AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кечээ классташ балдар менен жолугуп мончого бардык. Жуунуп бүтүп, шишкебек жеп сүйлөшүп отурдук. Көптөн бери көрүшө элек болчубуз, айта турган сөздөр толуп  кетиптир.

Ар кимдин көйгөйү чачтан көп. Машина, кредит же жумуш, баарын талкуулап бүтүп, кезек аялдарыбызга жетти. Так ошол маалда Докеге келинчеги чалып калды.

— Эмне эле болуп жатасың? Барам дедим го!

— …

— Келсе эмне экен? Тамак жасап берип жиберип кой.

— …

— Болду! Башты оорутпачы!

Трубканы коюп койду. Бизди карап, “ушу катын тажатты”,-деп кружкадагы сырасын куртулдатып жутуп жиберди.

— Чын, достор, аялымды кааалабай калдым. “Скучно!”. Эски халат кийип алып жүрө берет. Анан айла жок башканы карайсың да. Туурабы?

— Туура. Анан көңүл бурбайсың деп таарынышат.

— Ооба, баарына өздөрү күнөөлүү.

Бул болбогон кептерди уккум келген жок. Жеп жаткан балыгымды столго коюп, шашпай оозумду сүрттүм.

— Достор силердики туура эмес?

— Эмне дейсиң?

— Ваай, “подкаблучник” болуп калган жоксуңбу деги.

— Жок. Угуп турсаңар.

— Иий, айт угалы.

Ордуман турдум. Баарына бир сыйра көз жүгүртүп чыктым.

— Аялдар козгошу үчүн, биринчи бизди каалашы керек. Ойлоп көрсөңөр, биз козгой тургандай эркекпизби? Телефон же машина чукулаганга убакыт табабыз, ал эми келинчегибизге жок. Айтсаңар, качан акыркы ирет телевизорго, смартфонго же унааңарга алаксыбай аялыңарга убакыт бөлдүңөр эле? Мен кафега алып баруу же көйнөк сатып берүү жөнүндө эмес, анын көзүнө карап, кучактап, эркелетип, ыраазылык билдирүү жөнүндө айтып жатам. Эстей албай жатасыңарбы?

Ушунча жыл жашадык, бирок, аялыбыздын көзүнө караганга убакыт таба алган жокпуз. Аны каалабай калдык деп, башкаларга көз салып жатабыз. Өзүбүз төшөктө аялыбызды таң калтырдык беле? Албетте жок, ишибизди бүтүргөндөн кийин болду да.

Ал эми байкуш келинчектерибиз бизди аяп, «ушунун көңүлү түшүп калбасын»,-деп, калп эле онтолоп, оргазм алымыш болушат. А биз мунун ордуна аларга эмне бердик? Претензия кылгандан башка эч нерсе билбейбиз.

Аялдардын эски халат кийип, өзүнө карабай калышына, мына биз, тактап айтканда кайдыгерлигибиз күнөөлүү!

Билесиңерби жигиттер, минтип жүрө берсек, аялдарыбызды көзүнө караган, колун кармап кучагына кыса алган, аны шыктандырган башка бир эркек илип кетет. А биз чоң курсагыбызды кучактап кала беребиз. Бул чындык.

— Мунун баарын кайдан билесиң?

— Келинчегимди башка бирөөгө алдырып жибергем.

— Эмне?

— Ооба, көзүнө караган эмесмин, ар дайым даттанып, күнөөнү ага койгом, эркелетпегем, белек бербегем, айткандарын укпагам, ыраазы болбогом, аялга жылуу-жумшак мамиле керек экенин билбегем. Анан аялым бир келген өмүрүн мендей акылсызга коротуп жүрө берген жаны жок куурчак беле? 

“Кой, кеч болуп кетти, туралы”,-деп Доке кийине баштады.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

«Төрт балалуу аялды келин кылбайм» деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Белгилер: Окурман баяны
SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.