AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялынан бир ай мурун айрылган жигит “балдарыма эне болчу” деп жатат

Аялынан бир ай мурун айрылган жигит “балдарыма эне болчу” деп жатат

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Жигитим экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп баш коштук. Аны катуу сүйгөм. Тилекке каршы, эки жылдан кийин ажырашып кеттик. Кызыбыз үчкө чыгып калды.

“Күйөөсүз эле жашайм, өзүм бутка тургандан кийин гана турмушка чыгам” деген чечим кабыл алдым. Сөзүмө туруп, көптөгөн жигиттердин сунушун четке кагып келдим. Үй-жайы, туруктуу жумушу бар, өзүмдөн беш жаш улуу мырзага жубай болоорумду элестеткем. Бирок, бул жылы пландарымдын баары бузулду.

Кесиптештерим менен бир эженин үйүнө конок болуп калдык. Ал эженин эки кичинекей небереси бар экен, келини бир ай мурун өтүп кетиптир. Балдарды көрүп, аялынан жаш айрылган уулун эстеп боорум ооруду.

Көп өтпөй эже мага чалып, уулу менен сүйлөшүп, аны алаксытып стресстен арылтуумду суранып, “мага келин болуп калсаң экен” деди.

Апасынан кийин уулу байланышка чыкты. Таң калганым тез эле үйлөнүү сунушун киргизгени болду. “Жок” десем көнбөй жатат. Мен аны сүйбөйм. Же биринчи күйөөмө болгон сезимдерим дале өчө элекпи, билбейм. Аялынын өткөнүнө бир жыл боло элек жатып, “балдарыма эне болчу, кичинекей кезинде сага көнүп кетишсин”,-деди. Мен үч бала менен үйдө отургум келбейт жатат.

Болочок кайын энемдин мүнөзү көп жага бербейт.

Баласы мурунку жолдошума салыштырмалуу токтоо жана сабырдуу экен.  Мени жакшы көрүп калганын, башкага үйлөнбөй турганын, бизди бактылуу кыларын  айтат. Апасы да улам-улам чалып “баш тартпа, балам сага көнүп калды” деп жатат. Уулу менен таанышканыма, үйүнө барганыма өкүнүп кетем.  

Кызым “ата” деген ким экенин билбейт. Атасына жолуктурсам тааныбай качып барбай койгон. Аябай эрке жана кызганчак. Мени эле айланчыктап турат, тайкелеринен кызганат.

“Кызым кандай кабыл алат”, “эки баланы бир тууганым дей алабы”, “алардан кызганып турса, экөөнө кантип мээрим бере алам”, “жок десем балдардан кечип кеткен боломбу” деген ойлор тынчтык бербей келет.

Мен да бактылуу жубай, мээримдүү эне болгум келет. Бирок жалгыздыкка көнүп калдым, мага ушул жашоом жагып жатат. Баса,  ушул ойлорумдун баарын тиги жигитке айтып көрдүм, “ойлонбо баары жакшы болот” дей берет. Эгер турмушка чыгып кетсем, эл “эки жылда эле тийди ” дейт болуш керек. Сүйүү жок болсо деле, кичине балдар менен чыдап жашап кете аламбы?  Же кайра күйөө санын көбөйтүп аламбы?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сиз катта көп нерселерди сүрөттөп бердиңиз. Келиңиз, тартипке келтирели:

  1. Сиз жаш балдарга, стресстен жабыркаган жигитке бооруңуз ооруп жатканын жазып, 70 жашка чыгып калгандай жана бул турмушка чыга турган акыркы мүмкүнчүлүгүңүздөй сезим калтырдыңыз. Жигитке болгон сүйүү жөнүндө сөз да болгон жок. Ошондо, балдарга жана жигитке бооруңуз ооругандыктан, өзүңүздү бул мамилеге байлагыңыз келип жатабы. Андан тышкары, аны сүйүүгө өзүңүздү мажбурлап жатасыз. Чоочун адамдар өзүлөрүнүн каалоолорун сизге жүктөп жатканын байкадыңызбы? Сиз ал жаш балдарды асырап жана жоопкерчиликти алганыңызды элестетип алгансыз. Психологияда, бул «куткаруучу синдрому» деп аталат, баардык адамдарга жардам берип, өзүн керектүү сезүү.
  2. Жеке чектериңиз менен иштөө сизге пайдалуу болот. Бул эмнени билдирет? Каалоолоруңузду так билиңиз, сизге кандай мамиле жасаш керектигин жана кандай мамиле кылбаш керектигин. Бирөөнүн каалоолору — бул бирөөнүн каалоолору, бул алардын башындагы процесс. Эгер алар сизге жакпаса, анда аларга ылайык келүүнүн кажети жок. Болбосо, өмүр бою башка бирөөнүн айткандарын жасап өтөсүз. Сизге азыркы жашооңуз жагаарын жазып жатасыз, анан эмнеге бирөөнүн балдары үчүн турмушка чыгууга өзүңүздү сүйрөп жүрүңүз. Бул жерде сиз гана чечим кабыл аласыз, күнөөлүү сезимдердин кереги жок.
  3. Ошондой эле башка адамдардын ойлогону жөнүндө тынчсызданасыз. Кеп ал адамдарда эмес, сиз жөнүндө. Өзүңүзгө бактылуу болууга жол бербей жатасыз. Ар бир адам өзү каалагандай жашоого укуктуу. Каттын башында кыялыңыздагы өзүңүздөн бир аз улуу, камсыздалган эркек кишинин образын сүрөттөдүңүз. Демек, баары сиз каалагандай болсун.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

Кызымдын өгөй апасына айткан сөзү көз жашымды агызды

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.