AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялыма гүл бергенден уялам. Жаш күйөөнүн баяны

Аялыма гүл бергенден уялам. Жаш күйөөнүн баяны

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.2k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет аялына гүл бергенден уялган жаш күйөөнүн турмушу баяндалат.

Салам bilesinbi.kg! Силер менен өз окуямды бөлүшүүнү туура көрдүм. Балким баянымды окугандан кийин айрым эркектер ойлонуп калышаар. 

Атам апама бир да жолу белек берген эмес

26 жаштамын. Келинчегим менен 4 ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бир уулубуз бар. Жашообуз жакшы. Болгону мен романтик эмесмин.

Өзүм 3 бир тууганмын. Байкем менен карындашым бар. Атам аскер адамы. Кичинебизден катуу тартипте чоңойдук. Бир да жолу апама белек бергенин көргөн эмесмин.

Атамдай муздак адам болуп бой жеттим. Аскерге барып кызмат өтөп келдим. Кыздардын аркасынан чуркап, сүйгөнүнө жете албай кыйналып жүргөн эркектерди көрсөм ачууланам. Досторум тамашалап, «сага кийин робот аял эле чыдабаса»,- деп күлүп калышаар эле.

Баары Нуржамалды жолуктурганда өзгөрдү

Соода компаниясында юрист болуп иштейм. Жаңы жыл, корпоратив. Кече ортолоп калганда, бир күлкү көңүлүмдү бурду. Бурулуп карасам 5-6 кыз телефондон бир нерсе көрүп, каткырып жатышыптыр. Арасында менин келинчегим бар экен. Көздөрүбүз чагылып кетти. Социалдык тармактан издеп таап, кат жаздым. Бат эле тил табышып кеттик. 

«Мага бир да жолу гүл бере элексиң. Мени сүйбөйсүңбү?» — деп калса, эркек деген кандай болоору жөнүндө лекция окуп кутулуп кетээр элем. 

Баш коштук. 8-мартта, сүйүшкөндөр күнүндө бир нерсе үмүт этет. А мен дайым үйүмө кур барам. Гүл саткан дүкөнгө канча ирет кирүүгө аракет кылдым. Бирок гүл көтөргөндөн уялам, аны кантип беришти билбейм. Деги койчу, аялыма белек бергенден тартынам.

Убакыт өтүп уулду болдук. Нуртилегим мени өзгөртүп, муздак жүрөгүмдү жумшарты. Балдарыма атамдай кылып катуу тарбия берем дечү элем. Андай болбоду. Баламды тиктеп эле жата берем. 

Ал күн дале эсимде

Компьютерде бир нерселерди жазып жаткам. Нуржамал бала эмизип кино көрүп олтурган. Актер жубайына гүл берип айлантып жатат. Байкатпай келинчегимди карасам, акырын жылмайып, агып келаткан көз жашын сүртүп койду. Билбейм, ичим бир нерсе болуп, өзүмдү жек көрүп кеттим.

Жумуштан чыгып, гүл саткан дүкөнгө кирип 101 роза сатып алдым. Нуржамал эшикте кир жууп жүрүптүр. Кучак толо гүл менен кирип барсам, таң калып туруп калды. «Мен сени сүйөм», — деп гүлдү узатсам шолоктоп ыйлап кирди. Бакыттын ыйы экенин билдим. 

Күн сайын жумуштан келсем маанайы ачык.

Розаларды соолутпай эки ай бапестеп бакты. Бир күнү куурап бараткандарын көрүп кейип жатыптыр, жанына барып, «Жаным, дүйнөдө гүлдүн 200 000 миңдей түрү бар, мен сага анын бирөөсүн эле бердим. Дагы 199 999 калды» , — десем, кучактап дагы ыйлап кирди.

Урматтуу эркектер, жубайларыбыздан жакшы сөздү аябайлычы! Кичинекей белек берип көңүлүн алгандан эринбейличи! Көздөрүндөгү нурду өчүрбөйлүчү! Ишенип койгула, бактылуу аял менен жашаган алда канча кызыктуу.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.3k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
"Ништяк"

"Ништяк", "ничего себе" деген сөздөрдүн кыргызчасын билесизби? Тесттен өтүңүз

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.