AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

Аялынын этегине жашынган эркектер көбөйдү

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Бир колуна баласын жетелеп, экинчи колуна оор жүк көтөрүп алып базарлап жүргөн аялды көргөндө, күйөөсү кайда деген ой жаралат. Өз милдетин назик заттын ийнине артып койгон эркектердин көбөйүп жатканы өкүндүрөт.

Үйлөнөрүн үйлөнүп алып, кайра үй-бүлөсүн бага албаган эркектер арбын. Кыйынчылыктарда аялын, балдарын таштап же болбосо аялынын мойнуна олтуруп алгандары дагы жок эмес. “Билесиңби” порталы күйөөлөрдүн жана аталардын жоопкерчилиги жана ислам аларга кандай милдет бергендиги тууралуу теологдордун оюн угуп көрдү.

Ата лидер болушу керек

Марс Ибраев, теолог:

Атанын мойнундагы милдет — канча баласы болсо баарына бирдей мамиле жасап, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздап, эрезеге жеткенде үйлөнтүп-жайлантуу. Сапарга чыга турган болсо, кайтып келгенине чейин жете тургандай кылып үй-бүлөсүн камсыздап кетиши керек. Аталар үйдүн багуучусу, тарбиялоочусу, чечим кабыл алып, акыркы чекитти коё турган лидер, даанышман болууга тийиш. Куранда эркектер — камкор, камсыздоочу, көзөмөлдөөчү деп айтылат.

Аялынын акчасына жан багуу эркек үчүн катуу уят

Султанали Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси:

Аялын иштетип коюп үйдө олтуруп алган эркектерге кудай наалат айтат. Тактап айтканда аялы үйдөн чыгып, кайра кайтып келгенге чейинки убакытта эркекке наалат айтылып турат. Жубайынын акчасына жан багуу туура эмес. Күйөөнүн милдети — аялын камсыздоо. Эгерде аялы “турмушубузга жардам берип иштейин” десе, жумуш ордунун шарттары туура келсе, эркектин уруксааты менен иштесе болот. Бирок, аялдын тапканы  өзүнө, эркектики үй-бүлөсүнө.

Улан Усупов, теолог:

Аялзатынын байлыгы, акчасы болсо ага өзүнө керектүү буюм-тайымдарды, кийим-кечелерди  алат. Эркек аялына керектүү зер буюмдарды, сезондук кийим-кечелерди алып берип, материалдык муктаждыгын чечип берүүсү абзел. Эркек менен аял өз ордунда болуп, бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушса, үй-бүлө бекем жана бактылуу болот.

Марс Ибраев, теолог:

Эркек ата болобу, күйөө болобу карамагындагы кишилерге жооптуу. Анан ал арак ичсе, иштебесе, жалкоо болсо, үй-бүлөсүн камсыздабаса, айласыздан ал ролду аял аткарат жана бүгүнкү күндө мындай учурлар көп кездешүүдө. Ыйман жолунда жүргөн адамдардын арасынан жалкоо, жоопкерчиликтен качкан эркектер чыкпашы керек. Чыккан болсо анда алар динди жакшы түшүнбөйт, намазды окуп, орозо кармап коёт, башка укук жана милдеттери тууралуу билбейт. Бул жерде ката динде эмес, адамдын өзүндө.

Ажырашсаң дагы бала сеники

Кадыр Маликов, теолог:

Ислам негиздерине ылайык эркектин үй-бүлөсүнө карата милдеттери аялдыкынан жогору. Эркек кандай гана жагдай болбосун баардык үй-бүлө мүчөлөрүн камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле, атада балдарын тарбиялап чоңойтуу  жоопкерчилиги жатат. Эркектин үй-бүлө башчысы экени аялын, балдарын  камсыздаган шарттары менен аныкталат. Мусулман өлкөлөрдө үй-бүлөнү камсыздоо мыйзам боюнча эркекке берилген. Эгерде ал үй-бүлөсүн тийиштүү деңгээлде камсыздай албаса жоопко тартылат.

Марс Ибраев, теолог:

Хадисте ата-эненин балага болгон 3 милдети айтылат: жаңы төрөлгөндө ысым коюу, таалим –тарбия берүү, эрзеге жеткенде үйлөп-жайлоо. Турмуш шартка байланыштуу ажырашуу болуп, ортодо перзенттер калса, аларды бой жеткенге чейин камсыздоо атанын милдети.

Улан Усупов, теолог:

Пайгамбарыбыз “Атанын баланын алдындагы милдети – ага татыктуу ат берүү, кийинтип, курсагын тойгузуу” деп айткан. Бул эми балдардын негизги муктаждыктары гана. Андан тышкары балага билим берип, бактылуу балалык тартуулоосу керек.

Ар бир эркек үй-бүлөсүн камсыздап, баласынын  жана аялынын алдындагы жоопкерчиликти аткаруу өзүнө таандык милдет экенин унутпаса.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

Нуртай Абилгалиев: “Мыкты жетекчи – кызматкерлерин башкарбайт!”

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.