AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Азамат Мырзабеков: “Баланын ден-соолугу ата-энеден көз каранды!”

Азамат Мырзабеков: “Баланын ден-соолугу ата-энеден көз каранды!”

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Баласы ооруп калган ата-энелер эки типке бөлүнөт. Бирөөсү дароо бейтапканага чуркаса, экинчиси өзү дарылайт. Ата-энелерден келген суроолорго И.Ахунбаев атындагы КММАнын медицина борборунун дарыгер — педиатры Азамат Мырзабеков жооп берди.

— 2,5 айлык баламдын моюну кызарып, бышып кетти. Укканымдын баарын жасап көрдүм. Синафлан сүйкөдүм, “присыпка” себеледим. Жардам бербей жатат. Кантип айыктырсам болот?

— Урматтуу айым, моюндун кызарган себептери көп. Анткени кичинекей балдардын организми өзгөчө. Адамда май чыгаргыч жана тер бездери бар. Бул бездер жаңы төрөлгөн ымыркайларда толук ачылып иштей элек болгондуктан, алар чоңдордой болуп тердей албайт. Ошондой эле, гигиенаны сактабагандан, аллергия жана инфекциядан болушу мүмкүн. Өз алдынча аракеттерди жасабаңыз. Убакытты текке кетирбей адиске кайрылыңыз.

 — Саламатсыздарбы! Менин 1 жаш 3 айлык кызым бар. Ыйласа көгөрүп калчу адат таап алды. Эмне кылайын жана эмне себептен пайда болот?

— Урматтуу айым, себептери көп. Биринчиден жүрөк оорудан болушу мүмкүн. Экинчиден неврологиялык, үчүнчүдөн жаш балдардын организми толук жетиле элек болгондуктан дем ала албай калат. Сиз балаңыздын жүрөгүн текшертиңиз, андан кийин неврологго алып барыңыз. Баары жакшы болсо өзү эле өтүп кетет.

— Кайын энем кичинекей балама кара ундан быламык бышырып бере берет. Ашказанына зыян эмеспи?

— Бул эми илгертеден келе жаткан салт. Бүгүнкү күндө медициналык көз караш менен алып карасак, ымыркайларга уйдун сүтүн бергенге болбойт.  Анын курамында баланын ден-соолугуна кооптуу болгон спецификалык белоктор бар.

— Саламатсызбы. Балам 2 жашта. Түнү менен уктабай чыгат. Уйкусун оңдоюн деп күндүз уктатпай, алаксытам. Анан кечки саат 22:00до уктап, кайра эле түнү 4-5те туруп алат. Уйкуга тойбой көздөрүмүн асты көгөрүп кетет. Балама 7 күн ташбаканын жумурткасын бердим. 1 айдан бери глицерин ичирем. Уйкусу оңолот дешкен, болбоду. Кандай кеңеш бересиз?

— Нормада кичинекей бала чоң адамга караганда көп укташы керек. Уктабай жатса неврологиялык жактан көйгөйлөр бар. Мүмкүн төрөлүп жатканда мээсине кислород жетпей калган. Неврологго алып барып, мээсинин кандай иштеп жатканын билүү үчүн электроэнцефалограммага (ЭЭГ) тартуу керек. Глицерин жардам бербейт. Ташбаканын жумурткасы тууралуу айта албайм.

— Менин балам 2,5 жашта. Мурда такыр аллергиясы жок болчу. Жакында эле оозунун айланасына майда кызылдар чыга баштады. Бул эмнеден болушу мүмкүн? 

— Урматтуу айым, аллергиянын бир канча түрү бар. Эмнеден болуп жатканын табуу керек. Мүмкүн жеп жаткан азыктары жакпайт же чаңдан, жаныбарлардан болот. Жакшысы балаңызды аллергологго алып барыңыз. Анализдерди тапшыруу менен себеби аныкталат.

— Кошунамдын 11 айлык кызы өз алдынча басып, сүйлөп калган. Балам 10 айлык, сүйлөбөйт, өз алдынча аз аракеттенет. Бул нормалдуубу?

— Кабатырланбай эле коюңуз, эркек бала кыздарга карганда кечирээк жетилет. Алдыга шашпаңыз. 10 айда эч нерсе билинбейт.

— Баламдын мурдунан суу агып калыптыр. Антибиотик берип койсом болобу?

— Мурдунан суу агып калса вирустан болушу мүмкүн. Мындай учурда антибиотиктин пайдасы жок. Экинчиден аллергиядан болот. Балаңызды бейтапканага алып барыңыз. Дарыгер текшергенден кийин гана себеби билинет.

Урматтуу окурман, эгерде сурооңузга жооп таппай жүрсөңүз  www.bilesinbi.kg сайтына жана WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатсаңыз болот. “Билесиңби” ар бир келген суроолордо анонимдүүлүктү сактоо менен, тиешелүү адистерден профессионалдуу жоопторду алып берет.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.