AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялын жек көргөн күйөөнүн окуясы

Аялын жек көргөн күйөөнүн окуясы

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Ал аялын жек көрчү. Чын дили менен. Бирге 20 жыл жашашты. Ушул жыйырма жыл бою күндө көрүп, күндө жинденет. Бирок акыркы бир жылдан бери ого бетер ачуусуна тийчү болду. Өзгөчө эртең менен туруп алып, “Дагы бир күн башталды. Сонун күн болот окшойт” – деген сөзү. Ойлоп көрсөң жөн эле сөз. Бирок анын арык колдору, уйкулуу жүзү итиркейди келтирет.

Төшөктөн туруп барып, кийинет. Кезинде мүчөсү келишкен, сулуу келин болчу. Жаш өткөнүнө карабай азыр деле чырайлуу. Бирок мурда суктанып караган келинчеги, азыр кыжырдантат. “Ар нерсени тантырабай тур тезирээк!” – деп орой сүйлөндү.

Аялы шашкан жок. Негизи эле кыбырап шашпай жүргөндү жактырат. Күйөөсүнүн ойношу бар экенин эбак эле уккан. Бирок, бардыгына кайыл болуп, өзү менен өзү алек болуп, күн өткөрүп жүргөндөй. Күйөөсүнө бардыгын кечирди, оройлугун, көңүл кош мамилесин, жаңы сүйүүсүн.

Ажырашуу

Күндө жашоодон ырахат алып жашайм. Бул анын чечими болчу. Катуу ооруп жатканын билгенден бери, ар бир күнүн баалап, жакшы маанайда жүрүүнү чечкен. Себеби бир нече айдан кийин ал утулат. Дартына утулат.

Эч кимге айтпай эле коюну чечти. Күндөн күнгө алы кетип, бирок акылы өсүп жатты. Күндө жолду бойлоп сейилдеп, айылдын кичинекей китепканасына барат. Ал жактан түрдүү китептерди окуп, таттуу кыялдар, укмуштуудай окуялар дүйнөсүнө чөмүлөт.

Күйөөсү ойношунун үйүнө келди. Бул жакта жылуу, жарык, бардыгы жагымдуу. Экөөнүн жолугушуп жүргөнүнө 3 жылдан ашты. Ал аны бир башкача, акыл-эсинен айныган немедей сүйдү. Кызганат, алданат, ачууланат, кубанат. Анын жаш денеси арбап турду, алыс кетип калса эле деми кыстыгып дем ала албай калчудай.

Аялын кантип сүйгөнүн эстөөгө далалат кылды. Эстей албай койду. Башынан эле кыжырына тийгендей сезилип турду.

Болду, жетишет. Ажырашам. Андан кийин жашоом өзгөрөт. Бактылуу болом – деген чечимге келди.  

Жолугушуу

Аялына чалып, жолугушууну белгилешти. Сүйлөшүлгөн жерге келинчеги биринчи келди. Күйөөсү үйгө кирип, ажырашуу үчүн керектүү документтерди ала барайын деп чечти.

Үйгө кирип келип, тартмалардын бардыгын шашып аңтарып кирди. Ары бери басып, бир заматта чачып салды. Көзүнө бир көк папке илине түштү. Мурда аны көргөн эмес. Ичин ачып караса, көптөгөн анализдер, малымкаттар, томографиянын сүрөттөрү. Бардыгында аялынын фамилиясы жазылган экен.

Ток ургандай башкача болуп, жонунан муздак тер куюлуп баштады. Диагнозун окуп, интернетке кирип издеди. Көзүнө илингени “6 айдан 18 айга чейин”. Кайра анализдерди алып, качан жасалганын карады. Андан бери жарым жыл өткөн экен. “6 айдан 18 айга чейин” эле, деген сөздү улам кайталап, башын мыкчып ары-бери басты.

Келинчеги бир топ күттү. Ызаланып, көзүнө жаш тегеренсе дагы ыйлабаганга аракет кылды. Өзүн аяп кетти. Ал өз сырын эч кимге айткан эмес. Ата-энесинин, балдарынын, курбуларынын, туугандарынын аянычтуу мамиле жасоосун каалаган жок. Эч кимди убара кылгысы келген эмес.

Кандай сонун күз. Жылуу жел жеңил көйнөгүн желбиретип турду. Күздөн кийин кыш келет, андан кийин жаз. Бирок ал күнгө жетпей турганы анык. Кийинки жазды көрбөй калам го… Акыры таарынычы күч алды. Көз жашы тыйылбай акты.

Жарашуу

Күйөөсү келинчегин бардык нерседен коргоп, дартын айыктырып алгысы келди. Тагдырга жалынды. Үмүттү кое бергиси келбей, чындыкты кабыл ала албай жүрдү.

Канчалаган күндөр текке кетти? Канчалаган жылуу сөздөр айтылбай калды? Келинчегинин ыйлаганын ар бир түндө угат. Ал билбейт. Күйөөсүн уктап жатат деп ойлойт.

Бир ай мурун аялың менен ажырашкың келип турбады беле, деп бирөө айтса ишенмек эмес. “Жок ал мен эмес болчумун” – деп айткысы келет.

Келинчеги эки айдан кийин көз жумду. Жаназасы окулуп, сөөк жерге берилгенден кийин ээнсиреген үйдө жалгыз калды. Жаздыкты кучактап алып, жаш балача ыйлады. Жаздыктын астынан келинчегинин жаңы жылда жазган тилегин таап алды. “Ушу жылдын аягына чейин күйөөм жанымда болсунчу” – деп тилениптир.

Кокус, өзүнүн жаңы жылда ичинен айткан тилеги эсине келе түштү: “Жылдын аягына чейин аялым менен ажырашып эркин болсом экен”.

Экөөбүздүн тең тилегибиз орундалган экен да.  

Булак:our-life-fb.ru 

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.4k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Сүннөткө отургузуу тууралуу эмнелерди билүү керек? Балдар хирургу айтып берет

Сүннөткө отургузуу тууралуу эмнелерди билүү керек? Балдар хирургу айтып берет

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.