AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымды төшөккө чакырсам кабагы бүркөлөт. Айласы кеткен эркектердин баяны

Аялымды төшөккө чакырсам кабагы бүркөлөт. Айласы кеткен эркектердин баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакцияга өнөктөштөрү жыныстык катнашка барууну каалабай жаткан жубайлар көп кайрылат. Келип түшкөн бир нече окуяларды жарыялап (аттары өзгөртүлдү), адистердин кеңешин сунуштайбыз.

Адил, 31 жаш

Саламатсызбы! Менде бир суроо бар. Жашырганда эмне, аялым жумасына 1-2 жолу эле кошулууга макул болот. Мага бул жетишсиз, көбүрөөк каалайм. Эмне кылсам болот?

Урмат, 32 жаш

Келинчегимди төшөккө чакырсам эле кача берет. Себебин сурасам, “жаткым келген жок” дейт. Бул маселенин айынан таарынышып калабыз. Деги эле фригиддүүлүк дегендин дарысы барбы?

Нурбек, 28 жаш

Бир айда ашып кетсе 3-4 жолу эле кошулабыз. Аялыма жакындасам эле көңүлү түшүп, кабагы бүркөлөт. Бул эмнеси?

Адистер эмне дейт

Психолог Алла Клевакованын айтымында каалоо – туруктуу эмес субстанция. Алсак, мамиленин башында өнөктөштөр бири-бирин абдан катуу каалайт. Ошентсе да, бул туруктуу болушу мүмкүн эмес жана өмүр бою бир эле деңгээлде сакталбайт:

«Чогуу жашаган убакта, мисалы, 2-3 жыл өткөндөн кийин каалоо начарлап, кээде өнөктөштөрдүн бирөөсүндө таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн. Бул табигый көрүнүш. Мындай нерседен корккон өнөктөштөрдүн белгилүү бир тиби, кайрадан каалоо сезиминин даамын татып көрүү үчүн башка өнөктөш издей баштайт. Бирок, бул маселени чечпейт».

Психологдун айтымында кризисти жоюп, жоголгон каалоону калыбына келтирүүдө маанилүү ролду — сүйүү ойнойт. Сүйүүгө таянган өнөктөштөрдө үмүт пайда болот. Дал ушул үмүт, бул өмүр бою өзгөрбөйт деген ойлордон алыстатып, каалоо төмөндөгөн мезгилди аман-эсен баштан өткөрүүгө жардам берет.

«Жуптардын ортосундагы мамилени бузган аспектилердин бири — бийлик үчүн күрөш. Жубайлардын бирөөсү ар кандай жолдор менен үстөмдүк кылууга умутулат: күч, басынтуу, шантаж же көзөмөлдөө менен. Мисалы, “Эгер биз чогуу боло турган болсок сен мен үчүн буларды жасашың керек. Анткени сен аялсың же эркесиң” дегендей. Булардын баары ортодогу мамилени бузат, каалоону төмөндөтөт, бирөөгө жамандык кылууга түртөт. Каалооң төмөндөп, колдоого муктаж болуп турсаң, ал эми жаныңдагы адамың душман болсо, анан эмне кылуу керек?» — дейт Алла. 

Психолог практикалык сунуштарга токтолуп,  “басаңдатуу”, башкача айтканжа жайыраак кыймылдоо техникасын айтып берди.

«Бир адам менен көп убакыт жашаганда көнүмүш адаттар көбөйөт. Чогуу тамактанып жаткыныбыз менен колубузда телефон, нан берип коюшун сураганыбыз менен көзүбүз телевизордо, мындайча айтканда жаныбызда олтурган адамды байкабайбыз. Жыныстык катнашта, сылап-сыйпоодо, эркелетүүдө дагы ушундай. Көнүмүш адат боюнча кошулабыз, кучакташабыз, монтондуу жашоого сүңгүп кирип кетебиз».

«Кылган аракеттерге аң сезимдүү мамиле жасап, жаныңдагы адамдын сезимдерин терең тую менен каалоону жандантса болот. Бул үчүн иш-аракеттерди басаңдатуу, жайлатуу керек. Денесине колуң тийгенде, акырын, назиктик менен сылап, көзүнө карап дегендей. Мамиледеги кыйынчылыктарды жеңүү жубайлардын экөөнүн тең иши. Албетте, баары сен каалагандай болуш үчүн өнөктөшүңө сыйкырдуу дары берип коюну каалайсың. Бирок, бул жерде бири-бирин табалаган душман эмес, союздаш болуу өтө маанилүү», — экенин психолог баса белгиледи. 

Психотерапевт жана сексолог Илья Комаровер айымдардын төшөктөгү муздактыгы тууралуу айтып берди.

Айымдардын муздактыгы тубаса эмес, кийин пайда болгон нерсе. Мындайча айтканда, фригиддүүлүк күткөн кумар алуу менен реалдуулуктагы кумар алуунун дал келбөөсү. Сиз каалаган кумарды өңөктөшүңүз бере албайт же бергиси, үйрөнгүсү келбейт. Бул абдан өкүнүчтүү. 

Көп учурда аял кумар албаганын күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн көңүлү үчүн жашырып коет. Мунун аягы сүйүү сезиминин жок болушуна алып келет.

Фригиддүүлүктө унчукпай койгон болбойт!

Эгерде силер бири-бириңерди сүйсөңөр, анда ортодо жашыра турган эч нерсе болбошу зарыл. Аял менен күйөө биринчи кезекте дос болот. Аял канткенде дүүлүгөт, кандай учурда кумар алат, эрогендик зоналары кайда экенин айтып бериши керек. Эгерде эркек аялын барктабаса, аны өзүнө ыктабаса же аял ыктагысы келбесе анда мындай үй-бүлөнүн пайдубалы бат урайт. Жубайлардын ортосунда интим туралуу ачык сүйлөшүүнүн жоктугунан көптөгөн көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр келип чыгат.

Интернеттен маалымат алуунун кереги жок. Ал жакта ыплас нерселер көп. Көйгөйдү адиске кайрылуу менен бир заматта чечип алса болот.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Дарбыз тандаганды билесизби? Тесттен өтүп көрүңүз

Дарбыз тандаганды билесизби? Тесттен өтүп көрүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.