AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
AI News
Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
Аялдын нааразы боло бергени үй-бүлөгө кандай таасирин тийгизет?

Аялдын нааразы боло бергени үй-бүлөгө кандай таасирин тийгизет?

17 ноября, 2025
Окуу убактысы: 1 мин окуу
585
БӨЛҮШТҮ
3.3k
КАРООЛОР
ChatGPT бул макала боюнча эмне дейт?Facebook бөлүшүү

Жаңыдан таанышкан жаштар өздөрүнүн эң мыкты сапаттарын көрсөтүп, өнөктөшүнө жагууга аракет кылышат. Баш кошкондон кийин да эч нерсе өзгөрбөйт, ушу бойдон калат, деген жаңылыш пикирде болушат. Бирок жаштар баш кошкондо эмне өзгөрөт?

Бул суроого психолог Эльвира Чокоева жооп берди.

Алгачкы эки жылда жубайлар үчүн бардыгы биринчи ирет, анан жаңыдан болуп жатканы үчүн көпчүлүк көйгөйлөр “спальныйда” чечилет. Бирок бул өмүр бою созула бербейт.

Күнүмдүк тиричилик, үй жумуштары, балдардын төрөлүшү жана башка маселелер жубайлардын көңүлүн ээлеп алат. Эң кызыгы, жаш келин ар дайым жылмайып турган, назик, жумшак кыздан, эч нерсени жактырбаган, ар дайым нааразы болгон, тажаал катынга айланат.

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Албетте, балдардын төрөлүшу жылдардын өтүшү аялдын келбетине өз таасирин калтырат. Бирок анын сырткы келбети эле эмес, ички жан дүйнөсү да өзгөрөт.

Психологго кайрылган эркектер төмөнкү нерселерге нааразы экенин айтышат:

  1. Эч нерсени жактырбаган кебете

Эмне кылбагын, бардык иштин жаман жагын таап алат. Канчалык аракет кылсаң да жактырбайт. Эч качан ыраазычылык билдирип, рахмат — деп айтпайт. Күйөөсүнүн жасагандарын анын милдети катары кабыл алат.

  1. Башка эркектер менен салыштырат

Кошунабыз машине сатып алыптыр, баланча жакшы табат экен, түкүнчө аялына жаңы өтүк алып бериптир ж.б. Эркектер мындай салыштырууну кемсинтүү катары кабыл алышат. Өзүнө болгон ишеними жоголот. Жубайы, үй-бүлөсү үчүн бир нерсе жасагысы келбей калат.

Башкалар үчүн ыңгайлуу аялдын 7 белгиси. Сиз да ушундайсызбы?
  1. Тетири ситуация

Ошол эле учурда тетири ситуация да болушу мүмкүн. Эркек келинчегин кубандыргысы келет. Мисалы: “Өзүңө бир жакшы пальто сатып алчы”, — десе “Ой, жок ай. Каяктагы пальто? Андан көрө уйга чөп алып коюшубуз керек, же балдарга бир нерсе алып алалы, же үйдүн ремонту бүтсүн анан” ж.б. Акыры күйөөсү аялына эч нерсе сунуштабай калат.

  1. Өзүн карабай калды

Башын да жууп албайт, ар дайым өңү өчкөн эски халат менен жүрө берет – деп нааразы болгон мырзалар да бар. Күнүгө чарчаган, жүдөгөн, кабагы ачылбаган аялын көрө берип, акыры аны сүйүктүүсү эмес, балдарынын апасы катары кабыл алып калат. Ага болгон сексуалдык кызыгуусу да жоголот.

Урматтуу айымдар, күйөөңүздү мактап, ыраазычылык билдирүүдөн тажабаңыз. Жылуу сөз ызгардуу кышта жүрөктү эргитет, дем күч берип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө себеп болот.

Бактылуу болгула!

 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

SummarizeБөлүшүштү234

Жаңы макалалар

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

Кыргызстанда популярдуу жана натыйжалуу каражат топтоо ыкмалары

12 ноября, 2024
3.5k

31-октябрда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө тарыхына быйыл 100 жыл толду. Бул күнүнүн максаты – калктын...

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү түзүү

17 ноября, 2025
3.3k

Мектептеги буллинг өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун эң кеңири тараган түрлөрүнүн бири. "Мектеп курагындагы балдардын ден соолук жүрүм-туруму" изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда сурамжылоого алынган мектеп окуучуларынын 31,8% буллингге кабылган, ал эми...

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер

17 ноября, 2025
3.3k

Буллинг балдар жана өспүрүмдөрдүн жашоосунда кездешчү нерсе. Анын бар болушу чоңдордун бул көйгөйдү толук чечүүгө кудуретсиз экенин көрсөтөт. Маселени чечүү жолу - баланын толук кандуу болуп өнүгүшүн камсыздай...

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

17 ноября, 2025
3.3k

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт...

Кийинки макала
Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

Классташым менден башка эки кызга валентинка бергенин угуп ыйлагам

Билесиңби.kg

«Билесиңби»-жаштардын эң мыкты маалымат долбоору. Биз дени-сак жана билимдүү улуттун өсүшүнө салымыбызды кошуп, жаштардын ата-энеси жана тели-теңтуштары менен болгон мамилесин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Алардын келечектеги ийгилигине жол көрсөтүп, үй-бүлө курууда, билим алуудагы бийиктиктерди багынтууга, мыкты карьера жасашына жардам бере алаарыбызга терең ишенебиз.

Бизге катталыңыз

Жаңы макалалар

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

Канткенде кызыңызды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргой аласыз?

17 ноября, 2025
3.3k
"Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз". Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

«Балага анын күнөөсү жок экенин айтыңыз». Ажырашууну чечкен жубайларга кеңеш

17 ноября, 2025
3.3k

E-mail таратууга жазылыңыз

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.

Жыйынтык жок
Баардык жыйынтыктарды көрүү
  • Башкы бет
  • Ата-Энелерге
  • Карьера
  • Лайфстайл
  • Окурман баяны
  • Ден-Соолук
  • Укугуңду бил

© 2025 Bilesinbi.kg - with ❤️ ATOM.