөйт экенсиң э? Аябай түнт экенсиң. Неге күлбөйсүң? –дей беришет.

Жакында эле бир жигит менен таанышып калдым. Башында интернет аркылуу жазышып жүрдүк, кийин жолугууга көндүрдү. Эки жолу жолуккандан кийин менден алыстай баштады.

Себебин сурасам, сен аябай ыймандуу, таза жүргөн кыз экенсиң. Мен сага тен эмесмин, жаман баламын, деди. Ошондон бери өлүп алгым келип жүрөт.

Мен ачылып сүйлөбөгөнүмдөн, уялып, кысылып отурганымдан улам, ушундай ойлорго келди. Бул кемчиликтеримди билем, бирок өзүмдү өзгөртө албайм.

Психологдон кеңеш алып бериңизчи, кандай курстарга же тренингдерге барсам болот?

Эльвира Чокоеванын жообу:

Кутман күн!

Сиз катыңызда жалаң башкалардын сиз тууралуу айткан пикирин жазыптырсыз. Айланадагы адамдар: сүйлөбөйсүң, түнтсүң, маанайың жок деп айта бергендиктен, “менде кандайдыр бир кемчилик бар”, — деген ойго ишенип алгансыз.

Сиздин өзүңуз тууралуу жеке оюңуз кандай? Капа болгондо, кубанганда, ачууланганда өзүңүздү кандай алып жүрөсүз? Жүрүм турумуңуз өзгөрөбү? Эмне болгондо же кандай учурда уяласыз, байкап көрдүңүз беле?

Мени таң калдырганы, бир жигит менен болгону эки жолу жолуккандан кийин эле, өлүм тууралуу ойлонгонуңуз. Сиз аны такыр билбейсиз да, тааныбайсыз да туурабы?

Уялуу сезими көбүнчө өзүнө-өзү ишенбестик сезими менен эриш-аркак жүрөт. Ошондуктан алгач өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатуу зарыл.

Ал үчүн төмөмнкү 5 кадамды сунуштайм:

  1. Таза баракка мыкты деп санаган сапаттарыңызды, артыкчылыктарыңызды жана таланттарыңызды жазып чыгыңыз. Так ошол сапаттарыңызды жана таланттарыңызды өркүндөткүлө. Мисалы Пушкин адабиятка болгон шыгын өстүрбөй математик болуп кетсе, дүйнө жүзү укмуштуудай таланттуу акындан кур калмак.
  2. Адам менен сүйлөшүп жатканда кебетем кандай, туура сүйлөп жатамбы, деп ойлонбостон көңүлдү толугу менен сүйлөшүп жаткан адамга буруңуз. Активдүү угарман болуңуз, суроолорду бериңиз. Эмне деп сүйлөп жатат? Эмне жөнүндө ойлонот? — сурап кызыгыңыз.
  3. Комфорт зонасынан чыгуу зарыл. Көчөдө баратып деле, адамдардан көчөнүн аталышын, баланча жерге кантип барам, же кайсы маршрут жүрөт, деп сураңыз. Мындай көнүгүүлөр өзүңүзгө болгон ишенимди калыптандырат.
  4. Эгер ачылып, эмоцияларга эркиндик бергим келет десеңиз жаңы бир нерселерди жасап көрүңүз. Мисалы театралдык студияга же оратор чеберчилиги курстарына жазылыңыз. Бишкекте кыргызча жана орусча курстар бар.
  5. Ийгиликтерди жана жетишкендиктерди баяндап жаза турган күндөлүк ачыңыз. Кичинекейден баштаңыз: мейли дүкөнчү менен сүйлөшөсүзбү же даамдуу тамак жасайсызбы. Өзүңүздү мактап, мен азаматмын, жакшы иш жасадым, деп көңүлду көтөрүү керек. Күндөлүккө жазгандарды жатаарда окуп туруңуз. Өзүңүздү баалап, кам көрүңүз. Акырындык менен чоң жетишкендиктерге жетишесиз.

Жаңылып калам деп коркпоңуз. Эч нерсе кылбаган адам гана жаңылбайт.

Ийгилик каалайм!

Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет

Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.